Ажыбекова, Гүлсара

Википедия дан
Гүлсайра Ажыбекова
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Гүлсайра Ажыбекова
Туулган жылы: 27-март 1950-жыл
Туулган жери: Нарын шаары, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр актрисасы, киноактриса
Наамдары: КРнын эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, Казакстандын эмгек сиңирген артисти
Иштеген театры: Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1972-жылдан ушул кезге чейин

Ажыбекова Гүлсайра – театр жана киноартисти.

Өмүр жолу жана чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүлсайра Ажыбекова 1950-жылы Нарын шаарында туулган. Ал нарындын моңолдор уруусунан болот
Орто мектепти Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек шаары) аяктаган соң, 1967-жылы Москвадагы мамлекеттик театр искусствосу иниститунуна (ГИТИС) тапшырып, аны 1972-жылы бүтүргөн. Ошондон тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында артист болуп иштеген.
Ал кыргыз улуттук, орус жана чет элдик драмаларындагы көптөгөн негизги ролдорду жогорку чеберчиликте аткарган.
Театр чөйрөсүнө алгачкы эле сахналык дебюту – "Ашырбай" драмасындагы Асылкандын ролу менен таанылган.
Г.Ажыбекова кыргыз сахнасынын жана киносунун интеллектуалдуу артисттеринин катарына кирет.
“Өлөрман эне” спектаклиндеги Катриндин ролу үчүн актриса СССРде Брехттин чыгармалары боюнча өткөрүлгөн бүткүлсоюздук кароо-сынакта байгелүү орунду жеңип алган.
Ал эми 1990-жылы Тажикистандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөрүлгөн “Нооруз” эларалык театр фестивалында “Аялдын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн” номинациясын жеңип алган.
Гүлсайра Ажыбекова кыргыз киносунун да ажарын ачкан актриса. Ал кыргыз көрүүчүлөрүнө 1974-жылы тартылган “Кызыл алма” фильминдеги Сабиранын ролу менен дароо таанылган. Ошондон тартып, ал ондогон кинообраздарды жаратты.

==Театрда аткарган негизги ролдору==Асылкан (Т.Абдумомунов. "Ашырбай").
Зуураш (М.Касенов. "Алда даш жубайлар, ай")
Кручинина, Коренкина (А.Н.Островский. "Күнөөсүз күнөөлүлөр").
Зубаржат (Мустай Карим. "Ай тутулган түндө").
Комиссар (Вс.Вишневский. "Оптимистик трагедия").
Гүлжан (Ч.Айтматов. "Фудзиямадагы кадыр түн").
Уркуя (Н.Байтемиров. "Уркуя").
Бүбүжан (Ч.Айтматов. "Жаныбарым, Гүлсары!").
Раневская (А.П.Чехов. "Алчалуу бак").
Флорелла (Лопе де Вега. "Бий мугалими").
Катрин (Бертольт Брехт. "Өлөрмөн эне жана анын балдары").
Бүбүжан (Ч.Айтматов. "Жаныбарым, Гүлсары!").
Елизавета (Шекспир. "Ричард III").
Кайып эне (Ж.Кулмамбетов. "Кагылайын, Манасым!") ж.б.

Кинодо аткарган ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сабира (“Кызыл алма”)
Алтынай (“Аманат”)
Эне (“Эрте жаздагы турналар”)
Дарыйка (“Процесс”)
Бермет (“Толкундар жээкте жоголот”)
Жамийланын кайын энеси (“Жамийла”)
Үкүбала (“Кылым карытаар күн”)
Толгонай (“Саманчынын жолу”)
Найман эне (“Маңкурт”) ж.б.

Наамдары жана сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын эл артисти , Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Энциклопедия."Нарын облусу", Бишкек, 1998-жыл. ISBN 5 – 89750 – 100 - 1
  • Абдышев К.Кылым инсандары. Бишкек, 2003-жыл.
  • Ж. Кулмамбетов. Режиссер Бообек Ибраев. Бишкек, Принт-Экспресс, 2015-жыл.