Өлөңчөп сымалдар

Википедия дан
Triglochin palustris.

Өлөңчөп сымалдар (саздакчылар) (лат. Juncaginaceae) – бир же көп жылдык, түксүз, көбүнчөсү сазда өсүүчү чөп. Жалбырагы тасмадай, тамыр моюнчасына топтолгон, түп жагы жалбырак кучактуу. Топ гүлү машакчадай же шыпыргыдай, алар чоку гүлдүү. Гүлү майда жашыл, эки жыныстуу, топ түзүлүштүү. Аталыгы 6, энелиги 6, экиден биригип өсөт. Ар бир энелик экиден урук-бүчүрлүү.

Мөмөсү – данча, эки уруктуу. Жер жүзүндө 10 ашуун уруунун 50 түрү Евразияда, Түндүк Америкада таралган. Кыргызстанда Ө. с-дын бир уруусу (Triglochin), анын эки түрү өрөөндөн тартып бийик токойдогу сазда, булак, суу боюнда өсөт. Бодо малга жакшы тоют, бирок айрым адабият маалыматтарга караганда, кээ бир түрүндө уу гликозид бар болгондуктан малды өлүмгө учуратат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]