Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты

Википедия дан

Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты (Ассоциация молодых историков Кыргызстана) (КЖТЖ) - 1989-1995-жылдары Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн өкмөттүк эмес чыгармачыл уюм.

Аны 1989-жылдын 3-июнунда Кыргызстандагы бир катар жаш тарыхчылар Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында негиздешкен. КЖТЖнын жобосунун (уставынын) кыргыз жана орус тилдериндеги долбоорун Тынчтыкбек Чоротегин даярдаган.

Уюштуруу жыйыны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыйынды уюштуруу жараянына жаш тарыхчылар Кыяс Молдокасымов, Акылбек Кылычев, Арслан Койчиев, Александр Тузов, Кубатбек Табалдиев, Айдарбек Көчкүнов, Дөөлөт Сапаралиев, Токторбек Өмүрбеков, Муратбек Кожобеков, Аалыбек Акунов, Адыл Кожобаев, Венера Койчиева, Динара Иманова, Алмаз Кулматов, Темир Асанов жана башка ошол кездеги бир катар жаш тарыхчы илимпоздор жандуу катышкан.

Уюштуруу жыйынына жазуучу жана публицист, кыргыз тарыхын иликтөөнүн күйөрманы Түгөлбай Сыдыкбеков, даңазалуу манасчы Жусуп Мамай сый конок катары катышкан.

КЖТЖнын бул уюштуруу жыйыны Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу бейөкмөт уюм кыргызча жана орусча синхрондуу котормо жүргүзүү шартында өткөргөн уюштуруу жыйыны болуп калды.

Ошол кезде мындай техникалык мүмкүнчүлүк Кыргызстан Жазуучулар Союзунун (Биримдигинин) жыйын залында гана болгон. Бул Биримдиктин төрагасы жазуучу Чыңгыз Айтматов жана анын орун басары Асан Жакшылыков КЖТЖга жыйынды бекер өткөрүүгө уруксат беришкен.

Кыргызстан Коммунисттик партиясынын ошол учурдагы жетекчилиги бул жыйынды болтурбоого, кечеңдетүүгө аракет кылган, бирок кыргызстандык атактуу жазуучулардын жана коомдук ишмерлердин колдоосун сезген соң, кол жайып тим болгон.

КЖТЖнын саясий ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КЖТЖга ошол кездеги тарых илимдеринин кандидаттары Дөөлөтбек Сапаралиев, Айдарбек Көчкүнов жана Тынчтыкбек Чоротегин төрагалык кылышкан.

КЖТЖ 1989-1991-жылдардагы Кыргызстандагы саясий жараянга жигердүү катышкан. КЖТЖнын өкүлү (ал кездеги тзрага орун басары) Т. Чоротегин Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) уставынын (жобосунун) долбоорун даярдап, 1990-жылы 25-майда КДКнын уюштуруу жыйынында анын жобосу боюнча баяндама менен чыккан.

КЖТЖнын мүчөлөрү 1990-жылы октябрда ошол кездеги коммунисттик жетекчиликтин саясатына каршы ачкачылык иш-чарасына жандуу катышкан.

КЖТЖ мүчөлөрү (Нарынбек Алымкулов, Кыяс Молдокасымов жана башкалар) 1990-жылдын күчүндө - 1991-жылдын башында Бишкек шаарынын тарыхый аталышын калыбына келтирүү үчүн архивдик иликтөө жүргүзүүгө да катышкан.

КЖТЖ 1991-жылы июлда "Өмүр көчү" жүрүшүнө да жандуу катышкан. Бул жүрүш Чүй өрөөнүндөгү Асылбаш айылынан башталып, Кемин, Балыкчы аркылуу өтүп, андан соң экиге бөлүнүп, анын бир тобу - Нарындагы Торугарт ашуусуна чейин, экинчиси - Ысык-Көлдөгү Бедел ашусуна чейин барган.

Алар жер-жерлерде 1916-жылкы улуттук боштондук кыймылынын тарыхый ролу жана орду тууралуу жаңыча түшүнүк тууралуу калайыкка маалымат беришкен. Жүрүшкө кыргыздар эле эмес, орус элинин өкүлдөрү (Виктор Черноморец ж.б) да жигердүү катышкан.

КЖТЖнын илимий жана педагогдук иш-аракети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КЖТЖнын сүрөөнчүлүгү менен Кыргызстан, Борбордук Азия жана кыргыз улутунун тарыхына арналган бир катар жаңыча жазылган илимий монографиялар жана окуу китептер жарык көргөн, археология жана этнография боюнча илимий сапарлар уюштурулган жана талаш-тартыштуу темалар боюнча ырааттуу илимий талкуулар (дискуссиялар) жана жыйындар Бишкекте (Кыргыз улуттук университетинде, Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде, Кыргыз улуттук китепканасында жана башка илимий чордондордо) жана башка шаарларда өткөрүлүп турган.

КЖТЖнын көчмө жыйыны Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинде да өткөрүлгөн.

Аны уюштурууга жергиликтүү жаш илимпоздор Турсунбай Бакир уулу жана башкалар олуттуу көмөк көрсөтүшкөн.

КЖТЖнын төрагасы Тынчтыкбек Чоротегин жана мүчөсү Кыяс Молдокасымов 1995-жылы Түркияда илимий сапарда болуп, орток түрк тарыхы боюнча окуу китебин түзүү жараянына катышкан.

КЖТЖнын өкүлдөрү Т. Чоротегин жана Адылбек Кожобаев Кыргызстандын тарыхы боюнча жаңыча мамиле камтылган окуу программасын даярдашып (аларды профессор А. Чукубаев колдоп берген), 1989-жылдын сентябр айында кыргыз жана орус тилдеринде жарыялашкан.

КЖТЖнын атынан археолог Кубатбек Табалдиев археологиялык иликтөөлөрдү дээрлик жыл сайын жүргүзүп турган.

Тарыхчылар Токторбек Өмүрбеков, Ташын Кенесариев, Кыяс Молдокасымов, Өмүркул Караев, Тынчтыкбек Чоротегин, Арслан Койчиев жана башкалар КЖТЖнын колдоосу жана сунушу менен илимий эмгектерин жарыялашкан.

Кийинки тагдыры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1995-жылы ноябрда Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын негизинде Кыргызстан Тарыхчылар Жамааты (КТЖ) аттуу жаңы бейөкмөт коомдук бирикме - пост-советтик Кыргызстандагы жалпы (улуу жана кичүү муундардан турган) тарыхчы окумуштууларды баш коштурган илимий чыгармачыл уюм калыптанган.

Бул чыгармачыл уюм 2011-жылдын этегине чейин иштеп келди.

2012-жылдын 11-февралында анын ордуна "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмеси негизделди.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жалпы билим берүүчү орто мектептердин гуманитардык багыттагы 5-11-класстары үчүн программалар: Тарых / Авторлор: А.И.Идинов (жетекчиси), Т.Н.Өмүрбеков, К.С.Молдокасымов, М.Иманкулов, Л.Марченко, Т.К.Чоротегин. - Бишкек: Технология, 1997. - 116 бет.
  • Кара уулу Өмүркул. Көөнө түрктөр тарыхы. – Бишкек, 1994. (Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты).
  • Кененсариев Т. Исхак Асан уулу Полот хан. - Бишкек, 1997.
  • Кененсариев Т. Кокон хандыгы жана кыргыздар. - Ош, 1997.
  • Койчиев А.К. Осмонаалы Сыдык уулу жана анын «Тарыхтары». — Бишкек, 1992. — 46 б.
  • Молдокасымов К. Курманжандын көз жашы. - Бишкек, 1991.
  • Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (XIX к. башы — 1917-ж.): III бөлүк: Орто мектептин 8-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, А.Асанканов. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1998. — 196 б.
  • Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхы: (XVII - XX кк. башы): Орто мектептердин окуучулары үчүн кошумча сынак окуу куралы / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, А.Асанканов. — Бишкек: «Кыргызстан» басмасы, 1995. — 187 б. - ISBN 5-655-01032-1.
  • Өмүрбектегин Т.Н., Чоротегин Т.К. Түндүк Кыргызстандын Орусияга каратылышы. - Бишкек: "Учкун" концерни, 1992. - 24 бет. - (Кыргызстан Жаш Тарыхчылар Жамааты. "Кыргыз таануучунун китеп текчесине").
  • Табалдиев К.Ш. Куpганы сpедневековых кочевых племен Тянь-Шаня / Ред. П.Г.Манохин. — Бишкек: «Айбек», 1996. — 254 с., илл. (Фонд Соpос—Кыpгызстан).
  • Табалдыев Кубат Шакиевич. Древние памятники Тянь-Шаня. - Бишкек: V.R.S. Company, Университет Центральной Азии, 2011. - 320 стр. - ISBN 978-9967-26-422-9.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
  • Худяков Ю.С. Кыpгызы на пpостоpах Азии. — 2-е, испp. изд / Науч. pед. Т.К. Чоpотегин. — Бишкек: ПП Камекс-Детай ЛТД, 1995. — 187 с., илл. (Фонд «Соpос-Кыpгызстан»).
  • Чороев Т.К. О роли ассоциации молодых историков в пропаганде исторических знаний среди студентов // Роль учебного науч.-производст. комплекса (УНКП) “Педвуз - школа” в подготовке будущего учителя: (Тез. докл. Респ.науч.-метод. конф., 19-20 апр. 1990 г.) – Фрунзе: КЖПИ, 1990. – Часть1. - С.28-30.

Чороев Т.К. Фрунзеби? Бишкекпи? Жаш тарыхчылар аныкташат // Ленинчил жаш. – 1990. – 30-июнь.

  • Чоротегин Т., Молдокасымов К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (Эзелки замандан тартып б.з. VII к. башына чейин): Башталгыч курс: Орто мектептин 6-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, Ө.Караев. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1997. — 156 б.
  • Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (VII к. башы — XVIII к. аягы): Экинчи бөлүк: Орто мектептин 7-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, Ө.Караев. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1998. — 128 б.
  • Чукубаев А.А., Чороев Т.К., Кожобаев А.К. Кыргызстандын тарыхы: 1989-1990-окуу жылынын VIII (VII), ХI (Х) класстар үчүн Кыргыз ССРинин тарыхынын курсун тематикалык пландаштыруу // Мугалимдер газетасы. - 1989. - 1-сентябрь.
  • Чукубаев А.А., Чороев Т.К., Кожобаев А.К. Тематическое планирование по истории Киргизской ССР для VIII (VII) –ХI (Х) классов средней школы на 1989-1990 учебный год. // Учитель Киргизстана. - 1989. – 8-сентября.
  • Tchoroev T. Historiography of Post-Soviet Kyrgyzstan, in: International Journal for Middle East Studies, 2002, Vol. 34, p. 351-374 (USA); (2002 Cambridge Un-ty Press 0020-7438/02 )
  • Tchoroev T. Neue Curricula und Lehrbücher zur Geschichte Kyrgyzstans // Berliner Osteuropa Info: Informationsdienst des Osteuropa-Instituts der Freien Universität Berlin. — Berlin, 1997. — Nr. 9 / Juli. — S. 23.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]