Жаратылыш

Wikipedia дан

Жаратылышааламдын материалдык дүйнөсү, маңызы боюнча табигый илимдерди изилдөөчү объект. Турмушта "жаратылыш" сөзү көп учурда табигый жашоо чөйрө деп аталып жүрөт. (адамдын колунан жасалбаган баардык нерселер)

Чагылган жаркыроосу Галунггунг жанар тоосу атылганда, Батыш Ява, 1982 жыл
Аполлон-17 тарткан Жердин фотосүрөтү, 1972 жыл

Жер

Жердин түзүлүшү

Жер - азыркы убакыттагы жашоо бар жалгыз планета, жана анын табият өзгөчөлүктөрү көп илимдердин изилдөө темасы. Күндөн тартып эсептегенде Күн системасындагы үчүнчү планета жана жер группасындагы планеталардын арасынан диаметри, тыгыздыгы жана массасы боюнча эң чоң планета. Жердин негизги климаттык өзгөчөлүктөрүнөн анын эки чоң уюлдук аймагы, эки салыштырмалуу мелүүн жана бир кең экватор-тропикалык аймактырынын бардыгы менен шартталган.

Планетада атмосфералык жаан чачындын көлөмү жайгашкан жерине байланыштуу жана бир калыпта эмес,бир миллиметрден тартып жылына бир нече жаан чачын гана жүргөн жерлер бар. Жер бетинин 71 % океан суулары ээлейт. Калган бөлүктөрү кургакконтиненттерден жана аралдардан турат, ошондой болсо да кургактыкты ээлеген элдин басымдуу бөлүгү түндүк жарым шаарда жайгашкан.

Жердин эволюциясы геологиялык жана биологиялык процесстердин өнүгүүсү менен шартталат. Планентанын үстү бир нече тынымсыз кыймылда болуп турган литосфералык плиталар менен бөлүнгөн, алар өз учурунда периодикалык мезгилдердеконтиненнттерди ажыратып жана бириктирип турат. Жердин ички бөлүгү мантиянын эритилген калың катмарынан жана темир өзөктөн, гененендирлөөчү магниттик талаадан турат.

Азыркы атмосферанын курамы баштапкы калыбындагы ар кандай жашоо калыптарынын тиричилик аракетинен улам бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болуп, экологиялык тең салмакты сактоо менен, жана үстүндөгү жашоо шарттарын турукташтарып турушкан.[1] Бирок климаттын бир кыйла кеңдик жана географиялык факторлорунун өзгөрүлгөнүнө карабай,орточо глобалдык климат муз доорлорунун[2] арасы убакытында бир топ эле туруктуу,орточо глобалдык температуранын 1-2 градус өзгөрүүсү[3] экологиялык тең салмактуулукка жана Жердин географиясына бир кыйла залакасын тийгизген[4] [5]

Геология

Негизги макала: Геология
Тектоникалык плита чектеринин үч тиби

Геология - жер кыртышы жана Жердин андан терең жаткан катмарлары жөнүндөгү илимдердин комплекси. Ууз мааниде, жер кыртышынын курамы, түзүлүшү, кыймылы, өнүгүп-өрчүү тарыхы жана андагы кен байлыктардын пайда болушу, жайгашышы жөнүндөгү илим. Геологиялык изилдөөлөр негизинен тоо тектерге, минералдарга, кендерге, геологиялык кубулуштарга жер бетинен түздөн-түз байкоо жүргүзүү ыкмалары аркылуу ишке ашат. Белгилүү аймактын геологиялык жактан изилдениши андагы көрүнөө жаткан тоо тектерди аныктоо, салыштыруу, алардын үлгүлөрүн алып, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдөн башталат.

Тарыхы

Пангея суперконтинентинин бөлүнүү анимациясы

Илимпоздордун ою боюнча Жер 4,54 млрд жыл мурун чаңдуу газ булутунан, Күн жана башка планеталар менен бирге жаралган.Ай болсо 20 млн жыл кийинчерээк Жердин массалуу зат менен кагылуушуусу аркылуу пайда болгон. Жердин эриген сырткы катмары убакыттын өтүшү менен муздап отуруп катуу кабыкка айланып - кыртыш түзүлгөн. Газдардын бөлүнүп чыгуусу жана жанар тоолордун күжүрмөндүгү алгачкы атмосферанын пайда болушуна өбөлгө түзүшкөн. Суу буусунун конденсациясы(көбүнчөсү кометанын музу аркылуу пайда болушкан) океан жана башка суу ресурстарынын пайда болушуна шарт түзгөн. Андан кийин эсептелгендей, жогорку энергетикалык химия аркылуу өзүн-өзү жараткан молекула 4 млрд жыл мурун пайда боло баштаган.

Жерди үстү жүз жылдар аралыгында улам-улам алмашып турган, маал-маалы менен супер континентке биригип, анан кайра бөлөк континентерге бөлүнүп турган. Болжол менен 750 млн жыл мурун эң байыркы,бизге белгилүү болгон Родиния суперконтиненти бөлүнө баштаган. Бирок бир кыйла убакыттан кийин континенттер кайра биригишип Паннотияны түзүшкөн, ал кийинчерээк 540 млн жыл мурун кайра бөлүнгөн. Андан кийин акыркы Пангея суперконтиненти, 180 млн жыл мурун бөлүнгөн.[6]

Божомолдогондой, Неопротерозия доорунда Жер масштабдуу өлчөмдө муздай болуп тоңуп калган, өз учурунда муздар эквадорго чейин жетишкен. Бул гипотеза «Жер-кар» аттуу ысым алган жана аябагандай кызыкчылыкты туудурат, анткени бул убакыт 530-540 млн жыл мурун Кембрий жарылуусуна туш келген жана ошондон кийин көпклеткалуу жашоо формалары тарай баштаган.[7]

Кембрий жарылуусунан кийин беш даана массалык кырылуу(тукум курут) болгон. Акыркы массалык кырылуу 65 млн жыл мурун, болжолдуу эсепте Жер менен Метеорит кагышканда орун алып, динозаврлардын жана башка көлөмдүү рептилиялардын кырылышына себеп болгон. Кийинки 65 млн жыл, көп түрдүү сүт менен тамактундыруучулар келип чыгуу маалы болгон

Бир нече миллион жылдар мурун Африкадагы адам сымал маймылдар түз баскан абалга жетишишкен. Кийинки адамдын жаралуусу, айыл чарбаны жана цивилизацияны өнүктүрүү Жерде, башка мурдакы жашоо калыптарынан бат өсүп өнүккөнгө таасир эткен, жана ал жаратылышка жана глобалдуу климатка да тиешелүү болгон.

Голоцен кырылуусу аталган, азыркы убакыттагы заманбап доор массалык кырылуунун бир бөлүгү катары каралат. Ал болсо кырылуулардын эң баты болуп саналып жүрөт. Кээ бир илимпоздор, мисалы: Гарвард Университетинен Э.О.Уилсон, биосферанын адам менен талкаланышы жакынкы 100 жыл арылыгында жандардын жарымы жок болуп кетет дешет. Азыркы мезгилдин кырылуу масштабы изилденип, талкууланып жана биологдор тарабынан эсептелинип жатат[8]

Атмосфера, климат жана аба-ырайы

Негизги макала:

Көк түс атмосферада газдар менен бат башка толкундардын сызыктарына караганда күчтүү таралат, ошондуктан Жердин түсү көк болуп берилет

Жердин атмосферасы планетардык экосистеманы колдоодо негизги фактор болуп эсептелинет. Жерди кучап турган газдардын ичке катмары, планетанын тартылуу күчү менен кармалып турат. Атмосферанын кургак абасы 78% азот, 21% кычкылтек, 1% аргон, көмүр кычкылынан жана башка анча чоң эмес кошулмалардан турат. Жана дагы аба туруксуз сандагы суу буусун камтыйт.[9][10] Атмосфердик басым бийиктикке көтөрүлгөн сайын төмөндөй баштайт жана 19-20 км бийиктиктен кийин Атмосфералык басымдын биркыйла төмөндөшүнөн улам, суу жана адамдын ткандар аралык суюктугу кайнап байштайт. Ошондуктан адамдын физиологиялык көз карашы боюнча "космос" 15-19 км бийиктиктен кийин эле башталат. Жердин Атмосферасы 12 ден баштап 50 км (тропикалык кеңдиктерде 25-30км, мелүүн жерлерде 20-25, уюлдарда - 15-20) кийин айтылуу O3 молекуларынан турган озон катмары башталат. Ал кооптуу ультрафиолеттик нурланууну өзүнө камтып сиңирип, жердин үстүндөгү баардык тирүү жандыктарга зыян келтирүүчү нурлануудан сактап абдан Жердин жашоо процесстеринде маанилүү орунду ойнойт. Жана дагы Атмосфера түн убагында да жылуулукту сактап, температуранын бат муздап кетишине жол бербей турат.

Планетардык климат - аба ырайынын көп мезгилдеги тенденциялуу чеги. Планетанын климатына ар кандай факторлор таасир этет, алардын эсебине океан агымдары, үстүңкү альбедо, сиңиргич газдар, күндүн жарыктыгынан жана планетанын орбитасынын өзгөрүлүштөрү кирет. Окумуштуулардын корутундусуна ылайык, Жердин климатында көптөгөн кескин өзгөрүүлөр болуп турган, алардын арасында муз доору дагы бар.

Аймактык климат бир катар факторлорго жана биринчи кезекте кеңдикке көз каранды. Кеңдиктердин диапазону жогорудагыдай климатикалык шарттар аркылуу аймактын климатын жаратат. Мындай аймактык климаттардын бир нечеси бар, алар экваториалдык климаттан башталып, түштүк жана түндүк уюлдук аймактык уюлдар менен аяктайт. Климатка жер огунун орбитанын сызыгына карата эңкейишинен улам пайда болгон жыл мезгилдери да өз таасирлерин тийнзишет. Эңкейиштен улам Жайында жана кышында планетанын бир бөлүгү күн энергиясын, башка бөлүктөргө салыштырмалуу абдан көп алат. Бул кырдаал жердин орбитада айланышы аркылуу өзгөрүлүп турат. Кандай гана убакыт болбосун түндүк жана түштүк жарым шаарарынын жыл мезгилдери карама каршы абалда турушат.

Борбордук Оклахомадагы Торнадо

Жердин аба ырайынын кубулуштары көбүн эсе артыкча атмосферанын төмөнкү бөлүгүндө (тропосферада)болуп турат жана жылуулукту бөлүштүрүү боюнча конвективдүү система кызматын аткарат. Океан агымдары климат жаратууда эң маанилүү факторлордун бири болуп саналат. Өзгөчө суу астындагы чоң термохалиндик циркуляциялар жылуулук энергиясын экватордук аймактардан баштап уюлдук аймактарга чейин бөлүштүрүп турушат. Бул агымдар кышытын жана жайдын температууралык айырмасын мелүүн зоналарда жумшартканга жардам берет. Андан сырткары, жылуулук энергиясынын океан агымдары аркылуу бөлүшүүсү жана атмосфера жок болсо, тропикаларда ысык аябай басымдуу ал эми уюлдук аймактарда өтө суук болмок.

Аба-ырайын жакшы же болбосо терс жактары болот.Торнадо, Ураган, циклондор сыяктуу экстремалдык аба-ырайын шарттары, аябай көп энергия бөлүштүрүп жана бара жаткан жолунда катуу кырайуулардын себептери болушу мүмкүн. үстүңкү өсүмдүктөр мезгилдин өзгөрүлүштөрүнө көз каранды болуп калган, жана аба ырайындагы бир нече жылга созулган кескин өзгөрүүлөр өсүмдүктөргө да, жана өсүмдүктөр менен тамактанган жаныбарларга да аябагандай таасир тийгизиши мүмкүн.

Аба-ырайы хаотикалык система болуп саналат, айлана чөйрөдөгү кичинекей жеңил өзгөрүүлөрдөн ал бат эле өзгөрүлүшү мүмкүн, ошондуктан азыркы убакытта аба-ыйрайынын болжолу бир нече күн менен эле чектелип атат. Азыркы убакытта дүйнө боюнча эки процесс жүрүп жатат. ортоңку температура көтөрүлүп жана аймактык климаттар кыйла өзгөрүүлөргө дуушар болууда.[11]

Жердеги суу

Суу тамчысы

Суу - химиялык зат, суутек жана кычкылтектен турат жана баардык белгилүү болгон жашшоо калыптарынын жашоо тиричилигине керектүү зат.[12] Жөнөкөй түшүнүктө суу термини суяк абалда же катуу абалга байланыштырылат, бирок ал зат катуу(муз) абалда да болот жана газсыяктуу - суу буусу. Суу Жер шарынын 71 % ээлейт жана көбүн эсе океандарда жана башка көлөмдүү суу көлмөлөрүндө жайгашкан.[13] Булардан да сырткары болжол менен суунун 1,6 % жердин астында жайгашкан, суу ташыгыч горизонттордо жана болжол менен 0,001 % абада, буу жана булут кейпинде(суунун катуу жана суюк бөлүчөлөрү аркылуу жаралган), жана ошондой эле атмосфералык жаан чачындарда.[14] Океандар суунун үстүңкү бөлүгүнүн 97 % түзөт, мөңгүлөр жана уюлдук топулар болжол менен 2,4 %, дарыялар, көлдөр жана жасалма көлдөр, калган 0,6 % түзөт. Мындан сырткары, Жердеги сууну аябай көп эмес сандагы көлөмү биологиялык организмдерде жана адамзаттын чыгарган өндүрүштөрүндө жайгашкан.

Океандар

Атлантикалык океан

Океан өзүнө Жердин туздуу суусунун массалуу көлөмүн камтыйт, жана ошондой эле гидросферанын негизги түзүлүш бирдиги болуп саналат. Жердин суу мейкиндиги бир нече өзүнчө океендарга бөлүнгөнүнө карабай, алар баардыгы биригип бир глобалдуу, бири-бири менен байланган туздуу суунун массасын түзөт жана көбүн эсе учурларда Дүйнөлүк океан же глобалдуу океан деп айтылып жүрөт.[15][16] Болжол менен Жер үстүнүн 71% (361 млн км² аянты менен) Дүйнөлүк океан менен камтылган. Дүйнөлүк океандын көп бөлүктөгө аянтынын тереңдиги 3000 м түзөт, а ортоңку туздуулугу болжол менен миңге 35 бөлүктөн(ppt), ошондо 3,5 % түзөт.

Океандын негизги чектери континеттер, ар кандай архипелагдар жана башка критерийлер менен берилген. Жерде төмөнкү океандарды бөлүшөт(Көлөмүнө жараша азайтылып берилген): Тынч океан, Атлантикалык океан, Индиялык океан жана Түндүк муз океан. Дүйнөлүк океандын бөлүктөрү, кургактык менен курчалган сулар, же суу астынан көтөрөлүп чыгып калган рельефтер менен курчалган болсо деңиз, булуң, кичи булуң деп аташат. Жерде адагы туздуу көлмөлөр бар, алар кичирээк көлөмдө жана Дүйнөлүк океан менен байланышы жок. Эки ачык айкын мисал бул - Арал деңизи жана Чоң Туздуу көлү.

Көлдөр

Көл - гидросферанын компоненти, табигий же жасалма жол менен жасалган көлмө, көл табагынын чегинде толгон сууда жана белгилүү бир жолдор менен океан же деңиз менен байланышпайт. Жерде көлмө деп, эгерде ал Дүйнөлүк океандын бир бөлүгү болбосо, ошондой эле ал көлөмдүү жана терең, жасалма көлчөгө салыштырмалуу, жана ошондой эле ал дарыялардын суулары менен толуп турса демек ал көлмө деп аталат. Жалгыз белгилүү болгон, Жер шарынан сырткары көлдөр сырткы булактар менен толуп турган бул Сатурндун эң чоң жандоочусу Титан болуп саналат. Титандын үстүндө окумуштуулар аркылуу табылган этан көлдөрү, жакынкы болжол менен метан менен аралашылган. Азыркы убакытта Титандын көлдөрүнүн так толукталып турган маалымат жок, бирок анын үстү бир топ дарыялардын өзөнү менен кесилип турганы белгилүү. Жердеги жасалма көлдөр, эреже боюнча тоолуу аймактарда жайгашкан, рифтик зоналарда, жана мурдакы же жакынкы муз тоңуу аралыгындагылар. Башка көлдөр агызбас аймактарда же ири дарыялардын жанында жайгашышкан. Муз доору убагынан калган, хаотикалык дренаж структурасынын айынан жер шарынын кээ бир аймактарында көлдөр аябагандай көп санда жайгашышкан. Баардык көлдөр геологиялык масштабдын убакытындагы өзгөрүүлөрдөн жааралган, анткени алар урандылар аркылуу жай толуп же аларга толгон бассейндерден төгүлүп турушат.


Жасалма көлмөлөр

Слобожанщинадагы Перекошка жасалма көлү

Жасалма көлмө - бир жерге, табигый же жазалма жолу менен жаралган, бир жерде токтогон суу топтому, көлдөрдүн көлөмүнө салыштырмалуу аябай кичинекей келет. Жасалма көлдөр деп ар кандай жазалма көлчүктөр айтылат: Суу бактары, эстетикалык коздоого арналган, Балык көлчүктөрү, балыктардын коммерциялык багытта багуу жана жылуулук энергияны сактаганга арналган Суу көлчүктөрү. Жасалма көлдөр жана көлдөр өзөн суулардан агуу ылдамдыгы менен айырмаланышат.

Дарыялар

Дарыя - жаратылыштын суу агымы,[17] өзү салган жасалган тереңдикте, тынымсыз өзөндө жана үстүңкү жана жерастындагы агымдын бассейни аркылуу толуп жана агып турат. Адатынча дарыя океанга, көлгө, деңизге же башка дарыяга куят, бирок башка кырдаалдарда ал кумга же сазга куюп байып жоголуп кетиши мүмкүн, жана ошондой эле башка суу булагына жетпей бүтүндөй кургап калышы да мүмкүн. Арыкча, эки өзөндү же эки көлдү кошкон суунун айрыгы, булак булардын баары кичи дарыя деп эсептелинет. Дарыядагы суулар адатта жаан-чачындар аркылуу үстүңкү агымдан, табигый мөңгүнүн жана муздун үстүңкү катмарынын эришинен, жана ошондой эле жер астындагы суулар жан булактар аркылуу толуп турат.

Өзөн суулары

Архангель облусундагы Өзөн

Өзөн - кичирээк суу агымы, адатынча туурасы бир нече ондой сантиметрден бир нече метрге чейин. Өзөндөр суу каналынын айланышына, тереңдик дренажына, жана балыктардын жапайы шартта миграциясына маанилүү ролду ойнойт. Сууларга жакын болгон биологиялык аймактар жээк зоналары деп аталат. Голоцендик кырылуунун азыркы абалын эсепке алуу менен, өзөндөр чачыранды бөлүнгөн жашоо аймактарын бириктирүүдө, демек биологиялык көп түркүмдүүлүктү сактоодо зор маанилүү ролду ойнойт. Өзөндөрдүн жана суу жолдорун үстүңкү гидрология изилдейт жана экологиялык географияынын башкы элементи болуп саналат.[18]

Экосисистемасы

Шотландиядагы Лох-Ломонд көлү бекилген экосистеманы түзөт

Экосистема - тирүү жандыктардын(биоценоз) жааматынан турган биологиялык система, аларды жашоо шарты (биотоп), жана ошондой эле, байланыш системалары жана заттарды жана бири бири менен кубат алмашуусу. Экосистема ар кандай абиотопикалык жана биотопикалык бири бири менен байланышылган түзүлүш бирдиктерден турат.[19] Экосистеманын түзүлүшү жана курамы курчап турган айлана чөйрөнүн бири бири менен байланышылган системасы аркылуу ар кандай факторлор менен чечилет, жана ал факторлордун өзгөрүүсү менен экосистема да динамикалык өзгөрүүлөргө дуушар болот. Топурак, атмосфера, күн нуру, суу жана тирүү организмдер экосистеманын эң маанилүү бирдиктери болуп саналат.

Экосистема түшүнүгүнүн борбордук концепциясынын идеясы болуп, баардык тирүү организмдер өздөрүнүн жашоо аймагында болгон башка түзүлүштөр менен өз ара мамилерде турат деген көз караш саналат. Экологинын негиздөөчүсү Юджин Одум айткан: "Баардык организмдерди өзүнө камтыган(жаамат) кайсы болбосун элемент, өзүнүн аймагында жана башка физикалык аймак менен байланышып турса, жана энергия агымы так саналган трофикалык структурага алып келсе, биологиялык аркандайлыкка жана материалдык циклге(материалдарды тирүү жана тирүү эмес организмдер арасындагы алмашуу) системанын чегинде болсо анда ал экосистема". Экосистеманын чегинде түрлөр азыктануу айлампасында байланышылган жана алар бири биринен көз каранды, жана ошондой эле алар өз ара жана айлана чөйрө менен кубатты, материяны алмашып турушат.[20]

Көлөмү кичи элемент микросистема деп аталат . Микросистеманын мисалы болуп таш жана анын астындагы аркандай жашоо саналат. Макросистема өзүнө чоң экоаймакты анын бассейни менен камтышы мүмкүн.[21]

Жапайы чөлкөм

Биоград тоосундагы Буктуу улуттук паркы, Черногория

Эреже катары, жапайы аймак деп, адамзаттын иш аракети аркылуу кескин өзгөрүүлөргө дуушар болбогон аймак аталат. WILD Foundation мындайчы так,даана түшүндүрмө берет: "Биздин планетадагы калган, көп тийилбеген жапайы жаратылыш аймактар, - бул акыркы чыныгы жапайы жерлер, алар адамдардын колунда эмес жана жолдор, түтүктөр жана башка өндүрүш инфраструктурасы салынган эмес"[22] Жапайы жерлер коруктарда, менчиктиктер, ранчо, сактоолордо, корукчаларда, улуттук парктарда жана жада калса шаарлардын дарыя жээктеринде, жар жана башка адам колу тийбеген жерлер болушу мүмкүн. Жаратылыштын жапайы бурчтары жана кайтарылуучу парктар кээбир жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүнө, экологиялык изилдөөлөргө, жашоо аймакты сактоого жана адамдын эс алышына аябагандай керек. Кээ бир жазуучулардын айтуусунда, жапайы жерлер адамдын жан дүйнөсүнө жана потенциалдык чыгармачылыгана керек,а кээ бир экологдор жапайы жерлерди биосферанын маанилүү өзүн өзү кармаган бөлүгү катары эсептешет. Жапайы жерлер тарыхый генетикалык чектерди сакташы мүмкүн жана жапайы флора жана фаунанын жашоо шарттын таруулайт, аны болсо зоопарктарда, дендрарияда жана лабораторияда жазаганга өтө оор,

Жашоо

Жапайы өрдөк жөжөлөрү менен

Азыркы убакытта жашоо жөнүндө кабыл алынган бир көз караш жок, бирок илимпоздор жашоонун биологиялык чагылышы уюшуу, метаболизм, өнүгүү, өзгөрүү жөндөмдөрү, дүүлүктүрүүчүлөргө болгон реакциясы жана тукум жаратуу менен мүнөздөлө тургандыгы менен баары макул болушат.[23] Жашоо организмдин абалына мүнөздөмөсү деп айтса болот.

Жер жандыктарга мүнөздүү болгон мүнөздөмөлөр(өсүмдүктөр, жаныбарлар козу карындар, жөнөкөйлөр, архейлер жана бактериялар) төмөнкүлөр: алар кычкылтек-суу негиздүү,татаал уюшулган метаболизми бар, өнүгүүгө жөндөмдүү, дүүлүктүрүүчүлөргө реакциясы бар клеткалардан турушат.

Ушундай көрсөткүчтөргө ээ нерсе, адатта жашоо катары саналат. Бирок жашоонун баардык эле аныктамаларында ушул көрсөткүчтөрдүн толугу менен болушу талап кылынбайт.


Жердин тирүү организмдер менен камтылышы биосфера деп аталат. Биосфера жерди, үстүңкү породаны, сууну, абаны жана атмосфераны камтыйт, бул аралыкта жашоо бар, жана ошол эле убакытта өзгөртөт же биотикалык прцесстерди трансформациялайт. Геофизиологияынын кең көз карашында, биосфера - бул глобалдуу экологиялык система, бул система баардык тирүү жандыктарды жана алардын байланыштарын анын ичинде: литосферанын(породалары), гидросфера(суу) жана атмосфера(аба) элементтери менен бологон өз ара байланыштарын бириктирип турат. Азыркы убакытта Жер жүзүндө ар кыл чөйрөдө 75 млрд тонна биомасса(жашоо) бар.[24]

Жердин 90% жалпы биомассасын жаныбарлардын жашоосуна түздөн түз тийгизген өсүдүктөр ээлейт. [25] Азыркы убакытта илимге белгилүү болгон 2 миллиондон ашык өсүмдүктөр жана жаныбарлар бар [26], иш жүзүндө алардын саны нече миллиондон 50 миллионго чейин жетет. [27] [28]. Түрлөрдүн саны дайыма жаңылардын пайда болушу жана башкалардын жоголушу менен өзгөрүлүп турат.[29] Азыркы убакытта жалпы түрлөрдүн саны тез азайып жатат.[30]

Эволюция

Бразилиядагы тропикалык токойлор.[31][32]

Азыркы учурда Жердеги жашоонун бар болгондугу гана так белгилүүкара.: Астробилогия). Жашоонун пайда болушу азыркы күнү деле толук изилденбеген процесс, бирок окумуштуулар эсептегендей, жашоо 3,9-3,5 млрд жыл мурун катархея же архея убагында пайда болгон, бирок жашоо шарт азыркы учурга салыштырмалуу такыр башкача болгон. [33] Баштапкы жашоо калыртарында тукум аркылуу берилген негизги өзүн-өзү репликациялоо механизми болгон. Жашоо пайда болоору менен, эволюция процесси табигый тандоо менен ар кандай толтура жашоо калыптарын жараткан. Айлана чөйрөнүн кескин өзгөрүлүшүнө ыөгайлаша ала албагандар жана башка жашоо калыптары тарабынан жараткан атаандаштыкка туруштук бере албагандар тукум курут болуп кетишкен. Бирок таш бетине катып калган калдыктардан эң байыркы организмдер туралуу маалымат таба алабыз.

Өсүмдүкөр жашоосунун жөнөкөй калыптарындаФотосинтездин пайда болушу планетада татаал жашоонун өнүгүшүнө шарт түзүп берди. Фотосинтездин реакциясы менен пайда болгон кычкылтек атмосферада толо берген, ал болсо озон катмарын пайда кылган. Майда клеткалардын өтө чоң курамдарга биригиши, эукариоттер деп аталган башка татаал клеткалардын өнүгүшүнө шарт түзүп берди алып келди. Колониядагы клеткалар адистешип, чыныгы көп клеткалуу организмдер пайда болду. Ультрафиолеттик нурланууну өзүнө сиңирип алуучу Озон катмары Жердеги жашоонун таралышына шар түзүп берген.

Микроорганизмдер

Микроскопикалык кене Lorryia formosa

Жерде эң биринчи пайда болгон жандыктар бул - микроорганизмдер болгон, жана болжол менен миллиард жыл мурун көп клеткалуу микроорганизмдер пайда болгонго чейин Жердеги жалгыз жашоо калыбы болуп турушкан. Микроорганизмдер бул - бул бир клеткалуу микроскопикалык көлөмдөгү, бактерия, козу карын, архей жана протисттерди камтыган организмдер.

Бул жашоо формаларын Жердин суу бар жеринде жана тэктердин ичинен тапса болот. Алардын көбөйүшү бат жана интенсивдүү болот. Тез ылдамдыкта мутация жана гендин тикеден тике өтүү жөндөмдүүлүк айкалышы аларды жакшы ыңгайлашкан, алар кандай гана жаңы шартта болбосун,керек болсо, космос мейкиндигинде да жашап кете алган жөндөмдүү болушат. Алар планетардык экосистеманын кыйла көп бөлүгүн түзүшөт, биро кээ бир микроорганизмдер патогендик болушат жана башка организмдердин ден-соолугуна коркунуч туудурушу мүмкүн.

Өсүмдүктөр жана жаныбарлар

Өсүмдүктөр түрлөрүнүн аркандайлыгы

Тээ байыртадан эле адамдар тирүү организмдерди жаныбарларга жана өсүмдүктөргө бөлүшкөн. Аристотель өзүнүнү "Жаныбарлар тарыхы" эмгегинде жаныбарларды класстарга бөлгөн, анын шакирти Теофраст болсо өзүнчө "Өсүмдүктөрдүн тарыхы" аттуу эмгегин жазган.[56]Кийинчерээк, XVIII кылымда Карл Линней жаратылыш дүйнөсүн үч "падышачылыкка" бөлгөн: минералдар, өсүмдүктөр (лат. Regnum Vegetabile) жана жаныбарлар (Regnum Animale), ага төрт деңгээл колдонгон:класстар, түркүмдөр, уруу жана түрлөргө. 1969 жылы Роберт Хардинг классифакция системасын беш деңгээл менен тартуулаган, ал азыр абдан популярдуу болуп колдонулуп жүрөт. Ал организмдердин ар кандай тамактанышына карап негиз салган - Өсүмдүктөр падышачылыгын өкүлдөрү көп клеткалуу афтотрофтор, жаныбарлар - көпклеткалуу - гетеротрофтор, козу карындар - көпклеткалуу сапротифтер. Протисттер жана Бактериялардын падышачылыгы өзүнө бирклеткалуу жана жөнөкөй организмдерди камтыйт.Баардык беш падышачылык астыңкы эукариоттор жана прокариоттор падышачылыктарына бөдүнгөн, бул организмдердин клеткаларында өзөктүн бардыгына же жоктугуна алар көз каранды.
Класстар.jpg

Исскусство жаратылышта

Исскустодогу жаратылыш темасы романтика доорунда аяабагандай көп чагылдырылган. Исскустводо жаратылыш көбүн эсе адамдын мүнөздөрүнө, умтулууларына, эркине окшош. Жаратылыш башында эссиз, инстинктивдүү башталыш, адамдын рухуна каршы турган болуп берилет. Жаратылыш булак болуп, дүйнөнүн биринчи калыбы, тазалык болуп тракталат. Цивилизациядан чарчаган адам жаратылыштан тынчтык издейт . XX кылымда жаратылыш алааматтар аркылуу адамдан өч алып атат деген тема башталган.Жаратылыштын көптүрдүүлүгү, кубулуштары, курамы анын акыл-эстүү жана адамдын устаты болгонго жөндөмдүү экенин көрсөтүп турат.

Жаратылыш антропоморфизациясын исскуство аймагынан илимий жана окуу текстерине туура эмес түшүрүү жаратылышка мистицизм элементерин кошуп, анын түшүндүрмөлөрүн жаратылыштын эрки жана эси деп туура эмес маалыматтар кетип калат

Жаратылыш жана жыл мезгилдери

Жаратылыш, башка органикалык чөйрө катары дайыма өнүгүүдө жана кыймылда болуп турат. Жаратылыштын эң башкы өзгөчөлүгү - бул анын цикликалыгы, улам-улам алмашып туруучу мезгилдер, ойгонуп аткан процесстер жайлагандырды алмаштырат, а өсүү фазасы жана түш өнүгүү фазасы жана процесстердин жайланылышы. Жыл ичинде алмашып туруучу мезгилдерди жыл мезгилдери деп атайт - булар жаз, жай, күз жан кыш. Жаратылыштын мезгил алмашуусу, мезгилдердин физикалык кубулуш мезгили гана болбостон, поэт, прозачы, сүрөтчү жана музыканттарды да шыктандырат. Жыл мезгилдерине канча деген ырлар чыгарылбады, адамзатты жыл мезгилдерине суктанып эмненин баарын кылбады, ырдады, сүрөт тартты.

Дагы караңыздар

Эскертмелер

  1. Calculations favor reducing atmosphere for early Earth
  2. Past Climate Changeссылка
  3. History of Climate Change
  4. he Discovery of Global Warming
  5. The Discovery of Global Warming
  6. How do supercontinents assemble?
  7. Late Proterozoic Low-Latitude Global Glaciation: The Snowball Earth The Proterozoic Biosphere
  8. Canada/Museum/extinction/patterns
  9. Ideal Gases under Constant Volume, Constant Pressure, Constant Temperature, & Adiabatic Conditions
  10. Proceedings of the National Academy of Sciences
  11. ropical Ocean Warming Drives Recent Northern Hemisphere Climate Change
  12. ссылка
  13. The world fact book
  14. Vital Water
  15. Ocean The Columbia Encyclopedia. 2002. New York
  16. Distribution of land and water on the planet
  17. River
  18. http://ga.water.usgs.gov/edu/hydrology.html/
  19. Introduction to the Biosphere: Introduction to the Ecosystem Concept
  20. Introduction to the Biosphere: Organization of Life
  21. dentifying Ecoregion Boundaries
  22. The WILD Foundation - What is a Wilderness Area
  23. California Academy of Sciences
  24. How Meat-centred Eating Patterns Affect Food Security and the Environment
  25. University of Hamburg Department of Biology
  26. ntroduction to the Biosphere: Species Diversity and Biodiversity
  27. How Many Species are There?
  28. Just How Many Species Are There, Anyway?
  29. Land Use History of North America
  30. Species Loss and Aboveground Carbon Storage in a Tropical Forest
  31. Why the Amazon Rainforest is So Rich in Species : News. Earthobservatory.nasa.gov (5 Декабрь (Бештин айы) 2005). Текшерилген күнү 14 Май (Бугу) 2011.
  32. Why The Amazon Rainforest Is So Rich In Species. Sciencedaily.com (5 Декабрь (Бештин айы) 2005). Текшерилген күнү 14 Май (Бугу) 2011. Түп булактан архивделген күнү 22 Август (Баш оона) 2011.
  33. microbiology

Шилтемелер



  1. REDIRECT Калып:Навигациялык жадыбал