Аары

Википедия дан
Бал аары (Apis mellifera).

Аары (лат. Anthophila, Apoidea түркүмүнө кирет) - жаргак канаттуулар түркүмүндөгү курт-кумурска. Денеси түктүү, уз.1,5 мм-ден 5 см-ге чейин, көпчүлүгүнүкү 1-1,5 см. Аарынын ооз органдары кемирүүгө, жалоого ылайыкталып жаралган.
Аары өсүмдүктөрдү чаңдаштырууда зор роль ойнойт.

Аарынынн 30 миңге жакын түрү белгилүү, көпчүлүгү тропикалык жана субтропикалык өлкөлөрдө кеңири таралган.

Алар уюкташып жашоочу, жекече жашоочу жана күкүк Аары болуп бөлүнөт.

Уюкташып жашоочу аарылардын тобуна шимикчи аары, мелипон, Кыргызстанда кездешүүчү жапайы аары, Индияда аарынын үч түрү жана бакма аарылыр кирет.
Аарылардын мелипон тукумдары Америкада, тригон Австралияда, Африкада, Индияда, Индокытайда, Индонезияда жана Түштүк Америкада жапайы жашайт. Жапайы аарылар Орто Азиянын, Кавказдын, Башкортостандын токойлорунда көп кездешет.
Аары адегенде бакма түрүндө Индияда, Кытайда, Японияда, Ыраакы Чыгышта өстүрүлө баштаган.
Уюкташып жашоочу аарылар жер шартына, дарак көңдөйүнө, таштардын коңулуна, жардын же тамдын кычыгына уюктайт. Булар бакма А. сыяктуу эле жаңы уюк бөлүү менен көбөйөт.

Жекече жашоочу аарынын тукуму дүйнө жүзүндө өтө көп. СССРде бакчы, гүлчү, жыгаччы, ийинчи ж.б тукумдар бар. Булардын көпчүлүгү Орто Азияда, асыресе Кыргызстанда да кездешет.

Күкүк аарылар өздөрү уюк жасабай, башка аарылардын уюктарына тукумдайт.