Кыргызстан Демократиялык Кыймылы

Википедия дан

Кыргызстан Демократиялык Кыймылы, "Кыргызстан" Демократиялык кыймылы (КДК) - Советтик Кыргызстандын акыркы жылында түзүлүп, өлкөдөгү демократиячыл жараянды тездетүүгө үлүш кошкон алгачкы ири анти-коммунисттик бирикме.


Кыскача тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 1990-жылы 25-26-майда Кыргызстандын борбору Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында уюшулган.

Кадыралы Матказиев, кыргыз ишкери, 1990-1991-жж. "Кыргызстан" Демократиялык Кыймылынын (КДК) теңтөрагаларынын бири. Бишкек шаары, Кыргызстан. 2012-жылдын 26-ноябры.

КДКга Кыргызстандагы расмий коммунисттик саясатка каршы чыккан бир катар саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар жана айрым демократиялык маанайдагы интеллектуалдар мүчө болгон.

Ал уюмдардын арасында "Ашар" козголушу, үй куруучулар кыймылы,"Асаба" саясий кыймылы ("Асаба" партиясы кийинчерээк ошонун негизинде кайра уюшулган), Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты, жана башка уюмдар болгон. 1990-жылы апрелде негизделген "Асаба" кыймылын ал кезде Кадыралы Матказиев жетектеген.

Мурдагы КДКнын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналы Кожомбердитегин. 29.2.12.

Кийинчерээк республикада пайда болгон саясий партиялардын көпчүлүгү ушул КДКнын ичинен калыптанышып, бөлүнүп чыккан. КДКдан биринчи болуп 1991-ж. февралда "Эркин Кыргызстан", 1991-ж. ноябрда "Асаба" улуттук кайра жаралуу партиялары бөлүнүп чыккан.

КПСС бийликтеги жалгыз партия катары жашап турган мезгилде бул оппозициядагы партияларга жана саясий уюмдарга карата расмий мамиле начар болгон. Алар "бейформал" уюмдар делип аталып, жетекчилери массалык маалымдоо каражаттары тарбынан "эл бузаарлар" катары күнөөлөнүп, куугунтукка алынган. Бул абал КПСС таркатылып, СССР кулаганга чейин созулган.

Кийинчерээк КДКнын курамынан "Кыргызстан Укук Коргоо Кыймылы" (жетекчиси - Турсунбек Акун) сыяктуу коомдук уюмдар да бөлүнүп чыккан.

1993-жылы мурдагы КДКнын мүчөлөрүнүн бир бөлүгү КДК партиясын негиздешкен (бул жаңы партиянын лидери болуп Жыпар Жекше шайланган).

Жумамүдүн Кадырмамбетов, Бишкек. 14-июль, 2007-жыл.

Кыскача адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]



  • Чоротегин Т., Молдокасымов К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (ISBN 9967-00-001-5). – 160 б.
  • Чоротегин Т., Молдокасымов К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин) // Кыргызстан: Энциклопедия. – Бишкек, 2001.
  • Жекшеев Жыпар. Атуулдук биримдикке чакырам. — Бишкек, 2003. — 112 6. - ISBN 9967-20-870-8.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]