19-ноябрь
Wikipedia дан
| Октябрь – Ноябрь – Декабрь | ||||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
| 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
| 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
| 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 |
| 29 | 30 | 31 | ||||
Эл аралык даараткана күнү
Кыргызстан [оңдоо]
- 1944-жылы: Фрунзе шаарында артиллеристтердин күнү өзгөчө салтанат менен белгиленген
- 1947-жылы: Айтылуу композитор Владимир Ференин «Кыргызстан» аттуу симфониясы Кыргыз филармониясында аткарылган
- 2007-жылы: Кызыл китеп экинчи жолу басылып чыккан
Дүйнө [оңдоо]
- 1703-жылы: Франциядагы Бастилия түрмөсүндө тарыхта “темир бет капчан адам” катары калган адам көз жумган.
- 1711-жылы: Орус окумуштуусу Михаил Ломоносов жарык дүйнөгө келген.
- 1770-жылы: Планетаны биринчи кыдырып чыккан орус жер кезүүчүсү, адмирал Иван Крузенштерн жарык дүйнөгө келген.
- 1891-жылы: Биринчи жолу оюнчук темир жол Германияда сатылган.
- 1909-жылы: Заманбап менеджмент теориясынын атасы эсептелген экономист Питер Друкер туулган.
- 1917-жылы: Өкмөт башчылык кызматка чейин жеткен индиялык саясатчы айым Индира Ганди туулган.
- 1942-жылы: Улуу Ата Мекендик согушта советтик аскерлер контрчабуулга өтүшкөн.
- 1942-жылы: Америкалык модельер Кельвин Кляйн төрөлгөн.
- 1942-жылы: Советтер Союзунун баатыры, атактуу 316-аткычтар дивизиясынын жетекчиси, генерал-майор Иван Панфилов каза болгон.
- 1965-жылы: БУУ СССРдин демилгеси менен ядролук куралды жайылтпоо резолюциясын кабыл алган.
- 1978-жылы: “Элдик храм” сектасынын мүчөлөрү массалык түрдө өз жанына кол салышып, Гайанада баш-аягы 911 киши каза болгон.
- 1993-жылы: Унутулгус комедиялык тасмаларды жараткан советтик режиссёр Леонид Гайдай каза болгон.