Асанов, Темиркул Ишекеевич

Википедия дан

Темиркул Ишекеевич Асанов (1962-жылдын 11-сентябрында туулган) - кыргызстандык заманбап тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты, ага илимий кызматкер.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Темиркул Ишекеевич Асанов 1962-жылдын 11-сентябрында Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында туулган. Атасы Ишеке Асанов (1913-1994) - мал дарыгери болуп иштеген. Энеси Түкөш Асанова (1927-1989) айылда колхозчу жана жумушчу болуп иштеген.

Темиркул 1979-жылы айылындагы Ленин атындагы орто мектепти аяктаган.

Ошол эле жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин) тарых факультетине окууга тапшырган.

1984-жылы аталган факультетти ийгиликтүү аяктаган.

1984-88-жылдары Кочкор районундагы Калинин атындагы орто мектепте тарых мугалими болуп, анын ичинде Комсомолдун Кочкор райкомунун кызматкери болуп да иштеген.

1988-жылдан тартып Кыргыз педагогикалык илим изилдөө институтунда кенже илимий кызматкер болуп иштеди.

1990-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Тарых институтунда (азыркы Тарых жана маданий мурас институтунда) кенже илимий кызматкер болуп иштей баштаган.

Учурда аталган институтта Кыргызстандын байыркы мезгилден 19-кылымдын соңуна чейинки тарыхы бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келет.

2000-жылы Улуттук Илимдер Академиясынын Тарых институтунда диссертациясын ийгиликтүү жактап, тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган.

Илимий жетекчиси - маркум профессор Өмүркул Караев (1930-2002) болгон.

Азыркы тапта Т.Асанов кыргыздардын орто кылымдардын кеч мезгилиндеги жана жаңы доордогу көчмөндүк турмуш таризи жана этносаясий түзүлүшү менен байланыштуу иликтөөсүн улантууда.

Темиркул Асановдун өз устаты Өмүркул Караевди эскергени[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"1990-жылы февраль айында мен Кыргыз Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунун директору Абдыганы Эркебаевдин кабыл алуусуна барып калдым. Максатым академияга кызматка кирип, келечекте илимпоз болуу эле. Абдыганы агай мени кабыл алып, кыргыз элинин оозеки тарыхый мурастарына байланышкан бир нече суроолорду узатты. Мен ал суроолорго жооп берген соң: "Сен эми тарыхчы экенсиң, бизде бир көрүнүктүү окумуштуу бар, ошонун бөлүмүндө иштейсиң", - деп арызыма кол коюп берди.

Аңгыча кабинетке жапалдаш бойлуу өзүнө тыкан, чачын ак аралап калган, арыкчырай жана көз карашы кыраакы адам кирип келди. Ал киши менен тааныштырып: "Бул жигит тарыхчы экен сиздин бөлүмдө иштейт, кийин конкурстан өткөрүп туруп бекитебиз",- деди Абдыганы Эркебаев. Буга чейин Өмүркул Караевди студент чагымда бир көрсөм, эми жанында туруп көзмө-көз тааныштым.

Эсимде, 1981-жылы университеттин тарых факультетинин окутуучулар жана студенттер жамааты, көрүнүктүү окумуштуулар К.И.Петров, Ө.Караев жана ал кезде жаш илимпоз А.Мокеев менен жолугушуу өткөрүп, анда кыргыз этногенези боюнча илимий талкуу уюштурушкан. Талкуу абдан кызуу жүрүп, окумуштуулар кыргыз элинин келип чыгышы тууралуу өзүлөрүнүн ойлорун айтышып, бирок бирдиктүү пикирге келе алышкан эмес. Ошондо эле, Өмүркул Караев менен К.И.Петровдун көз караштары аталган маселе боюнча карама-каршы экендигин баамдасам да, кийин алардын эмгектерин окуу менен алардын пикирлеринин кайчы экенин терең түшүндүм. Анан тагдыр буйруп студент кезде бир көргөн окумуштуу менен кийинчерээк бир канча жылдар бою чогуу иштешүүгө туура келди.

Өмүркул Караев ал кезде Тил жана адабият институтунун карамагындагы кол жазмалар жана жарыялоо бөлүмүнүн башчысы кызматында турган. Учурунда тарыхчы жана фольклор иликтөөчүлөрдөн турган бул бөлүм, мезгилдин талабына жараша түзүлүп кол жазма булактарды изилдөө, чогултуу жана жарыялоо боюнча илимий иштерди жүргүзгөн. Кийин бул бөлүм жоюлуп кетип, Өмүркул Караев жана аны менен кошо тарыхчылар тарых институтуна которулганбыз.

Өмүркул агай өзүнүн кесибине абдан берилген, күнүмдүк турмуштун башка нерселерине анча кызыга бербеген өзүнчө бир жан дүйнөсү бай адам эле. Ал болгон күч кубатын жана дараметин илимге гана арнап ар дайым китепканада же кабинетинде иштеп олтурганын көрчүбүз. Чогуу иштеген жылдардын учурунда өз алдынча гезит окуганын байкасак да кайсы бир саясый окуя, өлкөнүн ичиндеги турмуш же болбосо инсандар тууралуу өзүнүн кесиптештери, кызматкерлери менен талашып-тартышып же кандайдыр бир айың сөздөрдү эч убакта сүйлөшпөгөнүбүздү жакшы билем. Бул жагынан агайдын жан дүйнөсү таза болучу.

Бош убактыларында агайдын тели-теңтуштары кабинеттеринде шахмат ойноп, кызуу сөзгө кирип кетишээр эле. Өмүркул агай эч убакта аларга басып барчу эмес. Эгер жаш кызматкерлердин арасынан ага азгырылгандар болсо, акырын гана чакырып алып: "Балдар өз ишиңер менен алектенгиле, андан пайда жок", - деп коючу. Ошондуктан биз агайдын сөзүн туура кабыл алып ал киши менен маңдай-тескей олтуруп иштештик. Өмүркул агайдын иштөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү менен эгер ал өзүнө мынчалык бекем болбосо чоң илимий эмгектер жаралмак беле деп ойлойсуң. Биз агайдын ушул илимий эмгектери тууралуу да азыноолак сөз кылсак.

Өмүркул агай өзүнүн илимий эмгектери менен кыргыз тарыхын изилдөөдө терең из калтырды. 1964-жылы Москва шаарында Чыгыш таануу институтунда кандидаттык диссертациясын коргойт. 1968-жылы "Арабские и персидские источники IX-XII вв. о киргизах и Киргизии" аттуу монографиялык эмгеги жарык көрөт. Монографияда автор орто кылымдагы кыргыздар жана Кыргызстандын аймагындагы шаар-кыштактар, географиялык аталыштар, соода маршруттары жана бул аймакты байырлаган уруулар жана этностор тууралуу араб-перс булактарындагы баалуу маалыматтарды иликтеп чыккан. Ушул эмгегинде Өмүркул агай кыргыздар Теңир тоодо моңгол дооруна чейин т.а. X-XI кылымда жашап тургандыгын ырастаган маалыматтарды да келтирген. Аталган эмгеги жарык көргөндөн кийин Өмүркул агай илимий чөйрөдө кыргыздан чыккан алгачкы арабист катары таанылып калган.

Орто кылымдагы булактарды терең изилдөөнүн кезегинде пайдасы тийди. Анткени, 1960-жылдын аягы жана 1970-жылдын баш чендеринде Өмүркул агай Москвадан чыккан илимий басылмаларга макалаларын жарыялап, илимде талаш болуп келген кыргыз элинин этногенези маселеси боюнча көз караштарын билдире баштаган. Өзгөчө К.И.Петровдун жана Л.Р.Кызласовдун дарегине жана илимий көз караштарына карата жазылган сын макаласы "Совет-ская этнография", "Народы Азии и Африки" ж.б. журналдарга жарыяланып, илимий коомчулук тарабынан колдоого алынган.

Ошол учурда Кыргызстандын тарыхнаамасында Карахандар кагандыгынын мезгилин иликтөө актуалдуу маселе катары күн тартибинде турган. XIX кылымдын 30-жылдарынан баштап аталган мамлекеттин тарыхын европалык окумуштуулар изилдей башташкан. Бул мамлекетти изилдөөдө орус-советтик чыгыш таануу мектеби да олуттуу салым кошкон. Өзгөчө карахандардын тарыхын изилдөөдө чыгыш таануучу академик В.В.Бартольд чоң эмгек сиңирген. Бирок ошондой болсо да бул мамлекеттин тарыхына байланышкан көп маселелер ачыла элек болчу. Өмүркул агай өзүнө чейинки жетишкендиктерди эске алып 1970-жылдардын аягында карахандардын тарыхын изилдөөгө киришет. 1983-жылы "История Караханидского каганата (X-нач. XIII вв.)" аттуу көлөмдүү монографиясы жарык көрөт. Бир жылдан кийин аталган маселе боюнча Өзбекстан Илимдер Академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргойт.

Карахандар кагандыгынын тарыхы жөнүндөгү эмгеги Өмүркул Караевдин илимий ишмердигиндеги өзүнчө бир бийиктик болуп калды десек туура болот. Анткени советтик чыгыш таанууда жана түркологияда буга чейин мындай монографиялык изилдөөлөр жазылган эмес. Ошондуктан бул эмгек карахандардын тарыхы боюнча кеңири булактардын негизинде мазмундуу жазылган изилдөө катары кабыл алынып, тез эле сейрек китепке айланган. Бул эмгеги Өмүркул агайды тыягы Түркиядагы, быягы Москва-Ленинград жана Орто-Азиядагы окумуштуулардын арасында карахандардын тарыхы боюнча дасыккан таанымал адис экендигин көргөзгөн.

Эмгекте карахандардын тарыхын изилдегендер, мамлекеттин аймагындагы уруулар жана элдер, аны негиздеген династиянын келип чыгыш теги, саясый тарыхы жана чарбалык-экономикалык маселелери изилденген. Баарыдан да карахандардын мамлекетин негиздеген династия боюнча изилдөөлөрдө ар кандай талаш-тартыш жүрүп келгендигине карабастан, Өмүркул Караев алардын чигил уруусунун чөйрөсүнөн чыккандыгы тууралуу илимий тыянакка келген. Бул көз караш аталган мамлекеттин тарыхын изилдөөдөгү абдан негиздүү салым болгон. Караевдин пикиринде кыргыздар дагы карахандар мамлекетинин түзүлүшүнө кыйыр салымын кошушкан жана өлкөнүн чыгыш чет жакаларын жердеп, ушул аймакта алардын эл болуп калыптануу доору башталган.

1990-жылдары Өмүркул агай соңку орто кылымдардагы Кыргызстандын тарыхы жана кыргыз элинин этногенези маселесинин айланасында ой жүгүртүп, жаңы илимий эмгектерди жана издилдөөлөрдү жараткан. Ошол жылдары тарых илими саясаттан четтеп, бир аз өз алдынчалыкка ээ болуу менен кыргыз тарыхынын айрым маселелерин жаңыча изилдөөгө кадам жасалган. Ушуга байланыштуу Өмүркул Караев жетектеген илимпоздордун тобу кыргыз элинин этногенези жөнүндө "Вопросы этнической истории кыргызского народа" аттуу жаңы илимий жыйнакты даярдашып, Теңир тоо жана Енисей кыргыздарынын өз ара байланыштарын чагылдырган маалыматтарды киргизишкен. Бул жыйнакка кирген макалаларында Өмүркул агай "История Киргизской ССР" деген эмгектин 1984-жылдагы басылышынын 1-томундагы этногенез боюнча жазган авторлордун пикирлерин сынга алып, аталган кыргыздардын түпкү теги бир эл экендигин жана енисейлик кыргыздар азыркы кыргыздардын уюткусун түзүүгө түздөн-түз катышкандыгын далилдеп берген. Бул эмгек кыргыз элинин теги тууралуу соңку мезгилдерде жазылган көрүнүктүү изилдөөлөрдөн болуп калды.

Моңгол доорундагы мамлекеттик түзүлүштөрдүн тарыхын изилдөөдө Өмүркул Караев чоң салым кошкон.

1995-жылы анын "Чагатайский улус. Государство Хайду. Моголстан" аттуу монографиясы жарык көргөн. Аталган эмгек Кыргызстандын аймагында XIII-XVI кылымдардагы болуп өткөн тарыхый процесстерди чагылдыруу менен Чыңгыз хандын империясы кулагандан кийинки мезгилдердеги мамлекеттик түзүлүштөрдүн тарыхын баяндаган. Бул мамлекеттердин түзүлүшү менен Кыргызстандын аймагында жаңы тарыхый-этникалык процесстер жүрүп түрк-моңгол урууларынын өз ара аралашуусунун натыйжасында, жаңы элдердин пайда болгондугу көрсөтүлгөн. Ушул тарыхый процесстердин өңүтүндө кыргыздардын Моголстандын тарыхый аренасына чыгышы, өз алдынчалыгын сактап калышы, мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы жана эл болуп түзүлүшүнүн аякташы жөнүндөгү маселелерди Өмүркул Караев абдан терең изилдеген. Монография моңгол доорундагы кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхын толук чагылдырган баалуу эмгек болуп саналат.

Өмүркул агай өз мезгилинде тарых илимин эл арасына кеңири жайылтуу аны пропагандалоо багытында көп эмгектенген. Анын илимий-популярдуу макалалары "Ала-Тоо", "Кыргызстан маданияты" сыяктуу эл кадырлаган гезит-журналдарга, "Кыргыз Улуттук Энциклопедиясына", "Манас Энциклопедиясына", облустук энциклопедияларга жана башка илимий басылмаларда жарык көргөн. Мындан тышкары анын демилгеси жана жетекчилиги менен көрүнүктүү окумуштуулар В.В.Бартольддун жана С.М.Абрамзондун кыргыз жана Кыргызстандын тарыхы боюнча тандалган чыгармалар жыйнагы эки тилде жарык көргөн. Өмүркул агай белгиленген көлөмдүү монографияларынан сырткары 150дөн ашык ар кандай мазмундагы илимий эмгектердин автору болгон.

Чыгаан окумуштуу 2003-жылы катуу ооруудан кайтыш болду. Бирок анын эмгектери жана тарбиялап кеткен шакирттери калды. Алар агайдын илимий жолун азыр да улантышууда. Өмүркул агай акыретке чейин сообу тийе тургандай эмгектерди калтырды десек болот. Анткени анын эмгектери элдин пайдасына, алардын рухий жан дүйнөсүнө кызмат кылууда.

Ал өмүр бою илим деп, болгондо да кыргыз тарыхындагы терең изилденбеген орто кылымдагы тарыхын изилдейм деп жүрүп, өз турмуш-шартына деле көңүл бурбады. Атактуу тарыхчы, илимдин доктору болгонуна карабай, эки бөлмөлүү тар (Хрущев үйү) үйдө жашап өттү. Ал мезгилдеги бийлик Өмүркул агайдын кадырына жетип жашоо-шартына кызыгып да койгон жок. Бирок, анын калтырган эмгеги келечек муун үчүн өлбөс-өчпөс болуп жаркырап жана бермекчи".

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү. Жубайы - Роза Султангазиева. Азыр ал үй кызматкери. Төрт кыздуу. Кыздарынын аттары - Карлыгач, Нуржамал, Танзилия, Акбийке.

Темиркулдун агаларынын бири - белгилүү кыргыз окумуштуусу, педагог Назаркул Ишекеев.

Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанов, Т.И.
  • Т.И.Асанов, Г.О.Эсеналиева. Проблемы истории кыргызов и Кыргызстана в исследованиях Омуркула Караева. Орусча макала(жеткиликсиз шилтеме).

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]