Ысык-Көл областы

Wikipedia дан
Ысык-Көл областы
Ысык-Көл областы
Негизделген: [[]]
Борбору: Каракол шаары
Аянты: 43,1 миң км²
Калкы: 423,0 миң адам
Калкынын жыштыгы: 9,8/км²
ISO 3166-2:
Административдик бөлүүнүсү: 3 шаар,
5 шаар тибиндеги айыл,
58 айыл кеңеши,
181 айыл
Губернатору:

Ысык-Көл аймагы эң оболу санаторий-курорт, ден соолук чыңдоочу, тарыхий, рекреациялык жана тоо туризми менен кеңири белгилүү. Көлдүн жээгинде, бир мезгилде 30 миң эс алуучу адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар 128 санаторий-ден соолук чыңдоочу мекемелер жайгашкан.

Ысык-Көл туристтик аймагы маданий-тарыхый эстеликтерге өзгөчө бай. Бул жерде бир нече миң эстелик катталган, анын ичинен 320 объектиси мамлекет тарабынан коргоого алынып, 1 500 археологиялык эстелик расмий каттодон өткөн. Алардын арасында таш, коло жана темир доорлорунун эстеликтери (жатактар, үңкүрлөр, аскадагы жазуулар), орто кылымдагы таш скульптуралары, байыркы түрктөрдүн жазуулары, шаарчалар жана чакан шаарчалар бар.

Б. з. ч. II миң – б. э. VIII кылымдардын аралыгында деп болжолдонгон Чолпон-Ата капчыгайындагы жана башка жерлердеги аскалардагы жазуу-петроглифтер эсепке алуу дээрлик мүмкүн болбогон байыркы эстеликтердин чакан тобун түзөт.

Түп районундагы Күрмөнтү айылынын жанындагы падыша коргону – алгачкы көчмөндөр доорунун таасын эстелиги. Ушул өңдүү эстеликтер Ысык-Көл сыяктуу эле Кыргызстандын башка туристтик аймактарында дагы бар. Бул б. э. ч. VII кылымдан б. э. II кылымына чейин Орто Азияда жашаган, Кир менен Дариянын перс жоокерлерин, андан соң Александр Македонскийди токтоткон айбаттуу күч болуп эсептелген малчы сактардын күмбөздөрү.

Ошол эле доордо бул аймактарда отурукташуу-дыйканчылык маданияты жаралган. Айрым жазуу булактарында Чигу шаарынын (Кызыл-өрөөн шаары) эскерилиши анын күбөсү болуп эсептелет, айрым изилдөөчүлөр белгилегендей, Түп булуңунун Сары Булуңундагы суу алдындагы урандылар мына ошол шаардын калдыктары. Кийинки заманда отурукташуу дыйканчылык маданияты кыйла туруктуу мүнөзгө ээ болгон, ал туурасында археологиялык жана жазма булактар күбөлөп турат. Бул тууралуу күбөлөгөн акыркы тарихий-маданий эстелик катары Тору Айгырдагы ХIV кылымдагы мончонун урандыларын эсептесек болот. Аскалардагы тибет жазуулар түрүндө сакталган Будда эстеликтери эл арасына кеңири белгилүү. Тамга капчыгайында бири-биринен бир чакырымча аралыкта жайгашкан төрт таштагы жазуулар алардын ичинен эң маанилүүсү болуп саналат.

Шилтемелер[оңдоо]


Кыргызстандын акимий бөлүүнүсү Кыргызстандын желеги
Областар: Баткен областы | Жалалабат областы | Ысык-Көл областы | Нарын областы | Ош областы | Талас областы | Чүй областы
Шаарлар: Бишкек | Ош (шаар)