Чоротегин, Тынчтыкбек Кадырмамбетович

Wikipedia дан
Чороев, Тынчтыкбек Кадырмамбетович
Tynchtykbek Chorotegin 18.7.2007.jpg
Туулган жылы:

1959-жыл 28-жалган куран айы

Туулган жери:

Он-Арча айылы, Нарын областы

Өлкө:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Илимий чөйрөсү:

Тарых, Чыгыш таануу, Түркология, Жазма булактар, Кыргыз таануу

Иштеген жери:

Кыргыз Тарых Коомунун президенти, көз карандысыз публицист (Азаттык үналгысы жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети)

Илимий даражасы:

тарых илимдеринин доктору

Илимий наамы:

профессор

Альма-матер:

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети

Илимий жетекчиси:

Өзбекстан ИА профессору, тарых илимдеринин доктору Бөрү Ахмедов

Белгилүү окуучулары:
Сыйлыктары


KRG Medal Dank.png
, 2011-жыл; ТүркСОЙдун Медиа тармагындагы сыйлыгы, 2013-жыл.

Тынчтыкбек Кадырмамбетович Чоротегин (Чороев) - тарыхчы, журналист, публицист. Тарых илимдеринин доктору, профессор. Кыргыз Тарых Коомунун президенти (2012-жылдын 11-февралынан).

Тынчтыкбек Чоротегин (Чороев). ЮНЕСКО. 04.10.2009.

Чакан өмүрбаян[оңдоо]

Бала чагы

1959-жылы 28-мартта Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы Эчки-Башы (Он-Арча) кыштагында туулган. Атасы - Кадырмамбет Чороев (1922-1975), энеси - Алия Кыдыраалы кызы (1924-2001).

1966-1974-жылдары айылындагы "Коммунизм" орто мектебинде таалим алып, 8-классты бүтүргөн.

Эчки-башылык мугалимдер тобу мектеп деректири Самүдүн Шайкыев менен бирге. 1970-жыл.

Анын биринчи мугалими - айылындагы белгилүү педагог Өмүр Абдыкадыров болгон.

Жетинчи класстан тартып чыгармалар жаза баштаган. Алгачкы юмордук жана сатиралык чыгармаларын 8-класста окуп жүргөндөн тартып жарыялай баштаган.

1974-76-жылдары Кыргызстандын Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектепте окуп, аны күмүш медалы менен аяктаган. (Шаардык билим берүү мекемеси ага алтын медал ыйгарууну чечкен, бирок облустук билим берүү мекемеси облустук чектелүү квотага шилтеме кылып, анын баасын саал ылдыйкы тепкичке төмөндөтүп койгон).

Студенттик курак

1976-жылы Бишкектеги Кыргыз Улуттук Университетинин (КУУ) тарых факультетине тапшырган.

Ага таалим берген илимпоздордун арасында Кыргыз Илимдер академиясынын мүчө-кабарчысы, тарых илиминин доктору Анварбек Хасанов, тарыхчы доценттер Мидил Жамгырчинов, Какен Мамбеталиева, Бейше Урстанбеков, Сейне (Ксения) Сырдыбаевна Искенова, Вольтраут Фрицовна Шелике, Таабалды Мурзабеков, Жаныбек Жакыпбеков, Атыгай Арзыматов, Шакин Есенгараева, Ишенгүл Болжурова, Жумаш Адилбаев, Михаил Николаевич Федоров, философ Роза Отунбаева, ж.б. болгон.

Студент чагында студенттик эмгек кошуундарына мүчө жана комиссар катары ар жылы жай мезгилинде катышкан.

Университеттин "Комсомолдук прожектор" аталган орусча жана кыргызча сатиралык дубал гезитинин редактору болгон. Ар кыл чыгармачыл (адабий жана илимий) ийримдерге катышкан.

4-курста окуп жаткан чагында ал кездеги илимий жетекчиси А.Хасановдун жолдомосу менен Өзбекстандын борбору Ташкен шаарына барып, 1898-жылкы Анжыян көтөрүлүшүнө тийешелүү орусиялык падышалык архив материалдарын иликтеген.

5-курста илимий темасын алмаштырып, доцент Мидил Жамгырчиновдун жетегинде орто кылымдардагы Кыргызстан тарыхы боюнча парсы булактарынын маалыматтарын (орусча котормосунда) иликтеп, атайын дипломдук иш жазган.

1981-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин (КУУ) тарых факультетин кызыл диплом менен аяктаган.

Оболу 5-курстун башында тарых факультетинин Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы кафедрасына лаборант кызматында иштей баштаган, айрым төмөнкү курстарга семинар да өткөн.

Ал эми жогорку билими тууралуу диплом алган соң, Элге билим берүү министрлигинин уруксатына ылайык, Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы кафедрасында окутуучу болуп калтырылган. Кафедраны анын ошол кездеги илимий жетекчиси М.Б.Жамгырчинов башкарчу.

Жаш окутуучу. Стажер. Аспирант

1981-83-жылдары КУУда эки жыл англис тилинин курсуна катышып, Чилинин социалист президенти Сальвадор Альенде тууралуу англисче монографияны эптеп-септеп орусчага которгон. Бул - анын англис тилин эркин баарлашууга чейинки деөгээлде үйрөнүүсүнө чоң өбөлгө болгон.

1983-жылдын сентябрынан 1985-жылдын сентябрына чейин Ташкенде Өзбекстан Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда эки жылдык стажировкада окуп, араб жана түрк тилдерин үйрөндү, ара-чолодо өзбек жана уйгур тилдерин өздөштүрдү.

Профессор Бөрү Ахмедов, Өзбекстан ИАсынын Чыгыш таануу институтунун бөлүм башчысы, Улуу Атамекендик согуштун ардагери. 1980-жж. этегиндеги сүрөт.

1985-жылдын октябрынан 1988-жылдын декабрына чейин Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда үч жылдык күндүзгү аспирантурада окуган.

Илимий жетекчиси - өзбекстандык чыгаан чыгыш таануучу, профессор (кийинчерээк академик) Бөрү Ахмедов болгон.

Аспирантура маалында Москва жана Ленинград шаарларына барып, ал жактардагы илимий китепканаларда иштеген.

Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербургдагы) Коомдук китепканадан чыгыш таануучу жана скандинав таануучу Омелян Прицактын "Рустун келип чыгышы" аттуу жарым-жартылай тыйуу салынган монографиясын окуп, советтик расмий тарыхнаамага карата кайчы пикири андан ары калыптанган.

Аспирант кезинде Новосибирск, Бишкек (ал кездеги Фрунзе), Ташкен шаарларындагы ар кыл илимий жыйындарга катышкан.

1986-жылдан тартып кыргыз тарыхы, Махмуд Кашгаринин мурасы, кыргыз тилинин көйгөйү ж.б. тууралуу макалаларды байма-бай кыргыз жана орус тилдеринде жарыялаган.

Эмгектерине тыйуу салынган Молдо Кылыч, Арстанбек, Молдо Нияз, Осмонаалы Сыдык уулу, Эшеналы Арабай уулу жана башка 1917-жылкы ыңкылапка чейин эле китептери чыккан жана чыгармалары кеңири таркаган даанышмандардын эмгектерин Кыргызстанда кайра жарыялоо тууралуу ойлорун 1986-87-жылдардан тартып илимий жыйындарда ачык айтып, макалаларында орчун маселе катары козгогон.

Ал Кыргызстанда чыгыш таануу факультетин ачуу демилгесин 1988-жылы орусча мезгилдүү басма сөздө көтөрүп чыккан.

Анын кыргыз тилин орус тилинен кем эмес колдонуу зарылдыгы тууралуу Москвадагы "Правда" гезитине 1988-жылы жолдогон макаласы цензуранын айынан жарык көргөн эмес. Бул макала кайра Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине жиберилген. Бирок Михаил Горбачевдун "кайра куруулар" доорунун илеби менен "улутчул аспирантка" каршы катаал чара көрүлбөй калган.

1988-жылдын 14-декабрында Ташкен шаарында Өзбекстан ИАсынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

Кыргызстандагы коомдук, саясий жана журналисттик ишмердиги[оңдоо]

1988-жылдын этегинде Бишкекке кайтып, 1989-жылдын январында КУУнун Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы кафедрасынын башчысынын милдетин аткарып калды.

1989-жылдын апрел-май айларында Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатын уюштуруу камылгаларын жетектейт. Бул уюм ошол жылы 3-июнда Уюштуруу жыйынында расмий негизделген, Анын отуруму кыргыз тилинде өтүп, орусчага синхрондуу которулуп турган. (Котормочулар - алдыңкы студенттер Арслан Капай уулу Койчиев, Венера Койчиева жана Алмаз Кулматов болгон).

Жыйынга жазуучу-диссидент Түгөлбай Сыдыкбеков, кытайлык манасчы Жусуп Мамай келишип, батасын беришкен.

Ошол кездеги Кыргызстан Компартиясынын тымызын каршылыгы менен Т.Чоротегин Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын төрагасы болуп шайланбай калды, бирок уюмдун төрага орун басарларынын биринен болду. Негизинен, уюмду күндөлүк башкаруу ишин ал өзү аткарып келди.

1989-жылдын жайында ал (профессор А.А.Чукубаев менен педагог адис Адыл Кожобаевдин калемдештиги астында) түзгөн Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхына жаңыча кароого багытталган долбоор советтик Кыргызстандын ошол кездеги Элге билим берүү министрлиги тарабынан колдоого алынып, сентябрда кыргыз жана орус тилдеринде бардык орто мектептер үчүн милдеттүү окуу программа долбоору катары жарыяланган.

Ошол жылдын жай айларында айрым үй куруучу жаштардын бейөкмөт уюмдарынын жобосун түзүүгө кол кабыш кылган.

1990-жылдын февраль айында Бишкектеги жаштардын уруксатсыз нааразылык жыйынында чыгып сүйлөгөн.

Ошол жылы феврал-март айларында оппозициячыл жаштардын коммунисттик бийлик менен саясий талкууларын уюштуруу тобунун жетекчилерине болгон.

"Азаттык үналгысынын" туңгуч кызматкери жана мурдагы директору Азамат Алтай (1920-2006) "Азаттыктын" Прагадагы башкеңсесинде Тынчтыкбек Чоротегин (оңдо) менен. Прага шаары, Чехия. 2003-жылдын 6-июну.

1990-жылы май айындагы Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) уюштуруучуларынын бири, анын уставынын долбоорун даярдаган. 1990-жылы октябрда жумурияттагы коммунисттик жетекчиликке каршы саясий ачкачылыкка катышкан.

1991-жылдын апрелинен 1998-жылдын мартына чейин «Азаттык үналгысынын» Бишкектеги кабарчысы, алгачкы бюро башчысы.

Окутуучулук жана илимпоздук иш-аракетин да уланта берген.

1992-94-жылдары КУУнун Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасын башкарган.

1994-1997-жылдары КУУнун күндүзгү докторантурасында окуган. Аны ийгиликтүү аяктап, 1998-жылы 10-апрелде Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын тарых институтунда доктордук диссертациясын жактаган.

1998-жылдын апрелинен 2000-жылдын июлунун акырына чейин Лондондо Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын продюсери болуп иштеген.

Профессор Т.Чоротегин француз чыгыш таануучусу, профессор Реми Дор менен. Сорбонна унивыерситети, Париж шаары, Франция. 2003-жылдын 7-октябры.

2000-жылдын 25-июлунан 2011-жылдын 16-августуна чейин ал ЭЕ/АҮ Кыргыз кызматынын - «Азаттык үналгысынын» Прагадагы башкеңсесинде иштеп келди.

Академик Үсөн Асанов, Кыргыз улуттук энциклопедиясынын Башкы редакциясынын жетекчиси, "Азаттык" үналгысынын чыгармачыл жамаатынын китеп көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатында сүйлөөдө. Кыргыз улуттук китепканасы, Бишкек шаары. 17.5.2007.

Бул убакыттын ичинде - 2003-жылдын 1-январынан тартып 2010-жылдын 30-сентябрына чейин Т.Чоротегин ЭЕ/АҮ Кыргыз кызматынын директору болду.

2006-жылга чейин жыл сайын КУУда адистик сабак боюнча дарс окуп келди, калган жылдары ар кыл кыргызстандык университеттерде тарых жана журналистика жаатында ырааттуу жолугушуулар, семинарлар, талкуулар уюштуруп келди.

Ушул тапта - эркин изилдөөчү жана публицист.

2012-жылдын февралынан - Кыргыз Улуттук Университетинин Чөлкөм таануу кафедрасынын профессору (окуу жылдын акырына чейин).

"Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин президенти (2012-жылдын 11-февралында шайланды).

Этнограф К.Мамбеталиеванын 75 жылдык мааракесине арналган илимий жыйында. КУУ, Бишкек. 19.5.2012.

2012-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Т. Чоротегинди КТРКнын Байкоочу Кеңешине мүчө кылып шайлады.

2012-жылдын сентябрынан тартып Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Тарых факультетинин Чөлкөм таануу кафедрасынын профессору болуп эмгектенет.

Ошол эле учурда, 2013-жылдын сентябрынан тартып, "Мурас" коомдук фондунун башкармалыгын жетектөөдө.

Үй-бүлөсү[оңдоо]

Т.Чоротегин жубайы Нургүл Дыйканалиева менен Санжи (Шенцзи) шаарында. ШУАР, Кытай. 2009-жылдын 3-августу.

Алгачкы жубайы – маркум Нургүл Дыйканалиева (13.02.1957-17.09.2012) эле.

Алар 1982-жылы апрел айынын соңку күнү Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылында мусулманча никеге туруп үйлөнүшкөн, ошол жылдын 15-майында Бишкек шаарында расмий никелик каттоодон өтүшкөн. Нургүл 2012-жылдын 16-сентябрында капысынан дуушар болгон жалпы инсульт кеселинин айынан он сааттай эс учун толук жоготуп, 17-сентябрга караган таңга маал Бишкектеги Кыргыз улуттук госпиталында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Ал андан соң 2013-жылдын 9-ноябрында Айшат Ботобекова менен баш кошту. Айшаттын кесиби - тилчи. Ал - филология илимдеринин кандидаты, кыргыздын ымдоо-жаңсоо аркылуу маалымат берүү системасын алгачкы болуп иликтеген адис.

Бир уулу (Алмаз), төрт кызы (Бегимай, Каныкей, Канышай, Айдина) бар. Уулу Алмаз Улуу Британиянын борборундагы Лондон Экономика Мектебинин магистрдигин эл аралык мамилелер адисти боюнча аяктаган. Кызы Бегимай Австриянын Виенер Нойштадт шаарындагы университеттин магистрдигин каржы адисти боюнча аяктаган. Каныкей - студент. Канышай менен Айдина орто мектепте окуйт.

Илимий жана педагогдук чыгармачылыгы[оңдоо]

Т.Чоротегин Стамбул шаарында маркум Али Эмиринин бейитинин жанында. Түркия, 22.1.2012.

Бир катар илимий монографиялардын (анын ичинде Махмуд Кашгаринин өмүрү менен мурасына арналган эмгектердин, калемдешип жазылган “Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк” (1990) китебинин), калемдешип жазылган окуу китептердин, окуу куралынын, жүздөгөн макалалардын, чакан юмордук китепченин автору.

2012-жылдын 23-июнунда Т.Чоротегин жетектеген чыгармачыл топ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбек Сулайманов жарыялаган тарых китептери боюнча сынакта жеңүүчү деп табылып, кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхын илимий-популярдык усулда жети томдук кылып жазууга киришти.

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Түркия, АКШ, Британия, Франция, Германия, Чехия жана Франциядагы ар кыл илимий жыйындарга катышкан. Түштүк Сибирде (Эне-Сай, Алтайды), Монголияда, Казакстанда, Волга боюнда, Өзбекстандын Жизак, Самарканд аймактарында, Түркияда, Кытайда (анын ичинде Ички Монголияда жана Шинжан Уйгур автоном районунда) ж.б. жерлерде саякатта болгон.

Илимий жана педагогдук эмгектери кыргыз жана орус тилдеринен башка англис, түрк, немис жана өзбек тилдеринде жарыяланган.

Айрым англис тилиндеги эмгектерди (Хайек, МакНейл) кыргыз тилине которуп жарыялаган.

Кыргызстанда анын илимий жетекчилигинде тарых илими тармагында эки доктордук иш, төрт кандидаттык иш жакталган.

Сыйлыктары. Наамдары[оңдоо]

Кыргызстан Жаштар Уюмунун илим тармагындагы сыйлыгынын лауреаты (Кыргызстан, 1992).

Өзбекстандын Ташкен облусунун илим тармагындагы жаштар сыйлыгынын ээси (Өзбекстан, 1989).

Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык академиянын анык мүчөсү (Кыргызстан, 1994),

Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун сыйлыгынын ээси (Кыргызстан, 1995).

“Кыргыз Республикасынын Билим берүү мыктысы (отличниги)” төш белгиси менен сыйланган (Кыргызстан, 2003).

“Кыргыз Республикасынын "Даңк" медалы менен сыйланган (Кыргызстан, 2011).

Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын сыйлыгына татыган (Кыргызстан, 2012).

ТүркСОЙ уюмунун медиа тармагындагы эл аралык сыйлыгына татыган (Түркия, 2013).

Айрым китептери жана китепчелери[оңдоо]

  • Махмуд ибн Хусейин ал-Кашгаpи жана анын «Түpкий тилдеp сөз жыйнагы». — Фpунзе: Кыpгызстан, 1990. — 92 б.
  • Этнические ситуации в тюркских регионах Центральной Азии домонгольского времени: По мусульманским источникам IX-XIII вв. Бишкек: Фонд "Сорос-Кыргызстан", 1995. - 208 с. (Научный редактор Б.А.Ахмедов).
  • Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын “Дивану лугати-т-турк” сөз жыйнагы: (1072-1077). Жооптуу редактор Өмүркул Караев. – Бишкек: Кыргызстан, 1997. – 169 бет, сүрөт, карта. - (ISBN 5-655-01222-7)
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Тургуналы Т., Асаналиев К., Керимбаев М., Чоротегин Т. Кыргыз Жумуриятынын Конституциясынын долбоору: Альтернативдик долбоор. Проект Конституции Республики Кыргызстан: Альтернативный проект. – Бишкек, 1992. – (Авторы: Т.Тургуналы, К.Асаналиев, М.Керимбаев, Т.Чоротегин. На кыргызском и русском языках).
  • Ала-Тоонун Батыштагы бүркүтү: (Азамат Алтайдын 90 жылдык мааракесине) / Редактору Кубат Чекиров; рецензенти Арслан Капай уулу Койчиев; сүрөтчүсү Асан Турсункулов. - Бишкек: "Гүлчынар" басмасы, 2010. - 60 бет, сүрөттөр. - ("Азаттык" үналгысы). ISBN 978-9967-409-87-3.
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.
  • Өмүрбектегин Т.Н., Чоротегин Т.К. Түндүк Кыргызстандын Орусияга каратылышы. - Бишкек: "Учкун" концерни, 1992. - 24 бет. - (Кыргызстан Жаш Тарыхчылар Жамааты. "Кыргыз таануучунун китеп текчесине").
  • Перелистывая книги ученого, изобретателя, педагога, энциклопедиста: К 80-летию академика У.А.Асанова / Составители И.А.Ашымов, Т.К.Чоротегин, А.З.Жуманазарова, Г.У.Асанова. - Бишкек, 2013. - 376 стр., илл. - ISBN 978-9967-14-114-8.
  • Халлы, Худайберди; Чоротегин, Тынчтыкбек. Өмүр – аккан суу: Нургүл Эсенкул кызы Дыйканалиеванын элесине арналат: Эссе, макалалар, эскерүүлөр, термелер / Жооптуу редактор, баш сөз жазган, эскерүүлөр топтомун, тиркемени, сүрөттөрдү даярдаган жана түркмөнчө тексттен кыргызчага которгон Тынчтыкбек Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Университет» басмаканасы, 2013. - 204, XII б., сүрөттөр. - ISBN 978-9967-02-932-3.

Айрым окуу китептери жана окуу куралдары[оңдоо]

1. Кыргыз тилиндеги окуу куралдары

  • Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (Эзелки замандан тартып б.з. VII к. башына чейин): Башталгыч курс: Орто мектептин 6-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, Ө.Караев. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1997. — 156 б.
  • Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (VII к. башы — XVIII к. аягы): Экинчи бөлүк: Орто мектептин 7-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, Ө.Караев. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1998. — 128 б.
  • Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (XIX к. башы — 1917-ж.): III бөлүк: Орто мектептин 8-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, А.Асанканов. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1998. — 196 б.
  • Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхы: (XVII - XX кк. башы): Орто мектептердин окуучулары үчүн кошумча сынак окуу куралы / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, А.Асанканов. — Бишкек: «Кыргызстан» басмасы, 1995. — 187 б. - ISBN 5-655-01032-1.
  • Чоротегин Т., Осмонов Ө., Өмүрбеков Т., Нурунбетов Б. Байыркы дүйнө тарыхы: Орто мектептин 6-классы үчүн окуу китеби. - Бишкек: "Шам" басмасы, 2005. - 256 б., карталар. - ISBN 9967-10-228-4.
  • Жалпы билим берүүчү орто мектептердин гуманитардык багыттагы 5-11-класстары үчүн программалар: Тарых / Авторлор: А.И.Идинов (жетекчиси), Т.Н.Өмүрбеков, К.С.Молдокасымов, М.Иманкулов, Л.Марченко, Т.К.Чоротегин. - Бишкек: Технология, 1997. - 116 бет.
  • Чукубаев А.А., Чороев Т.К., Кожобаев А.К. Кыргызстандын тарыхы: 1989-1990-окуу жылынын VIII (VII), ХI (Х) класстар үчүн Кыргыз ССРинин тарыхынын курсун тематикалык пландаштыруу // Мугалимдер газетасы. - 1989. - 1-сентябрь.


2. Орус тилиндеги окуу куралдары

  • Чоротегин Т.К., Омурбеков Т.Н., Марченко Л.Ю. История кыргызов и Кыргызстана (с древнейших времен до нач. IX в. н.э.): Нач. курс: Учебник для 6 кл. средних школ. Перевод с кыргызского: Ж.Джудемишова, Ж.Алымкулова. Спец.ред. М.Иманкулов. – Бишкек: Бийиктик, 2005. – 152 стр., илл., карты. – ISBN 9967-415-41-X.
  • Чоротегин Т.К., Омурбеков Т.Н. История Кыргызстана (IX-XVIII вв.): Учебник для 7 кл. средних школ. Перевод с кыргызского: Ж.Джудемишова. Спец.ред. О.Осмонов. – Бишкек: Бийиктик, 2005. – 184 стр., илл., карты. – ISBN 5-85580-007-5.
  • Омурбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. История Кыргызстана (XIX в. – 1917 г.): Учебник для 8 кл. средних школ. Перевод с кыргызского: М.А.Нуртумова. Спец.ред. О.Осмонов. – Бишкек: Бийиктик, 2005. – 192 стр., илл., карты. – ISBN 5-85580-007-5.
  • Учебники по истории кыргызов и Кыргызстана для 6-8 классов средних школ (Бишкек, 1996 – 2009). (в нескольких изданиях; в соавторстве с профессором Т.Н.Омурбековым).
  • Чоротегин Т.К. Краткий курс по изучению арабской графики современных кыргызов КНР: (Учебное пособие для студентов-историков) / Отв. ред. проф. Т.Н.Омурбеков. - Бишкек: Кыргыз. нац. университет, 2002. - 22 с. - ISBN 9967-403-49-7.
  • Чукубаев А.А., Чороев Т.К., Кожобаев А.К. Тематическое планирование по истории Киргизской ССР для VIII (VII) –ХI (Х) классов средней школы на 1989-1990 учебный год. // Учитель Киргизстана. - 1989. – 8-сентября.

3. Өзбек тилиндеги окуу куралдары

  • Чоротегин Т.К., Ўмурбеков Т.Н. Қадимги Қиргизистон тарихи: (Қадимги даврдан эрамизнинг VII бошларигача): Бошлангич курс: Ўрта мактабларнинг 6-синфи учун дарслик: (Ўзбекча таржима: Иномжон Бахритдинов, Тоҳиржон Хайруллаев). - Жалолобод, 1998 (Қиргиз Республикаси Таълим ва фан вазирлиги томонидан тасдиқланган). - 120 бет (сахифа).
  • Чоротегин Т.К., Ўмурбеков Т.Н. Қиргизистон тарихи: (Қадимги даврдан эрамизнинг VII асри боши – XVIII аср охири): Иккинчи қисм: Ўрта мактабларнинг 7-синфи учун дарслик: (Ўзбекча таржима: Тохиржон Хайруллаев). - Жалолобод, 2000. (Қиргиз Республикаси Таълим ва фан вазирлиги томонидан тасдиқланган). - 168 б. – Иккинчи нашридан таржима. Дарсликни узбек тилига Д. Ҳамедова таржима қилди. Муҳаррирлар: М.Т.Мамасаидов, С.Х.Холтураев. – Бишкек, 2004. – 184 б. – ISBN 9967-411-47-3.
  • Омурбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Қиргизистон тарихи: (XVIII аср охири – 1917 йил): Учинчи қисм: Ўрта мактабларнинг 8-синфи учун дарслик: (Ўзбекча таржима: Тахиржон Хайруллаев). - Жалолобод, 2000. (Қиргиз Республикаси Таълим ва фан вазирлиги томонидан тасдиқланган). – 244 бет. - Қайта ишланиб, тулдирилган иккинчи нашридан таржима / Ўзбек тилига Равшанбек Акбаров таржима қилган. Муҳаррирлар: М.Т.Мамасаидов, О.Х.Худайбердиев. – Ўш-Бишкек, 2004. – 176 б. – ISBN 9967-411-46-5.

Айрым илимий жана илимий-жамаагаттык макалалары[оңдоо]

Кирилл арибинде (ар кыл тилдерде)

  • Чоротегин Т.К. Жусуп Мамайдын жылдыздык нуру // Жусуп Мамай: Заманыбыздын залкар манасчысы: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган илимий баяндамалардын жана макалалардын топтому / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), А. Эркебаев, ж.б. - Бишкек: “Maxprint” басмаканасы, 2014. – 272 + XII б., сүрөт. - “Мурас” коомдук фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү.]. - ISBN - 978-9967-12-394-6. – Б. 7-10.
  • Махмуд Кашгаpи жана анын «Түpкий тилдеp сөз жыйнагы» // Ала-Тоо. — 1988. — № 4. — Б. 112—125. (Ушул эле макала: Кыpгыздаp / Түзгөн Кеңеш Жусупов. — Бишкек, 1991. — Т.2. — Б. 428—459).
  • Чоротегин Т.К. Об истоках кыргызской государственности // Эхо событий. — 1995. — 27 января — 2 февраля. — С. 2.
  • Тенгиp-Тоо (Пpитяньшанье) как pегион этногенезиса кыpгызского наpода // Кыpгызы: Этногенетич. и этнокульт. пpоцессы в дpевности и сpедневековье в Центpальной Азии: Матеpиалы Междунаp. науч. конф., посящ. 1000-летию эпоса «Манас». 22—24 сент. 1994 г., г.Бишкек. — Бишкек: Кыpгызстан, 1996. — С. 204—209.
  • О роли арабографических источников в изучении этнической истории тюркских народов Центральной Азии IX — начала XIII вв. // Из истории и археологии древнего Тянь-Шаня / Отв. ред. К.И.Ташбаева, Д.Ф.Винник. — Бишкек: Илим, 1995. — 210—217.
  • «Диван лугат ат-туpк» Махмуда Кашгаpи как источник по истоpии тюpкоязычных наpодов Сpедней и Центpальной Азии // Оpиенталистика в Киpгизии / Отв. ред. М.Я.Сушанло. — Фpунзе: Илим, 1987. — С. 12—26.
  • Кыргызы в Сибири и просторах Азии // Древние памятники Северной Азии и их охранные раскопки: Сб. науч. трудов. — Новосибирск, 1988. — С. 143-146. (АН СССР; Сибирское отделение; Ин-т истории, филологии и философии).
  • Начало настраивало на открытие или как надо изучать письменную культуру // Комсомолец Киргизии. — 1988. — 14 октября. — С. 5.
  • Махмуд ибн Хусейин ал-Кашгаринин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги (1072—1077-жж.) Теңир-Тоо жана Ички Азия түрк элдеринин тарыхы боюнча булак катары: Тарых илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алууга талаптанып жазылган дисс. авторефераты. — Бишкек: Кыргыз Респ. УИАсынын Тарых институту, 1998. — 48 б.
  • Улуу казна уpпактаpга: Махмуд Кашгаpинин муpасы жөнүндө сөз // Кыpгызстан маданияты. — 1986. — 27-маpт. — Б. 10—11.
  • Махмуд Кашгаринин “Диваны” менен “Манастагы” эпостук окуялардын мейкиндиги // “Манас” эпосу жана дүйнө элдеринин эпикалык мурасы: (“Манас” эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата өткөрүлгөн Эл аралык симпозиумдун тезистери). 27-28-август 1995-ж. – Бишкек: Кыргызстан, 1995. - Б.37.
  • Чоротегин Т. Фу-йу кыргыздары // Заман Кыргызстан. - 1997. - 8-август.
  • Жазма маданият жана дастан // Кыргыз руху – “Манас”: Адабий изилдөөлөр. табылгалар, эскерүүлөр / Түзгөндөр К.Эдилбаев, Э.Кылычев – Бишкек, 1995. (“Ала Тоо” журналы; Мамл. “Мурас” ишкер долбоору). – 246-249-беттер.
  • О месте Оша в тюркском мире // Ош 3000 / Составитель и редактор Азиз Салиев. - Бишкек: Илим, 2000. – С. 41-49.
  • Образование и наука: Часть первая // Ош 3000 / Составитель и редактор Азиз Салиев. - Бишкек: Илим, 2000. – С. 131-138.
  • Зарыктырган эмгек: (Осмоналы Сыдык уулунун эмгеги жөнүндө) // Кыргыздар: Санжыра, тарых, мурас, салт / Түзгөн Кеңеш Жусупов. — Бишкек: Кыргызстан, 1991. — 1-китеп. — Б. 61—67.
  • Махмуд Кашгари жана анын “Түркий тилдер сөз жыйнагы” // Ала-Тоо. - 1988. – № 4. - Б. 112-125.
  • Көтөрүлүш улуттукпу, элдикпи? // Кыргызстан маданияты. – 1991. – 2-май.
  • Кытайлык кыргыз тарыхчысынын чыгармачылыгы: (Анвар Байтурдун «Кыргыз тарыхы лексийаларына» жандырмак) // Кыргыздар: Санжыра, тарых, мурас, салт / Түзгөн Кеңеш Жусупов. — Бишкек: Кыргызстан, 1991. — 1-китеп. — Б. 294—305.
  • Чороев Т.К., Урстанбеков Б.У. Основные этапы распространения ислама в Киргизстане в VII-ХIV вв. // Вопросы истории материальной и духовной культуры Киргизстана: Сб. науч. ст. / Отв.ред. А.А. Асанканов. - Фрунзе: КирГУ, 1987. – С. 28-44.
  • Чоротегин Т.К. Очерки истории кыргызов и Кыргызстана: (С древнейших времен до конца XVIII века) // Кыргызы: 14-ти томник. 11-й том. Источники, история, этнография, культура, фольклор / Составители: Кенеш Жусупов, Каныбек Иманалиев; редакторы Темир Асанов, Рыскул Жолдошов. – Бишкек: Бийиктик, 2011. – ISBN 978-9967-13-792-9. – С. 157-195.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Киргизская Советская Социалистическая Республика // Ежегодник БСЭ. 1990. – Москва: Сов. Энцикл., 1990. - Вып 34. - С. 124-128.
  • Об изучении наследия Юсуфа Баласагуни и Махмуда Кашгари (ХI век) // Сб. статей и методич. рекомендаций по истории Киргизской ССР для учителей общеобразовательных школ и проф.-техн. училищ. - Фрунзе. - 1990. - Ч.1. - С. 1-7.
  • О некотоpых споpных названиях Баласагуна X—XII вв. // Ономастика Узбекистана: Матеpиалы научно-теоpетич. конфеpенции, посвященной 70-летию Великой Октябpьской социалистической pеволюции (Гулистан, 27—29 мая 1987 г.). — Ташкент: Ўкитувчи, 1987. — С. 43—44.
  • Проблема далеко не частная: О реформе алфавита и об открытии востфака в КГУ // Советская Киргизия. - 1988. - 8-сентября.
  • О роли ассоциации молодых историков в пропаганде исторических знаний среди студентов // Роль учебного науч.-производст. комплекса (УНКП) “Педвуз - школа” в подготовке будущего учителя: (Тез. докл. Респ.науч.-метод. конф., 19-20 апр. 1990 г.) – Фрунзе: КЖПИ, 1990. – Часть1. - С.28-30.
  • Фрунзеби? Бишкекпи? Жаш тарыхчылар аныкташат // Ленинчил жаш. – 1990. – 30-июнь.
  • Шаакерим жана анын мурасы // Кыргызстан маданияты. – 1990. – 20-декабрь.
  • Топонимические данные Махмуда Кашгари (XI в.) и миграция тюрков раннего средневековья // Проблемы истории и культуры народов Средней Азии и стран Зарубежного Востока. – Ташкент: Фан, 1991. - С.107-144.
  • “Та’рих” Мубарак-шаха Мерверруди как источник по истории тюркских народов Средней и Центральной Азии // Гуманитарные науки в Сибири. – Серия филол. – Новосибирск, 1994. - №4. - С. 75-77.
  • Чэкайэмо на вас Бишкеку! // Нуска. – 1995. - № 3. – Октябрь. – Б. 3.
  • Этнические ситуации в тюркских регионах Центральной Азии середины VII— начала XIII вв. по арабоязычным и персоязычным источникам IX—XIII вв. — Спец. 07.00.03. — Всеобщая история. — Автореф. дисс. ... канд. ист. наук. — Ташкент, 1988. — 19 с. (Институт востоковедения АН Узбекистана).
  • Этноним «кыpгыз» по данным Махмуда Кашгаpи // Вопpосы этнической истоpии киpгизского наpода / Отв. ред. О.К.Караев, И.Б.Молдобаев. — Фрунзе: Илим, 1989. — С. 113-121.

Латын арибинде (ар кыл тилдерде)

  • Historiography of Post-Soviet Kyrgyzstan, in: International Journal for Middle East Studies, 2002, Vol. 34, p. 351-374 (USA); (2002 Cambridge Un-ty Press 0020-7438/02 )
  • The Kyrgyz Republic, in: The Turks (English language edition) / Edited by Hasan Celal Güzel, C. Cem Oguz, and Osman Karatay Published by Yeni Tu"rkiye Research & Publishing Center. Ankara, 2002. Hard cover, 6 volumes, 6000 pages, ISBN 975-6782-55-2. (this chapter is in the 6th vol.). http://www.unesco.org/culture/asia/
  • ‘The Kyrgyz’; in: The History of Civilisations of Central Asia, Vol. 5, Development in contrast: from the sixteenth to the mid-nineteenth century /Editors: Ch. Adle and Irfan Habib. Co-editor: Karl M. Baipakov. – UNESCO Publishing. Multiple History Series. Paris. 2003. - Chapter 4, p. 109 – 125. (ISBN 92-3-103876-1) URL: http://unesdoc.unesco.org/images/0013/001302/130205e.pdf
  • Kirgizistan’da Milli Bagimsizlik Icin Mucadele Tarihinden: (1916-1991) // Turk Yurdu, Eylul, No 85, Ankara, 1994. - S. 30-32. <br
  • Mahmud Kaşgarinin «Divanının» orto kılımadarda cana cañı doordo maalım boluşu tuuraluu // Dil Dergisi. — Ankara. — 1995. — No 27. — S. 33-37. — (TÖMER).
  • Kaşgarlı Mahmut // İpekyolu. — İstanbul. — 1995. — Eylül. — Sayı 21. — S. 62-64.
  • Kaşgarlı Mahmut’un Divan’ı ve Manas Destanında Dogu Turklerinin Savaşları // Bozkırdan Bagımsızlıga Manas / Hazırlayan Prof. E. Gursoy-Naskalı. — Ankara: Turk Dil Kurumu, 1995. — S. 160-164.
  • Neue Curricula und Lehrbücher zur Geschichte Kyrgyzstans // Berliner Osteuropa Info: Informationsdienst des Osteuropa-Instituts der Freien Universität Berlin. — Berlin, 1997. — Nr. 9 / Juli. — S. 23.

Котормочулук иш-аракети[оңдоо]

  • Хайек Ф.А. Жазмыштуу текебердүүлүк: Социализмдин каталары / Англис тилинен кыргызчага которгон Т.К.Чоротегин. - Бишкек: “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1998. - 268 бет. – (Hayek F.A. The Fatal Conceit: The Errors of Socialism. The Kyrgyz translation by T.Chorotegin.) - ISBN 9967-11-025-2.
  • Кашгари Махмуд ибн Хусейин. Түркий тилдер сөз жыйнагы / Араб тилинен кыргызчалаган Т.Чороев (Чоротегин) // Байыркы орток түрк адабияты: Байыркы доор жана орто кылымдар мезгили: Хрестоматия / Түзгөн Ж.Шериев. – Бишкек: Шам, 1996. – 85-101-беттер.
  • Макнейл Уильям Г. Батыштын башаты. Адамзат өтмүшүнө кылчаюу. 3 китептен турган басылма. / Которгондор Т.Чоротегин, А.Койчиев, Т.Абдиев. – Бишкек: “Кыргызстан-Сорос” фонду, 2002. – 1-китеп. – 388 бет. – ISBN 9967-11-133-X. – 2-китеп. – 388 бет. - ISBN 9967-11-134-8. (William H. McNeill. The Rise of the West: A History of the Human Community: With a retrospective essay.)
  • Бутанаев В.Я. “Кыргыз” дареги Саян-Алтай элдеринде (Котормо) // Кыргызстан маданияты. – 1987. – № 1. – 1 январь.
  • Худяков Ю.С. Енисей кыргыздары жана илим (Котормо) // Кыргызстан маданияты. – 1987.- 16 - июль.
  • Жусуп Мамай. Семетей: (Үзүндү) / (Араб графикасынан оодарма) // Нарын правдасы. - 1988. – 13-январь.
  • Жамал Карши. Мулкахат ас-сурах (Алгы сөз жана кыргызча котормо) // Кыргызстан маданияты. - 1989. - 4-май.
  • Айрым Чыгыш (мусулман) даректеринен үзүндүлөр // Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе, 1990. - Б. 275-283.

Т.Чоротегин редакциялаган эмгектер[оңдоо]

  • Кара уулу Ө. Көөнө түрктөр тарыхы: (Студенттер үчүн дарстар) /Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Учкун, 1994. – 64.б.
  • Худяков Ю.С. Кыргызы на просторах Азии Отв. ред. Т.К.Чоротегин. – 2-е, исправленное изд. – Бишкек, 1995. – 232 с., илл., карты.
  • Каратаев Олжобай. Кыргыздардын этномаданий байланыштарынын тарыхынан. – Бишкек: “Бийиктик” басмасы, 2003. – 262 бет. – ISBN 9967-21-512-7.
  • Койчиев Арслан. Национально-территориальное размежевание в Ферганской долине (1924-1927 гг.) / Отв.ред. Т.К.Чороев (Чоротегин). – Бишкек: Учкун, 2001. – 120 с.
  • Кылычев, Акылбек Мукаевич. XIV-XV кылымдардагы Теңир-Тоо жана ага чектеш аймактардын тарыхы (Шараф ад-Дин Али Йездинин “Зафар-наме” асарынын маалыматтары боюнча) / Илимий редакторлору профессор Т.К.Чороев (Чоротегин), профессор Д.Ю.Юсупова, доцент Э.М.Кылычев. – Бишкек: “Либертос”, 2004. – 216 бет. - ISBN 9967-22-190-9.
  • Кожобеков, Муратбек Чалакеевич. Кыргыз каганатынын тарыхы / Илимий ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Университет» басмаканасы, 2013. - 188 б., карта, сүрөттөр. - “Тарых жана мурас” түрмөгү [Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” кору; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБ.] - ISBN 978-9967-02-942-2.
  • Кыргызстандын эң байыркы мезгилдерден XIX кылымдын соңуна чейинки тарыхы: Ү.Чотонов ж.б. авторлор коллективи; Которгон С.Олжобаев, Ө.Караев; Илимий ред. Ө.Караев, Т.Чоротегин. – Бишкек, 1998. – 344 б.
  • Кожоналиев С.К. Обычное право кыргызов / Научный редактор Т.К.Чоротегин. (Вступит. статья Т.К.Чоротегина). – Бишкек, 2000. – 332 с. – ISBN 9967-11-083-X.
  • Азамат Алтай (1920-2006): Азаттык менен демократиянын жарчысы: (Азамат Алтайдын 90 жылдыгына арналган жыйнак) / Башкы редактору, кириш сөзүнүн автору Т.К.Чоротегин. Эскерүүлөрдүн редакторлору: В.Сагындык кызы Жуматаева, С.Жумагулов, К.Чекиров, Т.Чоротегин. Рецензент А.Капай уулу Койчиев. – Бишкек: Интерполиграф, 2010. – 320 бет, сүрөттөр. - ISBN 978-9967-26-039-9.
  • Каратаев, Олжобай Кубатбекович. Кыргыздардын теги, таралуу ареалы, этностук-маданий алакалары / Жооптуу редакторлор Тынчтыкбек Чоротегин, Памирбек Казыбаев. - Бишкек, 2013. - 290 б., сүрөттөр. - ISBN 978-9967-27-070-1. - (Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин басылмалары. № 174. Окуу китептер тизмеси. № 47.)
  • Өмүрбеков Т.Н. Эл башылар, эрендер жана эл тарыхы: (Тарыхий очерктер). - Бишкек: Макспринт, 2014. - 228 бет. - "Тарых жана мурас" түрмөгү. - ISBN 978-9967-12-386-1. Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин.
  • Ботояров Камбаралы.Көөнөргүс мурас / Жооптуу ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Айбек, 1996. ISBN 5-8355-0893-Х
  • Менин сүрөттүү сөздүгүм: Англисче-кыргызча / Түзгөн Шейла Пембертон; Кыргызчалаган Таалай Абдиев; Редактору Т.К.Чоротегин. – Бишкек: “Кыргызстан – Сорос” фонду, 1997. – 72 б., сүрөт.
  • Менин биринчи англисче-кыргызча сөздүгүм / Түзгөн Эвелин Гоулдсмит; Кыргызчалаган М.Асаналиев; Редактору Т.К.Чоротегин. - Бишкек: “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1998. – 164 б.; сүрөт.

Ал тууралуу маалымат[оңдоо]

  • Айтматов академиясынын академиктери / Жыйнакты түзгөн Дилдебек Андашев; Жооптуу редактору Четин Жумагулов. Китепти каржылаган Темирбек Асанбеков. – Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 2011. – 104 бет, сүрөттөр. – (Мында: 96-бетте). – ISBN 978-9967-14-087-5.
  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах. - Бишкек: Главная редакция Кыргызской энциклопедии, 2002. = Стр. 499. (Asanov U.A., Jumanazarova A.Z., Chorotegin T. Kyrgyzskaya nauka v litsakh (The Kyrgyz Science In Faces). - Bishkek, Main Editorial Board of the Kyrgyz Encyclopedy, 2002. P. 499.) - ISBN 5-89750-142-4.
  • Кыргыз тарыхы: Энциклопедия / Жооптуу редактор А.Асанканов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2003. – 464 б.: сүрөт. – ISBN 5-89750-150-5. – (Мында: 421-бетте).
  • Gundula Salk. Die Sanjira Des Togolok Moldo (1860–1942). Wiesbaden. Harrassowitz Verlag. 2009. - S. 2-3. - ISBN 978-3-447-06161-2
  • Садыкова, Шарифа. Сыдыков Осмоналы: (Туулган күнүнүн 130 жылдыгына карата). - Бишкек, 2008. - 84 бет. (Мында: 12-13-бетте). - ISBN 978-9967-24-873-1.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – (Мында: Б. 135.) – ISBN 978-9967-25-256-1.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]

Сүрөт баян[оңдоо]

Профессор Т. Чоротегин Берлинге сапары маалында. 17.07.2008.
Нургүл Дыйканалиева Прага шаарында. Чехия. 2006-жыл.
Нургүл Дыйканалиева менен Алмаз Чороев Лондон Экономика Мектебинде. Улуу Британия. 2009-жылдын 17-декабры.


Нургүл Дыйканалиева Вена шаарында. Австрия. 2008-жылдын 9-ноябры.
Кыргызстандын Нарын облусундагы Нарын районуна караштуу Он-Арча айылынын Эчки-Башы кыштагынын орто мектебинде иштеген мугалимдер тобу. Ортодо отурган - директор Самүдүн Шайкыев. 1970-жыл.