Саат

Википедия дан
Электрондук саат.
Механикалык саат.

Саат – убакытты эсептөөчү курал.

Сааттын иштеши турактуу мезгилдүү процесстер: Жердин айланышы (Күн сааты), маятниктин (механикалык жана электр-магнит сааты), кварц пластинкасынын (кварц сааты), камертондун (камертон сааты) термелүүсү, атомдун бир энергия абалынан экинчи абалга өтүшү (кварц сааты) пайдаланылат.
Саатта убакытты эсептөө пайдаланылуучу процесстин мис., маятниктин термелүүсү мезгилдүү санын өлчөөгө келтирилет. Саат турмуш-тиричиликте колдонулуучу жана атайын арналыштагы саатка бөлүнөт. Өтө эле так сааттарга камертондуу (каталыгы ±0,1 сек), кварцтуу (10-7сек), атомдук (10-9 сек) сааттар кирет[1].

Жасалма сааттар көп кездешет, анткени аларды чыгаруу кирешелүү бизнес[2].
Эң алгачкы саат – Күн сааты. Ал б. з. ч. 2 миңинчи жылы пайда болгон. Азыркы механикалык саатты 1657-ж. Х. Гюйгенс жараткан. 20-к-дын 70-ж-дарынан электрондук саат кеңири тараган.

Кошумча макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]