Cаясий инфляция

Википедия дан

Инфляция (латын тилинен келген inflatio - көөп чыгуу) – кагаз акчаны керектөөдөн (чыныгы акча – өлкөдөгү алтындын баасынан) алда канча ашык чыгаруу. Саясий Инфляция (саясий балуулуктардын) кыска мезгилдик (конкреттүү саясий структуралардын бузулуу натыйжасында) жана узак мезгилдик (коомдун тең салмактуу өнүгүүсүнүн жыйынтыгында) мүнөзүн алып жүрүүчү саясий аң-сезимдин өнүгүү тенденциясы. Инфляция өзүнүн баштапкы маанисинде – ураандарга жана идеаларга, биринчи кезекте, саясат сферасындагы ишендирүүлөргө чындыкка дал келбеген, ашыкча мүнөздөмө берүүнү түшүндүргөн. Инфляциянын экономикалык түшүндүрмөсү Европада ХIХ кылымда орто ченинде пайда болгон. Ал анын Инфляция саясий мааниде ХIХ кылымда 70-жылы АКШда колдонулуп, жасалма баюу дегенди түшүндүргөн. Президент Грант тарабынан өзүнүн саясий максаттарына жетишүү үчүн колдонулуп, терс көрүнүшкө ээ болгон. Саясий баалуулуктардын Инфляция – коомдук турмуштун ар кыл жактарын ар кандай тереңдикте камтыган, бир топ узак мезгилди ичине алган феномен, бирок оң жыйынтыктарга гана алып келиши керек. Мындай болсун үчүн гиперсаясатташтыруу эффектисин четтетүү, ал эми саясий баалуулуктарды, экономикалык, маданий жана башка баалуулуктардан жогору койбоо максатка ылайык келет. Саясий баалуулуктар: граждандуулукту сезүү, бийликти урматтоо, партияларды жактоо, шайлоолор, референдумдар сыяктуу саясий процесс-терге катышуу, укуктар жана эркиндиктерди камсыз кылуу – коомдун өнүгүү жолунда дайыма текшерилип жана кайрадан текшерилип турат. Кайсы жерде саясат өтө көп болсо ал жерде нормалдуу жана натыйжалуу жашоо болбойт, коомдук жыргалчылык болбойт. Ушул маанисинде алганда саясий баалуулуктардын Инфляциясы деп социалдык-турмуштун борбордук ордунан саясатты сүрүп чыгарууну, коомдук иштерге мамлекеттин кийлигишүүсүн минимумга жеткирүүнү, экономикада компетенттүүлүккө жана өзүн-өзү иреттөө механизмине таянууну, эл аралык иштерде күч колдонууга эмес өз ара түшүнүүгө таянууну түшүнсө болот.

Саясий баалуулуктардын Инфляциясы социалдык турмуштун гиперсаясат шарттарында жүрбөгөнү кызык тескерисинче ал учурда саясий баалуулуктар өздөрүнүн маанилүүлүгүн жана интенсивдүүлүгүн толугу менен көрсөтүшөт. Саясий баалуулуктардын Инфляциясы көпчүлүк учурларда узакка созулган социалдык-экономикалык өнүгүүнүн, социумдун составын түзгөндөрдүн бардыгынын аң-сезимдүү тең салмактуулугунун шарттарында өнүгүүгө ээ болот — ушундай учурда саясий баалуулуктар өзүнүн проблемалык курчтугун жоготот да, бир катар жалпы баалуулуктарды «басуунун» ордуна, аларга орун бошотот. Саясий баалуулуктардын: Инфляция саясий турмушуна тигил же бул жагына карата мамилеге нигилизм менен аяктоочу ишенбөөчүлүк жана тануунун өнүгүшү катары кароо да мүмкүн. Бирок мындай кырдаалда бир саясий баалуулуктар жоголгону менен, башка бирөөлөрү өнүгүүгө ээ болот. (СССРдеги жарандык согуштун башталыш мезгилинде «бирдиктүү жана бөлүнгүс Россияга» же жөн эле Россияга болгон ишенимдин өлүп жок болгону менен, каршылаш тараптардын тигинисинде да, мунусунда да «дүйнөлүк революцияга» болгон ишеним өсүүгө ээ болгон). «Жакшы саясат аз саясат» бүтүмү көпчүлүк жагынан адилеттүү болуп эсептелет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9