Автомобиль жолу

Википедия дан

Автомобиль жолуавтомобилдердин белгилүү жүк жана ылдамдык менен үзгүлтүксүз, ыңгайлуу жана коопсуз кыймылын камсыз кылуу үчүн ылайыкталган жол курулуштарынын комплекси. Эл чарбачылык маанисине жана жол кыймылына жараша автомобиль жолу мамлекеттик, облустук, райондук, долбоорлоо нормасы жана курулушу боюнча техника беш категорияга бөлүнөт.

Автомобиль жолунун туурасынан кесилишиндеги көрүнүшү.

Автомобиль жолунун туурасынан кесилгендеги көрүнүшүн аныктоочу негизги элементтери: в чекиттеринин ортосундагы аралык а — топурак төгүлгөн тилкенин туурасы (эни), б — жолдун автомобиль жүрүүчү бөлүгү, г — жолдун автомобиль убактылуу токтой турган четтери, д — жолду бөлүүчү жантайма арыкча; е — кашат тилкеси, бул жерде жөө адамдар жана велосипедчендер жүрө турган жол салынат, байланыш каражаттары орнотулат.

Машина жүрүүчү бөлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Автомобиль жолунун машина жүрүүчү бөлүгү — жолдун негизги элементи. Анын бетине абдан бекем жол-курулуш материалдары төшөлөт. Төшөлгөн материал жылмакай эмес бүдүрлүү келип, тегиз жана автомобилдин дөңгөлөгү жакшы сүрүлүшкөндөй болушу керек. Автомобиль жолунун өзөн, терең коо жана башкалар менен кесилишкен жеринде жасалма курулуштар, көпүрө курулуп, ири түтүктөр орнотулат, өткөөлдөр жасалат.
Кыймылды жөнгө салуу үчүн автомобиль жолуна жол белгилери жана көрсөткучтөр коюлат. Кыргызстанда 1928-ж. 5103 км жол болуп, анын 35 км гана катуу төшөм (асфальт, бетон, кара шагыл жана башкалар) менен капталган. 1940-ж. катуу төшөм менен капталган жолдун жалпы узундугу 1,2 миң км ге жеткен. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Кыргызстанда ФрунзеРыбачьеНарынТоругарт, Нарын — Казарман, Ысык-Көлдүн тегереги, Фрунзе- Хорог, ТаласЖамбыл сыяктуу ири жолдор курулган, пайдаланылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-т. -Б.:1976.