Өнөров Мамат
Өнөров Мамат 1934-жылы Сузак районунун Багыш айылында туулган.
- 1949-жылы Багыш мектебинен жетинчи классты мактоо баракчасы менен, 1952-жылы Көк-Арт орто мектебин эң жакшы баалар менен аяктаган.
- Жалал-Абад областты боюнча эң жакшы окуган балдарды тандоо экзаменинен өткөн 15 баланын бири болгон.
- 1957-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин математика факультетин аяктап, эмгек жолун Багыш орто мектебинде мугалим болуп иштеп баштаган.
- 1959-1971-жылдары Багыш орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, Катыраңкы айылындагы Горький атындагы орто мектептин директору болуп иштеген.
- 1971-жылы Архангел айыл өкмөтүнө төрага болуп шайланып, 1980-жылга чейин төрага болуп эмгектенет.
- 1973-жылы “Жигули” автомашинасы менен сыйланган.
- 1980-1994-жылдары Сузак СПТУ №36да тарбиячы мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, чарба боюнча директордун орун басары, Ломоносов мектебинде математика мугалими болуп эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан.
- “Эл агартуунун отличниги” наамын алган, “Эмгек ардагери” медалы менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3