Sci-Hub

Википедия дан
Sci-Hub
Файл:Scihub raven.png
URL: sci-hub.se
sci-hub.st
scihub22266oqcxt.onion
Коммерциялыкпы? жок
Сайттын түрү илимий сайт жана издөөчү түзүлүш
Түзгөн Александра Элбакян
Ачылган күнү 5-сентябрь 2011
Азыркы абалы Иштейт

Sci-Hub - 64,5 миллиондон ашык илимий макалаларды жана академиялык материалдарды түз жүктөп алуууга мүмкүнчүлүк берген онлайн ресурс. Илимий эмгектердин толук тексттерине массалык көлөмдө дароо жана акысыз жеткилик берген алгачкы белгилүү веб-баракча болуп саналат.

Кызмат казакстандык Александра Элбакян тарабынан 2011-жылы сентябрда түзүлгөн. Максаты: көп сандаган адамдарга акы төлөнүүчү илимий басылмаларга жеткилик ачып, билимдин жайылышын жеңилдетүү болгон. 2015-жылы Elsevier басмасы Sci-Hub тарабынан автордук укук бузуу болгону тууралуу Нью-Йоркто юридикалык арыз берген.

2017-жылы июлда кызматтын илимий басылмаларды камтышы тууралуу изилдөөнүн PeerJ журналында жарыяланган жыйынтыктарына ылайык, Sci-Hub колдонуучулардын сурамынын 99.3%ын канааттандырат, изилдөөчүлөрдүн иргемесинен 0,3% макала гана жеткиликтүү эмес болуп чыккан.

2016-жылы декабрда Nature Publishing Group Александр Элбакянды 2016-жылы таасирдүү он адамдын катарына кошкон.[1]

Sci-Hub.org оригиналдуу домени 2015-жылы ноябрь айында АКШ сотунун чечими менен тосмолонгон.

Иш негиздери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Sci-Hub сайты катталуу же төлөм талап кылбастан макалаларга акысыз жеткилик берет. Сайттын өзүнүн маалыматтарына ылайык, 2016-жылдын февралына дейре сайт күнүнө 200 000ден ашык сурам тейлеген. Бул 2015-жылдын ноябрь айына -"sci-hub.org" тосмолонгон жылга- караганда орточо эсеп менен күнүмдүк 80 000 сурамга көп.

Жаңы документтер күнүгө .edu-проксиге таянган систем аркылуу жүктөлүп турат. Сурам кылынганда керектүү эмгектин башка бир пират сайт болгон Library Genesis'тин мааламат базасында бар же жок экени текшерилет. Эгер жок болсо, алгоритм басманын же керектүү журналдын пейволун (англ. Paywall) айланып өтөт. Жеткилик ачкычтарын университеттери тигил же бул маалымат базасына кошулган окумуштуулар беришет. Биринчи жолу сурамдалган ар бир макала LibGen базасына кошулат. Кийинки сурамда Sci-Hub макаланы ошол жерден алат.

Соттук куугунтуктоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сайт азыркы тапта Elsevier менен соттук териштирүүгө катышып жатат. Аталган басма Sci-Hub алардын sciencedirect платформасы аркылуу эркин жеткилик камсыз кылуу үчүн студенттердин, аспиранттардын жана академиялык институттардын каттоо эсептерине мыйзамсыз түрдө жеткилик алып жатканын айтып чыккан. Ишти татаалдаштырып жаткан нерсе, сайттын Санкт-Петербургда (Орусия) жайгашканы болуп жатат. Мындайда ага АКШнын укуктук системи боюнча артынан түшүү кыйындайт. Айрымдары Elsevier мындай кадамдар менен илим-билимдин эркин жайылышына бут тосуп жатат деген ойдо болуп, эң жигердүү редакторлоруна төлөнмө кызматтарына жеткилик берип, Уикипедия менен өнөктөш болууга да бир жагынан аракет кылган Elsevier"дин жүйөлөрүнөн шек санашат. Бул Уикипедиянын илимий баракчаларынын сапатын жогорулатуусу мүмкүн болсо да, мындай практика эркин текшерүүгө мүмкүн болбогон булактарга шилтемелерди колдонууга алып келет. Башкалары муну уики коомчулукка карай айтылган кемсинтүү деп эсептейт Ушундай эле териштирүү Голландияда же мүмкүн Орусияда жайгашкан Library Genesis (LibGen) сайтына каршы да жүргүзүлүп жатат. Веб-баракчалар Нью-Йорк округдук сотунун чечими менен 2015-жылы 28-октябрда тосмолонгонуна карабай, 2015-жылдын декабрь айындагы абалына караганда сайт альтернативдүү домендер аркылуу жеткиликтүү. Сайттар ошондой эле Tor желеси аркылуу жеткиликтүү.

Александра Элбакян Адам укуктары боюнча БУУнун декларациясынын 27,1 беренесине таянат. Анда мындай делет: "Ар бир адам коомдун маданий турмушуна эркин катышууга, көркөм өнөрдөн ыракат алууга, илимий прогресске катышууга жана анын жыргалчылыктарынан пайдаланууга укуктуу." Электрондук чегаралар фонду Sci-Hub жана LibGen кызматтарына колдоосун билдирген. Соттук териштирүүлөр Elsevier"дин дарегине көптөгөн жаңы сын пикирлерди пайда кылды.

Дооматка карата мамилесин Sci-Hub"тын негиздөөчүсү сотко жазган катында билдирген: "Пиратчылык маселесинин маңыз жагынан карасак, бул - маалыматты копиялоо. Мында продукт - маалымат - көбөйөт. Ал эми уурулукта бир субъекттин нерсеси жоголот, экинчисиники пайда болот." Бул өтө маанилүү айырмачылык! Буддага таандык деп эсептелген учкул сөздө мындай делет: "Миң шамды бир шам менен жандырса болот, мындан анын жашоосу кыскарбайт. Бакыт бөлүшкөндө азайбайт". Буга маалымат копияланганда азайбайт деп кошумчаласа болот. Тескерисинче, ал көбөйөт".

2017-жылы 21-июнда Elseiver'дин 15 миллион долларлык дооматы АКШ соту тарабынан канааттандырылган. Бирок, ММКнын басма кенемтесин аларына көзү жетпейт, ал эми илимий пираттар ишмердигин уланта беришет деп эсептешет.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. "Nature's 10". Nature 540 (7634): 507–515. 2016-12-22. doi:10.1038/540507a. http://www.nature.com/news/nature-s-10-1.21157?WT.mc_id=TWT_NatureNews.