12 жыл кулчулукта

Википедия дан

"12 жыл кулчулукта" (англ. 12 Years a Slave, орус. 12 лет рабства) - 2013-жылы тартылган жана Соломон Норзаптын 1853-жылкы кыска биографиясын сүрөттөгөн "Он эки жыл кулчулукта" чыгармасынын адаптацияланышы. Чыгарма Нью-Йорк штатында эркин төрөлгөн афро-америкалык адамдын 1841-жылы Вашингтон шаарынан уурдалып, кулчулукка сатылып кеткендигин баяндайт. Норзап эркиндикке чыкканга чейин Лузиана штатында 12 жыл боюнча талааларда кул болуп иштеген.

Тасманы Стив Маккуин тарткан. Тасманын сценарийин Жон Ридлей жазган. Чиветел Эжиофор башкы (Соломон Норзап) ролду аткарган. Экинчи пландагы актёрлор: Майкл Фасбендер, Бенедикт Кэмбербетч, Пол Жиматти, Лупита Ньюоңго, Сара Поулсон, Бред Питт, Альфре Вуударт. Тасманы тартуу иштери негизинен Нью-Орлеан, Лузиана штаттарында 2012-жылдын 27-июнунан- 13- августуна чейин сүргөн.

"12 жыл кулчулукта" дүйнө жүзү боюнча сын-пикирлерге кабыл болуп, бир нече медиа берүүлөрү тарабынан 2013-жылдын мыкты тасмасы деген наамга ээ болгон. Тартуу иштери үчүн 22 миллион АКШ долларын сарптаган тасма 187 миллион АКШ доллардык кирешени табуу менен кирешелүү тасмалардын бири болгон. Тасма Оскардын үч сыйлыгын утуп алган: "Мыкты тасма", "Мыкты экинчи пландагы актриса"(Ньюоңго) жана "Мыкты адаптацияланган сценарий"(Ридлей). Маккуин "Мыкты тасма" үчүн сыйлык утуп алган алгачкы кара терилүү продюсер жана "Мыкты тасманы" тарткан алгачкы кара терилүү режиссёр аталган. Тасма "Мыкты тасма" категориясында Алтын Глобус сыйлыгын утуп алган. Ошондой эле, Британия кино жана телекөрсөтүү сыйлык тапшыруу аземинде , тасма "Мыкты тасма" жана Эжиофор "Мыкты актёр" наамдарына ээ болушкан.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]