Үшүккө алдыруу

Википедия дан
Үшүккө алдыруунун 2-даражасы

Үшүккө алдыруу — сууктун таасиринен дене тканынын жабыркашы.
Үшүккө алдыруу аба ырайынын ызгаардуу суугунда гана эмес, нөлгө жакын температурада да болушу ыктымал (өтө ным жерде узак убакыт болсо). Үшүккө алдырууга шамал, нымдуу аба, ным жана тар кийим, мээлей, мас абалында болуу, организмдин начарлашы түрткү берет. Көбүнчө кол-буттун манжаларын, мурун, кулакты үшүк алат.

Даражалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үшүк алуу: 1бут кетменинин II, III жана IV даражадагы үшүгү; 2баш бармактын III даражадагы үшүгү; 3 бут кетменинин IV даражадагы үшүгү; 4- үшүк алуунун IV даражасында кургак гангрена жана өлүк ткандын түшүү стадиясы.

Үшүккө алдыруу 4 даражага бөлүнөт:

  • биринчи даражасында тери кубарып, эч нерсе сезбей, ал жер шишимик тартып, ооруйт жана кычышат; жылыгандан кийин жапа чеккен жер көгөрөт, анан шишийт, бир аздан кийин тери түлөйт, 2—3 күндөн кийин айыгып кетет.
  • Экинчисинде жогоркудай эле белгилер байкалып, бир канча убакыттан кийин суу толгон ыйлаакчалар пайда болот; 10—12 күндөн кийин кургап, 2—3 жумага созулуп барып айыгат.
  • Үчүнчүсүндө кан аралаш суюктук толгон ыйлаакчалар пайда болот, бир нече суткадан кийин алардын орду жансызданып, анан жарылып тырык катат. * Төртүнчүсүндө бардык жумшак ткандар, кээде сөөк ткандары да жансызданат (өлөт).

Чаралар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үшүккө алдырган адамды дароо жылуу бөлмөгө (температурасы 18—20°С) киргизип, жылыткыч коюп, ысык чай же кофе ичирүү керек. Үшүгөн колун, бутун жылуу сууга (температурасы 37° — 40°С) малып, тери кызарганча жана сезгичтиги калыбына келгенче сүртүп, анан таңып коёт. Үшүгөн жерди муз же кар менен сүртүүгө болбойт. Эгер үшүгөндөн кийин бир топ убакыт өтүп кетип, ыйлаакча пайда болсо, аны жылуулап таңып, врачка кайрылуу керек. Эгер кол же буттун көп жери, ошондой эле жалпы организм үшүсө ваннага түшкөн оң (37°Сден жогору эмес). Ваннанын ордуна денени арак же одеколон менен сүртүп, бүт денени укалап, жылыткыч коюп, ысык чай же кофе берсе да болот. Эгер дененин көп жерин үшүк алса же анын үчүнчү жана төртүнчү даражасы болсо, ошондой эле жалпы үшүп калса биринчи жардам көрсөтүп, жабыркаган адамды мүмкүн болушунча тез медициналык мекемеге жеткирүү зарыл. Үшүккө алдырган же өтө үшүп калган организм көпкө чейин суукка байымсыз болуп калат. Ошондуктан кайрадан суукка алдырбоо үчүн суук күндөрү жылуу кийинип, . сыз өтпөгөн бут кийим, жүн байпак жана башкалар кийүү сунуш кылынат.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үшүккө алдыруунун алдын алууда денени чыңдоонун мааниси чоң.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8