Жалал-Абад облусу

Wikipedia дан
(Жалал-Абад областы барагынан багытталды)

Окуу жайлар[оңдоо]

- Жалал-Абад мамлекеттик университети

- Жалал-Абад медицина окуу жайы

- Кыргызстан эл аралык университети Жалал-Абад институту

- Экономика жана ишкердик Университети

- Жалал-Абад маданият техникуму

- Жалал-Абад педагогика окуу жайы

Арстанбап шаркыратмалары[оңдоо]

Waterfall

Арстанбап шаркыратмалары. Бабашата кырка тоосундагы Арстанбап ( караүңкүрдүн оң куймасы) суусунда. Арстанбап кыштагына жакын, тоонун этек жагындагытик аскадан агып түшөт. Мында эки( Чоң жана Кичи Арстанбап) шаркыратма бар. Чоң шаркыратманын бийиктиги 80м дей , үч баскычтан турат. Суу аскада эки жак бети жалама зоолуу кууш шаңшаар пайда кылат. Кооздугу жагынан айрыкча кичи шаркыратма көңүлдү бурат. бийктиги 20м дей. Чачыраган майда суу тамчылары күн нуруна чагылышып, көк желе пайда кылат. Аскалардын бети жашыл энилчектер менен капталган.Ал шаркыратма айланасындагы табигый кооздуктун ( мөмө-жемиш токою ж. б. ) көркүнө көрк кошуп турат. Мурунку убакта шаркыратмалар, айрыкча кичинеси динчилердин зыярат кылган ыйык жери болсо, азыр туристтердин, эс алуучулардын суйгөн жайына айланган.

Арстанбап айыл өкмөтү[оңдоо]

Arstanbap

Базар-коргон районундагы администрациялык аймактык бирдик. Бабашата тоосунун түш.-чыгыш этегинде, Арстанбап өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1400-2000м бийиктикте жайгашкан.Түндүгүнөн Токтогул району, чыгышынан Кызылүңкүр , батышынан Талдыбулак айыл өкмөттөрү жана Ноокен району, түштүгүнөн могол айылы менен чектешет. Райондун борбору Базаркоргон кыштагынан 53км, Жалал-Абад темир жол бекетинен 87км аралыкта. Ага Арстанбап, Белтерек, Гүмкана, Жайтерек, Жарадар, Дашман кыштыктары карайт. Борбору- Арстанбап кыштагы. Аймагында Арстапбапата токой чарбасы жайгашкан. Жеринин жалпы аянты 25048га. Калкы 13830 (2001); негизги чарбасы токойчулук (жаңгак,алма , алча ж.м мөмө-жемиш жыйноо), эле дыйканчылык , мал чарбалары. Айыл өкмөтүндө 5 орто мектеп , 2 бала бакча, оорукана, 3 фельдшер-акушердик пункт, 2 маданият үйү, клуб,3 мончо , 2 байланыш бөлүмү, а.ч сырьёсунун кайра иштетүүчү 24 ишкана бар. Айыл өкмөтүндөгү суу куурунун жалпы уз.7км, ички автомобиль жолунун узундугу 65км.

Караалма токой чарбасы[оңдоо]

Karaalma


Karaalma1

Караалма токой чарбасы (кеңсеси Сузак районундагы Караалма кыштагында) 1945-ж. токой-мөмө жемиш заказниги катары Сузак районунун аймагында уюлушкан. 1948-ж. ал «Саты» жаңгак совхозу менен биригип , Караалма токой чарбасы болуп түзүлгөн. Аймагы деңиз деңгээлинен 700-300 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 4.6 км2. Токой чарбанын түн.-бөлүгүндө Согонташ, түн.-чыгышында Акташ тооолору жайгашкан. Чарбанын аймагы аркылуу Көгарттын куймалары – Караалма, Үрүмбаш, Кызыл-суу суулары агат. Токой чарбанын негизги максаты – анын аймагында өскөн жаңгак-мөмө-жемиш токоюн жана ал токойдогу мекенндеген жаныбарларды сактоо жана сарамжалуу пайдалануу. Чарбанын аймагында жапайы жаңгак, алма, алча, ак чечек, бадам, мисте, шилби, карагат, катмы жаңгак жана башка өcөт. Анда аюу, түлкү, карышкыр, кашкулак, каман, элик, аскаларда кийик, илбирс мекендейт; түрдүү куштарга бай. Караалма токой чарбасы Караалма (аянты 10084 га), Үрүмбаш (10581 га), Көгарт (13518 га), Жергетал (741 га), Көкжаңгак (1220 га), Сузак (4428 га) токойчулуктарга бөлүнөт. Табияты жөнүндө к. Каралма өрөөнү макаласын.Караалма токой чарбасы (кеңсеси Сузак районундагы Караалма кыштагында) 1945-ж. токой-мөмө жемиш заказниги катары Сузак районунун аймагында уюлушкан. 1948-ж. ал «Саты» жаңгак совхозу менен биригип , Караалма токой чарбасы болуп түзлгөн. Аймагы деңиз деңгээлинен 700-300 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 〖4.6 км〗^2. Токой чарбанын түн.-бөлүгүндө Согонташ, түн.-чыгышында Акташ тооолору жайгашкан. Чарбанын аймагы аркылуу Көгарттын куймалары – Караалма, Үрүмбаш, Кызыл-суу суулары агат. Токой чарбанын негизги максаты – анын аймагында өскөн жаңгак-мөмө-жемиш токоюн жана ал токойдогу мекенндеген жаныбарларды сактоо жана сарамжалуу пайдалануу. Чарбанын аймагында жапайы жаңгак, алма, алча, ак чечек, бадам, мисте, шилби, карагат, катмы жаңгак жана башка өсөт. Анда аюу, түлк, карышкыр, кашкулак, каман, элик, аскаларда кийик, илбирс мекендейт; түрдүү куштарга бай. Караалма токой чарбасы Кара-Алма (аянты 10084 га), Үрүмбаш (10581 га), Көгарт (13518 га), Жергетал (741 га), Көкжаңгак (1220 га), Сузак (4428 га) токойчулуктарга бөлүнөт. Табияты жөнүндө к. Караалма өрөөнү макаласы

Жалал-Абад облусттук мамлекетик администрациясы[оңдоо]

Zhalal-Abad Administration

облустук мамлекеттик бийлик органы. 1991-ж уюшулган. Кыргыз респ. конституциясынын, мыйзамдарынын, президенттин указдары менен буйруктарынын Өкмөттүн токтомдорунун, Жогорку кеңештин палаталарынын чечимдеринин негизинде иш жүргүзүлөт. Мамлекеттин социалдык-экономика саясатын ишке ашырат.; облусттун аймагында мамлекеттик жана коомдук тартипти көзөмөлдөйт; мал чарбасын өнүктүрөт; облустун негизги тармагы болгон дыйканчылыкты өркүндөтөт. биргелешкен ишканаларды, кызматтарды түзүү жолу менен облустун экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кенейтет.Жалалабат облусун админ башчысы- губернатор жететктейт. Аксы, Алабука, Базаркоргон, Ноокен, Сузак , Токтогул, Тогузторо, Чаткал райондук администрациялары Кракол, Ташкомур, Майлысуу, Жалалабат шаарларынын мериялары баш ийет.

Шилтемелер[оңдоо]


Жалал-Абад областы
Жалал-Абад областы
Негизделген: 1939
Борбору: Жалал-Абад шаары
Аянты: 33,7 миң км²
Калкы: 920,6 миң адам
Административдик бөлүүнүсү: 6 шаар, 8 район
Кыргызстандын акимий бөлүүнүсү Кыргызстандын желеги
Областар: Баткен областы | Жалалабат областы | Ысык-Көл областы | Нарын областы | Ош областы | Талас областы | Чүй областы
Шаарлар: Бишкек | Ош (шаар)