Асыл таштар

Wikipedia дан

Асыл таштар – эреже катары, кристалл формасында кездешүүчү, табигый казылып алынуучу минералдар. Өздөрүнүн өзгөчө физика-оптикалык касиеттери жана жасалгалык сапаттарына карата зергердик жумуштарда пайдаланылат. А. т. түссүз же кооз таза түрдө болот, жылтырактыгы, тунуктугу, жарык чыгаруу касиети, бекемдиги, кырдоого ыңгайлуулугу менен айырмаланат. Классификациясы б-ча А. т. 4 класска бөлүнөт (СССРде кабыл алынган классификация б-ча): 1-класс – алмаз, рубин, көк сапфир, зымырт (изумруд). 2. стихиялык кырсык, сырткы жагымсыз шарттардын же зыяндуу, билбестик менен жасалган таасирлердин негизинде көркөм чыгарманын жарым-жартылай, толук эмес бузулушу. 2-класс – александрит, асылтектүү кара опал, асылтектүү жадеит жана башка 3-класс – асылтектүү шпинель, асылтектүү ак жана оттуу опал, аквамарин, топаз, родонит, кызыл турмалин жана башка 4-класс – хризолит, циркон, кунцит, сары, жашыл, мала кызыл берилл, пироп, альмандин, бирюза, аметист, хризопраз, цитрин жана башка 1-класска мындан сырткары моллюсктардын денесинде пайда болчу бермет кошулат. Илгертеден эле А. т. татаал символикадан турушкан жана аларды сыйкырдуу касиетке ээ деп билишкен. Жасалга катары А. т. ар бири өзүнчө жана татаал композицияда колдонулган. Кээ бир А. т. жасалма жол менен алынат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]