Эшматов, Улан Алымкул уулу

Википедия дан

Эшматов, Улан Алымкул уулу (1973-жылы 8-июнда туулган) - кыргыздын журналисти жана публицисти.

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улан Эшматов Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Ынтымак айылында туулган.

Бул айыл мурда Ленинпол районуна караштуу Калинин колхозуна карачу. 1990-жылы орто мектепти айылында аяктаган. 1990-1995-жылдары Кыргыз Улуттук Университетинин журналистика факультетинде таалим алган. 1993-95-жылдары "Кут билим" гезитинде эмгектенди. 1995-жылдын февралынан бери "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы болуп иштеди. 2001-жылдын декабрынан бери "Азаттыктын" Прага шаарындагы баш кеӊсесинде кызматкер.

Уулу Айдар Улан футбол жаатында машыгууда.

Макалалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]