Өпкө чабышуу

Википедия дан

Өпкө чабышууулуттук оюндардын байыркыдан калган түрү. Ал аш-тойлордо ойнолгон. Оюндун тартиби төмөнкүдөй: Эки тараптан эки таз кишиге мыкты аттарды мингизип, бөктөрүнчөк байлап, жылаңбаштанып, камчы ордуна ашка же тойго союлган жылкылардын өпкөсүн кекиртеги менен колдоруна берип, коштоочулар коштоп келип, беттештирет. Таздар эки үч жолу чабышкандан кийин эле жумшак өпкө үзүлүп түшүп колдорунда кекиртеги калат. Бүтүн кекиртек да камчыдан катуу жана чыдамдуу болот. Тегерене өмгөктөтүп, кекиртек менен чапкылаганга чейин чыдай албай башын калкалап, аттан түшө качкан таз жеңилип, мөрөй шамдагай, өжөр, эр жүрөк жана минген аты мыктыныкы болот. «Манас» эпосто бул оюн Көкөтөйдүн ашында ойнолот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4