Кожомбердиев, Ысман

Википедия дан

Кожомбердиев Ысман (1928–1988) – кыргыздын тунгуч адис-археологу, тарых илимининин кандидаты (1987).
Сузак районундагы Үчмалай кыштагында туулган. 1946–50-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин) бүтүргөн. 1954–88-жылы Кыргыз ИАнын Тарых институтунун илимий кызматкери (1973–86-жылы Археологиялык секторунун башчысы) болуп иштеген.
Кетментөбө, Талас, Чаткал, Чүй өрөөндөрүнө жасалган археологиялык кошуундарды жетектеп, коло дооруна жана байыркы көчмөндөргө таандык археологиялык эстеликтерди изилдеген.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ысман Кожомбердиев 1928-жылы Кыргызстандын ал кездеги Ош облусуна караштуу Сузак районунун Үч-Малай кыштагында туулган.
Ысман агай туулган Үч-Малай кыштагы азыркы тапта Жалал-Абат облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө карайт.
Ы.Кожомбердиев Көк-Жаңгак шаарында жети жылдык орто мектепти бүтүргөндөн кийин индустриялык багыттагы атайын кесиптик окуу жайын аяктап, шахта жол көрсөтүүчүсү кесибине ээ болгон.
1945-жылдан тартып Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайында, жогорку окуу жайда тарых факультетинде окуган.
1954-жылга чейин Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарында профессорлор А.Н.Бернштам, М.П.Грязновдун жетекчиликтери астында аспирантурада таалим алган.

1958-жылдан тартып байыркы көчмөндөрдүн археологиялык маданияты, тарыхы боюнча изилдөөнү максат кылып, өмүрүнүн акырына чейин талбай уланткан.
1988-жылы Бишкекте каза болгон.

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ы.Кожомбердиев алтымыштан ашык илимий эмгекти жазган. Кыргыздан чыккан алгачкы археолог агайдын эмгектери аркылуу окумуштуулар байыркы көчмөндөрдүн өнөрүн, каада-салттарын тереңдетип билди. Белгилүү окумуштуулар менен болгон байланышы аркылуу Кыргызстан археологиясынын изилдөө алкагын кеңейтти.
Кетмен-Төбө, Чүй өрөөнүндөгү сактар, хуннулар мезгилиндеги өнөр, заттык маданият боюнча жазылган эмгектери илимий жактан өзгөчө баалуу.

Ы.Кожомбердиев айтылуу археолог Юлий Худяковду Кыргызстанга алгачкы жолу чакырган илимпоз болгон. [1]

Урпагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ысман Кожомбердиев Элмира аттуу ата жолун жолдогон археологду тарбиялап өстүрдү. [2]

Эстутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ысман Кожомбердиевдин Борбордук Азия, Кыргызстан археологиясына кошкон илимий салымын аныктоо үчүн «Манас» университетинин студенти Айсулуу Асангариева дипломдук иш жана магистрлик диссертация даярдаган.
Иштемчил, өз ишине берилген кыргыздан чыккан биринчи археологдун илимий ишинин натыйжалары Кыргызстандын байыркы маданий тарыхын окуу китептеринде, мамлекеттик музейинин көргөзмөлөрүндө үзгүлтүксүз чагылдырылып келе жатат.

2018-жылдын кулжа (июнь) айынын 21инде, бейшемби күнү саат 10:00до кыргыздын туңгуч археологу, тарых илимдеринин кандидаты Ысман Кожомбердиевдин 90 жылдыгына арналган илимий жыйын КР УИАсынын 2-кабатындагы жыйын залында өтөт.

Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кожомбердиев И.К. Могильник Кум-Арык // Архивные материалы по археологии Кыргызстана / Составители и научные редакторы сборника: В.А. Кольченко и Б.Э. Аманбаева. –– Бишкек: «Илим». 2012. 136 с. – ISBN 978-9967-12-221-5. – С. 64—81.
  • Кожомбердиев И.К. Могильники Кок-Бель I и II // Архивные материалы по археологии Кыргызстана / Составители и научные редакторы сборника: В.А. Кольченко и Б.Э. Аманбаева. –– Бишкек: «Илим». 2012. 136 с. – ISBN 978-9967-12-221-5. – С. 82–96. – URL: http://kronk.spb.ru/library/2012-bishkek-amak.htm
  • Кожомбердиев Ы., Помаскина Г. Петроглифы Саймалы-Таша, Иссык-Куля и Кетмень-Тюбе. – Фрунзе 1978. – URL: http://bizdin.kg Archived 2022-01-23 at the Wayback Machine /книга/Петроглифы-Саймалы-Таша-Иссык-Куля-и-Кетмень-Тюбе/


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Архивные материалы по археологии Кыргызстана / Составители и научные редакторы сборника: В.А. Кольченко и Б.Э. Аманбаева. - Бишкек: «Илим». 2012. - 136 с. - ISBN 978-9967-12-221-5
  • Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)
  • Жалал-Абат облусу: Энциклопедия. - Бишкек.
  • Текке кетпес өмүр бар: Тарыхчы, профессор Бектемир Жумабаевдин (1960-2014) жаркын элесине: Макалалар жыйнагы / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А.Эркебаев, ж.б. – Бишкек: Maxprint басмасы, 2014. – 188 + viii б, сүрөт. – “Мурас” фонду. – “Тарых жана мурас” түрмөгү). - ISBN 978-9967-12-455-4.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://rus.azattyk.org/a/eurasia_rus_science_kyrgyz-history_archaeology_yuliy-khudiakov/28670155.html
  2. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 16 -ноябрь (жетинин айы) 2018.