Арап жарым аралы

Википедия дан
Араб жарым аралы‎»‎ барагынан багытталды)
Арап жарым аралы.

Арап жарым аралы (араб. شبه الجزيرة العربية, Шибх уль-джазӣра уль-Арабийя), Арапыя — Түштүк-Батыш Азияда жайгашкан жарым арал. Дүйнөдөгү эң чоң жарым аралдардын бири.

Аймактын жарымынан ашыгын Сауд Арабиясы ээлейт. Арап жарым аралында ошондой эле Йемен, Кувейт, Катар, Бириккен Арап Эмирликтери, Оман, Ирак менен Иорданиянын айрым бөлүктөрү жайгашкан.

Батышынан Кызыл деңиз, түштүгүнөн Аден булуңу жана Арап деңизи, чыгышынан Инди океанынын Оман жана Перс булуңдары менен чектешет.

Климаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Климаты тропиктик, кургак, түндүгүндө субтропиктик. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 50-100 мм, тоолордун айрым жерлеринде 500 мм ден ашык. Такай аккан дарыя дээрлик жокко эсе; кургак дарыя нугу (вади) мүнөздүү. Кумдуу жана таштуу чөлдөр (Чоң жана Кичи Нефуд, Дехна, Руб-эль-Хали ж.б.), кээ бир жеринде жарым чөл басымдуу. Тоолордун айрым жерлеринде саванна жана сейрек токой өсөт. Оазистер сейрек учурайт.

Рельефи[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жарым аралдын түндүк чеги шарттуу түрдө 30° түндүк кеңдиктен өткөрүлөт. Жээктеринде булуң-буйткалар аз. Рельефинде түздүк жана плато басымдуу; алар батыш, түштүк жана чыгышында четки тоолорго (бийикт. 3600 м ге чейин) өтөт.

Кызыл деңиз менен Перс булуңун жээктей Тимаха жана Эль-Хаса ойдуңдары жайгашкан. Перс булуңунун жээгине жакын нефтинин ири кени бар.

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]