Ильина, Лидия Александровна

Википедия дан
Ильина Лидия Александровна.
Апа.

Ильина Лидия Александровна (1915, азыркы Рязань облусу, Михайлов шаары - 1994, Бишкек) – даңазалуу кыргыз совет графикачысы, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү (1963).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тянь-Шаньдан келген делегаттар.

Лидия Ильина 1915-жылы Орусиянын Михайлов шаарында туулган.
1939-ж. Москва көркөм сүрөт институтун бүтүргөн. Кыргызстанда 1939-жылдан иштейт.
1947-ж. окутуучусу В. Фаворскийдин таасири менен «Манас» эпосуна кайрылган.

Ал 1994-жылы 14-октябрда Кыргызстандын борбору  Бишкек шаарында каза болгон. 

Көркөм өнөр мурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал өзүнүн гравюраларындагы кыргыз улуттук оюмдарында эпостогу көрүнүштөрдү же эпизоддорду гана чагылдырбастан, баатыр-каармандардын образын да ачып берген.

«Алмамбет - Манастын баатыры», «Бакай — Манастын баатыры» жана башка гравюраларында бет маңдайынан жайгаштырылган баатырлардын тулкулары кагаздын тегиз бетине өзгөрүлбөгөн абалда ишке ашырылган.
Ал «Манас» темасына 1972-ж. кайрадан кайрылып линогравюра техникасында «Эпос», «Манасчы» серияларын жараткан.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1971).
Кыргыз ССР Жогорку Советинин (6—7-шайлоо) депутаты.
Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Манас энциклопедия, 2-том, Б,1995-ж.