Этсако

Википедия дан

ЭтсакоНигериянын түштүгүндө жашаган эл.
Саны 274 миң адам (1995).

Тил

Этсако тили бенуэ-конго уясынын эдо бутагына кирет.

Дин

Көпчүлүк мусулмандар (сүннөттөр). Калгандары жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат.

Чарбалык иштер

Кол менен иштетилген жер чарбасы (ямс, жүгөрү ж.б.). Малчылык (майда мүйүздүү мал, үй канаттуулар). Аңчылык. Балык уулоо.

Кол өнөрчүлүк

Кол өнөрчүлүктүн ичинен темир устачылык, токуучулук, жыгачтан оюучулук өнүккөн.

Коом

Коомчулук эки тараптуу туугандык мамиледеги көп балалуу үй-бүлөлөрдөн турат. Нике вири- жана уксорилокалдык да болот. Көп сандаган ар кандай нике ырымдары бар. Курактуу класстарынын системасы маанилүү роль ойнойт.

Кийим

Денеге оролгон ак же ак-көк кездеме. Азыр европалык костюмдун элементтери менен.

Турак жай

Жолдордун боюнда жайгашкан сызыктуу типтеги калктуу конуштар.
Мүлк тик бурчтуу, периметри боюнча үч тараптан жайгашкан турак-жай жана коммуналдык имараттардан турат.
Салттуу турак жай тик бурчтуу, бир же эки кабаттуу, көбүнчө көп камералуу, кээде верандалуу. Дубалдары чопо менен капталган мамылардан, чатыры эки же төрт бурчтуу, пальма жалбырактарынан, саман же чөптөн жасалган.

Тарых

Этсако уруулары (9 уруу) азыркы Бенинден көчүп келген. Аларга йорубалар таасирин тийгизген.
Нупе 19-кылымдын экинчи жарымында басып алган. Нупе элинен Ислам динин кабыл алышкан.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бондаренко Д.М. Этсако // Народы и религии мира / Глав. ред. В. А. Тишков. М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://travel-journal.ru/ethno/57/907/(жеткиликсиз шилтеме)