Ак-Суу, Москва районундагы суу

Википедия дан
Ак-Суу
Мүнөздөмө
Узундугу 155 км
бассейндин аянты 483 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Ак-Суу, Москва районундагы суу - Чүй дарыясынын сол куймасы. Узундугу 155 км, алабынын аянты 483 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, Жарташ жана Чоң-Таш суулары кошулгандан кийин Ак-Суу аталат. Жогорку агымы кууш капчыгай аркылуу агып, Чүй өрөөнүнө чыкканда нугу кеңейип, тайыздай баштайт. Куймалары: Жарды-Суу, Темене, Ак-Башат, Чоң-Таш, Бултуке ж. б. Алабында аянты 4,21 км2ге жеткен 77 майда көл бар. Май айында кирип, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 3,80 м3/сек; эң көбү - 11,8 м3/сек, эң азы 1,45 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Ак-Башат, Жарды-Суу, Кепер-Арык, Темен-Суу, Ак-Суу, Мураке, Акторпок кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1