Атан, урук

Википедия дан

Атан уругу - багыш уруусунун курамындагы урук[1].

Атан - байыркы түрк тилдеринде “мингич төө” маанисин билдирген[2]. Атан- кыргыз, казак, тува тилдеринде мингич төөнү туюндурат.
Бул сөз кыргыз тилинде эки мааниде чечмеленет:

  1. Бычылган эркек төө;
  2. Аты чыгып, элге кеңири белгилүү болуу, атагы чыгуу[3].

Арийне, байыркы лексикалык катмарга кирген бул энчилүү ат шамандык диний ишенимди чагылдырышы мүмкүн. Бүгүнкү алтайлыктардын курамындагы челкан, телеут жана теленгиттерде шамандын бубени “ак адан” деп аталары маалым (алт., тув. “ак адан” - “ак төө”). Хакастарда азыркы күндө “адан” сөзү шамандын бубенин билдирет[4]. Түштүк Сибирдин түрк тилдүү элдеринде бубен шамандын мингич аргымагын элестетери белгилүү. Ритуал учурунда жаныбардын терисинен (марал, бугу, багыш, төө ж.б.) оролуп, кооздолуп жасалган бубен шамандын Жер-Эне менен Көк-Теңирдин ортосундагы аткарылуучу кабарчылык миссиясында канаттуу мингич аргымакты элестетет[5]. Телеут шаманы ритуал мезгилинде “алты өркөчтүү ак адан” деген дубасын айткан[6]. Ушул эле автордун белгилөөсүндө “ак адан” диний ритуал мезгилинде челкан шамандарынын кыялында бычылган ак төөнү туюнткан. Бул мисалдар челкандардын, телеут жана теленгиттердин ата-бабалары өткөн тарыхый мезгилдерде төө багуу менен кесиптенишкендиктерин да тастыктайт[7]. Унутулуп калган мал чарбачылыгынын бир тармагынын шаман бубенинде чагылдырылышы “ак төөнүн” алгач тотемистик мүнөзгө ээ болгондугун аныктайт.
Кыргыз, тува, өзгөчө казактарда ак төөгө сыйынып, курмандык чалып, түлөө өткөзүү кенен тарагандыгы маалым[8].

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Аттокуров, 1995, 60.
  2. ДТС, 59.
  3. КТТС, 1984, 97.
  4. Бутанаев, 1999, 17.
  5. Потапов,1969, 74-75.
  6. Потапов, аталган эмгек, 176-177-беттер.
  7. Потапов, 1969, 79.
  8. Валиханов, Изб. соч., 1958, 153-154.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]