Жумали Адилбаев

Википедия дан

Жумали Адилбаев (орусча: Адильбаев; Jumali Adilbayev; 1948-жылы 6-августта туулган) – эгемен Кыргызстандагы тарыхчы жана педагог адистердин бири, тарых илимдеринин кандидаты, ОшМУнун профессору.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жумали Адилбаев 1948-жылы 6-августта Кыргызстандын Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Камыш айылында төрөлгөн.

Ата-теги тууралуу учкай сөз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жумалинин ата-тегине келсек, атасы Адилбай оокаты тың үй-бүлөдөн чыккан.
Адилбай 1914-жылы өз мезгилинде бай аталган Жапаркул уулу Калчанын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Чындыгында эле айылдын эң бай кишилеринен болгон Калча соодагерлик менен да алектенген. Ал байыркы Өзгөн шаары менен Алайкуу аймагында соодагерлик жүргүзгөн.
Калча Алайкууга керектүү товарларды жана күйүүчү майларды алып барып, малга айырбаштап, Анжыянга айдап келип турган. Ошентип малы абдан көбөйүп, мансаптуу байга айланган.
Калчанын байбичеси Моту (Мотуке) эне Алайкуунун Чычырканак айылындагы Каражылкы уруусунун кызы болгон. Ал 14 перзент төрөп, алардын карманып калганы – 2 уул (Адилбай, Токтош), 2 кыз (Зыйнат, Зейнеп) болгон.
Кеңеш бийлиги орногон соң, 1920-жылдары Калча өз үй-бүлөсү менен бай (эзүүчү таптын өкүлү) катары кулакка тартылып, Кара-Суу жакка сүргүнгө көчүрүлгөн. Калча өзү Ош шаарындагы абакка камалган (1928–1930).
Ошол жерден Калчанын өпкөсүнө суук тийип, катуу ооруп калгандыктан, ал абактан чыгарылып, 1931-жылы көз жумган.
Сталиндик бийлик эрезеге жете элек Адилбайды “кулактын баласы” катары Ыраакы Чыгышка – Уссурийск крайына сүргүнгө айдаган.
Ал жакта токойдо карагай кыркып, 1,5 жыл жүргөн. Ошол кезде, 1932-жылы, Москвадан барган атайын комиссия сүргүндөгүлөрдүн өздүк иш кагаздарын карап жатып, эрезеге жете элек Адилбай Калча уулун “атасы бай болгондугу үчүн эле баласы жооп бербейт” деген бүтүм менен сүргүндөн бошоткон.
Өз айылына кайтып келген Адилбай Калча уулу үйлөнүп, 1933-жылы Андаркан аттуу кыздуу болот. Аялы дуйнөдөн өтүп кеткенден кийин кайрадан үйлөнүп, 1948-жылы Жумали аттуу уулдуу болуп, кийин кыздуу болот. Бирок кызы оорудан улам чарчап калат.

Жогорку билим алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орто мектепти аяктагандан кийин Жумали Адилбев 1966–1969-жылдары Ош шаарындагы Ош мамлекеттик педагогикалык инсититутунун (ОМПИ) тарых факультетинде окуй баштаган. ОМПИдеги аталган факультеттин жабылгандыгына байланыштуу ал 1969–1970-жылдары окууну Бишкек (ал кездеги Фрунзе) шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде (КМУ, азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУ) уланткан.
Окууну кызыл диплом менен аяктаган жаш адис катары ошол эле факультеттин Жалпы тарых кафедрасында калтырылган.


Педагогдук эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1970–1992-жылдары ал КМУнун (КУУнун) тарых факультетинде адегенде окутуучу, кийин улук окутуучу болуп эмгектенген.
Аны менен чогуу жаш тарыхчы адистерди калыптандырууда мээнет тер төккөн дасыккан педагог-илимпоздордун арасында тарых илимдеринин докторлору А.Х.Хасанов (ал КР УИАнын мүчө кабарчысы болгон), А.А.Чукубаев, Б.М.Зима, С.Аттокуров, В.М.Петровец, Х.Мусин, Ж.С.Бактыгулов, З.Эралиев, Ч.Жакыпова, Т.Кененсариев, Т.Өмүрбеков, М.Н.Фёдоров, тарых илимдеринин кандидаттары: А.Рыскулов, К.Мамбеталиева, М.Жамгырчинов, Б.Урстанбеков, Т.Мурзабеков, М.Н.Оморов, В.Ф.Шелике, Д.Эгемназаров, Г.А.Мохова, С.Искенова, ж.б. бар эле.

Жумали Адилбаев КМУда эмгектенген 22 жыл ичинде билимге, илимге талпынган бир нече жүздөгөн жаштарга билим-тарбия берип, турмуш жолуна түшүүлөрүнө педагогдук салымын кошкон.
Белгилеп кетүүчү жагдай, Советтер Биримдиги мезгилинде КМУнун тарых факультети идеологиялык багыттагы адистик мектеби катары да эсептелип, анын бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан көптөгөн компартиялык, комсомолдук жана советтик кызматкерлер телчиксе, ал эми “Кайра куруулар” доорунда Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты уюму, “Ашар”, КДК сыяктуу демократиячыл уюмдардын бир катар түптөөчүлөрү өсүп чыккан.

Кыргызстан 1991-жылы 31-августта СССРден мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялаган. Ал эми 1992-жылы мурдагы Ош мамлекеттик педагогикалык инсититуту (ОМПИ) президенттик жарлыкка ылайык “Ош мамлекеттик университети” (ОшМУ) макамын алган чакта, Ж. Адилбаев Ош шаарындагы ушул башкы жогорку окуу жайга которулуп келген.
1992-жылы Ж.Адилбаев Бишкек шаарында тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн жазган диссертациясын ийгиликтүү жактаган. [1]

Ошол 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ал Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда эмгектенип келе жатат.
Ж.Адилбаев университет катары жаңыдан телчигип, бир нече жаңы адистиктерди кошумча ачып, өз канатын кеңири жайган Ош мамлекеттик университетинде тарых адистиги боюнча улук окутуучу, доцент, Жалпы тарых, Укук таануу кафедраларынын башчысы болуп иштей баштады.
1996–1998-жылдары ал жаңыдан ачылган юридикалык факультеттин алгачкы деканы болду, ал эми 1998–2000 жылдары ал кайрадан ОшМУнун тарых факультетинин доценти болуп эмгектенди.

Ж.Адилбаев 2000–2006-жылдары Ош гуманитардык педагогикалык институтундагы (азыркы Ош мамлекеттик педагогикалык университети) гуманитардык факультеттин деканы, Москва ишкердик жана укук институтунун Оштогу бөлүмүнүн (филиалынын) проректору болуп эмгектенди.
Ал эми 2006-жылдан тартып ал кайрадан ОшМУга которулуп, ушул күнгө чейин профессор болуп иштеп келет.
Бул мезгил ичинде, адегенде 2006–2008-жылдары ал Тарых жана философия факультетинин деканы болду. Ал эми аталган факультет экиге бөлүнгөн соң, Ж.Адилбаев жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу жаатында жаштарга билим берүү жана тарбия усулдарын үйрөтүү милдетин аркалап келет.

Ж. Адилбаев ОшМУда эмгектенүү менен бирге, 2013–2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүндөгү Гуманитардык изилдөөлөр институтуна караштуу Тарыхый мурас бөлүмүндө илимий иштер жүргүздү. Бул мезгилдин ичинде 2010–2021-жылдары аталган бөлүмдүн башчысы болуп да иштеди.


Педагогдук жана илимий чыгармачылык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2023-жылга карата илимпоз жана усулчу Ж.Адилбаевдин жалпы педагогдук стажы 53 жылды түздү.
Ал чыгармачыл өмүрүндө бир катар ондогон жылдар бою Бишкекте жана Ошто жайгашкан университеттерде “Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхы”, “Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы” сыяктуу сабактардан дарстар окуп, семинарлар жүргүзгөн.
Соңку жылдары ал ОшМУдагы магистранттарга “Дүйнөлүк цивилизациялардын тарыхы” жана “Билим берүүнүн философиялык көйгөйлөрү” сабактары боюнча дарстар окуп, андан тышкары илимий-педагогдук тарбия иштерин жүргүзүп келе жатат.

Ж.Адилбаев тарых илимдери багытында кыргыз тилинде 7 (жети) окуу-усулдук колдонмо жарыялап, университеттердеги студенттерге, магистранттарга жана жалпы эле Чыгыш тарыхына кызыккан окурмандарга сунуштаган.
Жаш окутуучу кесиптештерине насаатчылык кылып, Ж.Адилбаев Кыргызстандын түштүк аймагындагы ЖОЖдордогу тарых адистигинин окутуучулары үчүн тарыхты окутуунун методологиялык маселелерине арналган семинарлар өткөрүп келүүдө.

Жумали Адилбаев КУУда окуткан тарыхчы илимпоздордун арасында профессорлор Төлөбек Абдырахманов, Аалыбек Акунов [2], Нарынбек Алымкулов, Абылабек Асанканов, Турдубек Шейшеканов, Бектемир Жумабаев, Олжобай Каратаев, Муратбек Кожобеков, Акылбек Кылычев, Кыяс Молдокасымов, Жамбила Самиева, Кубатбек Табалдыев, Тынчтыкбек Чоротегин, ж.б. бар.

Эмгектеринин чакан тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Адилбаев Ж. Подготовка и повышение квалификации рабочих кадров Кыргызстана (1976-1985 гг.): Автореферат диссертации.. канд. ист. наук. – Специальность: 07.00.02 – Отечественная история. – Бишкек, 1992. – 28 стр.
  • Адилбаев Ж. Индиянын соңку тарыхы (1918–2005). – Ош, 2006. – 102 бет.
  • Адилбаев Ж. Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхнаамесинин негизги маселелери. – Ош, 2008. – 41 бет.
  • Адилбаев Ж. Тарыхый окуялардын, аталыштардын жана түшүнүктөрдүн энциклопедиялык сөздүгү. – Бишкек, 2012. – 136 бет.
  • Адилбаев Ж. Чыгыштын тарыхы боюнча тарыхый окуялардын, аталыштардын жана түшүнүктөрдүн энциклопедиялык сөздүгү. – Ош, 2014. – 392 бет.
  • Адилбаев Ж. Кытайдын соңку тарыхы (1918–2013). – Ош, 2014. – 142 бет.
  • Адилбаев Ж. Япониянын соңку тарыхы (1918–2010) – Ош, 2014. – 96 бет.
  • Адилбаев Ж., Дүйшөнбаева А.Б. Дүйнө тарыхы: доорлор жана цивилизациялар, географиялык ачылыштар, согуштар жана революциялар, мыйзам ченемдүүлүктөр жана келечек. – Ош, 2021. – 256 бет.

Андан башка Ж.Адилбаев 90го жакын илимий жана илимий популярдуу макалаларды жарыялаган.

Алардын арасында “Кыргызстан” Улуттук энциклопедиясына киргизилген Чыгыш өлкөлөрүнө байланышкан макалалар түрмөгү, “Алай району” энциклопедиясына (2017) кирген макалалары, ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик чегарасынын калыптанышы [3] жана учурдагы абалы, Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү суу–энергетикалык көйгөйлөр, “Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн калыптанышына салымын кошкон тарыхый инсандар ж.б. темалар боюнча макалалары бар.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү. Балдары, неберелери бар.
Ж.Адилбаевдин жубайы Мастура Сабирова 1950-жылы ошол эле Сары-Камыш айылында төрөлгөн. Теңизбай уруусунун кызы. Бир айылда чоңоюп, бир мектепте окушкан инсандар.

Мастура Сабирова орто мектепти бүтүп, өз айылында башталгыч класста сабак берип келген. Кийин ал Кыргыз улуттук университетинин механика-математика факультетин аяктаган соң, Кыргыз транспорт министрлигиндеги эсептөө борборунда инженер–программист кызматын аркалайт.
Кийин ал мугалимдик кесипке өтүп, КУУнун Оштогу филиалында информатика сабагынан улук окутуучу, кафедра башчысы болуп эмгектенген. Азыр Мастура Сабирова ардактуу эс алууда.
Жубайлар 4 кыз, 1 уулдуу, бир нече неберелүү болушту.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим-тарбия, илимий жана коомдук иштери оң бааланып, Ж.Адилбаев бир катар сыйлыктарга ээ болгон:

  • Кыргыз Республикасынын билим берүүдөгү мыктысы (отличниги) төш белгиси (2003),
  • Ош облусунун мамлекеттик Администрациясынын Ардак грамотасы (2003),
  • КР ИА Түштүк бөлүмүнүн Ардак Грамотасы (2015),
  • ОшМУнун “Эмгек сиңирген ишмери” наамы (2014), ж.б.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://scholar.google.com/citations?view_op=view_citation&hl=ru&user=CY1V2YYAAAAJ&citation_for_view=CY1V2YYAAAAJ:u5HHmVD_uO8C
  2. https://www.azattyk.org/a/kyrgyz_political_science_and_history_aalybek-akunov_60th-anniversary/29088491.html
  3. https://oipikir.turmush.kg/unews/un_post:3639/