Аманулла-хан

Википедия дан
Аманулла-хан
фарс. شاه امان‌الله خان
Аманулла-хан
Желек
Желек
Ооганстандын эмири
28-февраль 1919 — 9-июнь 1926
Андан мурунку: Насрулла хан
Андан кийинки: наамы жоюлган
Желек
Желек
Ооганстандын королу
9-июнь 1926 — 14-январь 1929
Андан мурунку: наамы белгиленген
Андан кийинки: Инаятулла хан
 
Дини: Ислам
Туулган жылы: 1-июнь 1892
Туулган жери: Пагман, Ооганстан Эмирлиги
Каза болгон жылы: 25-апрель 1960
Каза болгон жери: Цюрих, Швейцария
Мүрзөсүнүн орду: Кабул
Уруусу: Баракзай династиясы
Атасы: Хабибулла хан
Балдары: 4 уул, 5 кыз

Аманулла-хан (1892-1960) - ооган королу (1919-29). Улуу Британияга каршы Аманулла-хан башында турган ооган элинин боштондук күрөшү ийгиликке жетишип, 1919-ж. 28-февралда Ооганстан көз каранды эмес мамлекет катары жарыяланган. 1919-ж. РСФСР менен достук келишимин, 1926-ж. бейтараптык жана өз ара кол салышпоо жөнүндө СССР менен келишим түзгөн. Аманулла-хандын реформалары улуттук экономиканы жана маданиятты өнүктүрүүгө жана мамлекеттин көзкаранды эместигин бекемдөөгө багытталган. Анын тушунда кулчулукка каршы, балакатка жетпей никелешүүгө, ошондой эле калың төлөп, аял алууга ж. б. тыюу салган мыйзамдар кабыл алынган. Көптөгөн жаш оогандыктар билим алууга мамлекет тарабынан Европага жана Түркияга жиберилген. 1923-ж. Ооганстандын алгачкы Конституциясы кабыл алынган. 1928-29-ж. Ооганстанда Аманулла-хандын реформаларына нааразы болгон мусулман дин башчылары козголоң уюштуруп, Аманулла-хан чет жерге качууга аргасыз болгон. Цюрихте (Швейцария) дүйнөдөн кайтып, сөөгү Желалабадга (Ооганстан) коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]