Эң кичине жалпы бөлүнүүчү

Википедия дан

Эң кичине жалпы бөлүнүүчү - берилген эки же бир нече натуралдык сандарынын ар бирине бөлүнүүчү эң кичине он сан.

Мис., 2, 3 жана 4; сандарынын Эң кичине жалпы бөлүнүүчүсү - 12. Кыскартылып берилиши - ЭКЖБ. Э. к. ж. б. жөнөкөй бөлчөктөрдү кошууда жана кемитүүдө алардын жалпы орток бөлүмүн табуу үчүн колдонулат. Бир нече сандардын Эң кичине жалпы бөлүнүүчүсүн табуу үчүн алардын ар бирин жөнөкөй көбөйтүүчүлөргө ажыратып, жалпы көбөйтүүчүлөрдүн эң жогорку даражаларынан турган көбөйтүндү түзүлөт. Мис., (6; 28; -15) сандарынын Эң кичине жалпы бөлүнүүчү -420. Анткени 6=2-3; 28=22-7; 15=3-5. Анда 22-7-3-5=420.

Эң кичине жалпы бөлүнүүчү көп мүчөлөргө да колдонулат. Бир нече көп мүчөнүн Эң кичине жалпы бөлүнүүчү деп берилген көп мүчөлөргө бөлүнө турган эң төмөнкү даражадагы көп мүчө аталат. х2-2; х2+2х+4 көп мүчөлөрүнүн Эң кичине жалпы бөлүнүүчүсү - х3-8.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4