Xiaomi HyperOS

Википедия дан
Xiaomi HyperOS
Иштеп чыгуучу Xiaomi
Жазылган тили C++, C
ОС бүлөсү Unix-сымалдуу
Android-сымалдуу
Иштөө абалы иш үстүндө
Биринчи чыгарылышы 26-октябрь 2023-ж; 5 ай мурун (2023-10-26)
Акыркы стабилдүү чыгарылышы 1.0/ 8-февраль 2024-ж; 2 ай мурун (2024-02-08)
Акыркы сыноодогу чыгарылышы /
Базардык багыты Смартфондор, планшеттер, smartTV, frsklee саттар жана акылдуу сыналгылар
Тилдердин саны 100+
Платформалар x86
Өзөк түрү Монолиттик
Колдонуучу интерфейси Графикалык (мультитач)
Сайты https://www.mi.com/global/hyperos hyperos.mi.com/, https://www.mi.com/global/hyperos

Xiaomi HyperOS (Кытайда — SurgeOS) — Xiaomi смартфондору, планшеттери, акылдуу сааттары жана телевизорлору үчүн иштелип чыккан мобилдик операциялык система. 2023-жылдын 26 октябрында жарык көргөн жана MIUI жаңы багытта өнүгүүсү болуп саналат. Xiaomi компаниясы тарабынан өз алдынча иштелип чыгып, колдоодо жана жакшыртылууда. Android, iOS жана MIUI кээ бир чечимдерди өзундө айкалыштырат.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи аңыздар 2023-жылдын октябрында пайда болгон баштаган, Digital Chat Station MIUI 14 акыркы болот жана MIUI 15 ордуна MIOS аталыштагы операциялык система чыгат деген маалымат тараткан[1].

Кийинчерээк Xiaomi компаниясы MIUI 15 ордуна жаңы Xiaomi HyperOS операциялык системасы чыгаарын тастыктаган.

2023-жылдын 26 октябрында Xiaomi 14 линиясындагы телефондору менен бирге бетачары болгон[2]. Бул операциялык система смартфондордон тышкары башка гаджеттер менен да иштейт[3].

2023-жылдын 18 декабрында глобалдык версиясы чыккан жана аны биринчилерден болуп Xiaomi 13, Xiaomi 13T, Xiaomi 13T Pro, Xiaomi 13 Ultra, Xiaomi 13 Pro, Redmi Note 12, Redmi Note 12S, Poco F5 и планшет Xiaomi Pad 6 смартфондору алган[4].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 数码闲聊站. 数码闲聊站 (кытайча)
  2. Xiaomi Unveils Xiaomi HyperOS, a Human-centric Operating System Designed and Tailored to Connect Personal Devices, Cars, and Smart Home Products in a Smart Ecosystem (англисче)
  3. Skillbox Media, Редакция «Код» Xiaomi представила HyperOS — операционную систему для замены MIUI (орусча)
  4. HyperOS больше не эксклюзив для Китая. Состоялся глобальный релиз новейшей ОС Xiaomi, HyperOS доступна для восьми смартфонов (орусча)

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]