Бадминтон

Википедия дан

Бадминтон — спорттук оюн. Бадминтонду залда же сыртта тегиз аянтчада ойноого болот. Желимден жасалган жеңил канаттуу топ — волан жана ракетка менен ойнолот. Байыркы Малайяда пайда болуп, кийин Азиянын башка өлкөлөрүндө ойноло баштаган. Азыркы бадминтон 1872-жылы биринчи жолу Англиядагы Бадминтон шаарында ойнолгон (аты ошондон). Эларалык федерациясы 1934-жылы уюшулган, ага 50дөй өлкө мүчө. Дүйнөнүн жекече чемпионаты 3 жылда бир өткөрүлөт. Бадминтонду 2 же 4 киши ойнойт. Оюнчу өз тарабындагы аянтчага воланды түшүрбөстөн, атаандашы тарапка багыттап, аны жыдытат. Тор (бийиктиги 1,5 м) менен бөлүнгөн тегиз аянтчада (экиден ойноодо аянты 13,4х6,1 м, жалгыздан ойноодо 13,4x5,2 м), көк шиберде, пляжда ойноого ылайыкталгандыктан, азыркы мезгилде кеңири таралган спорттун түрү. Ойноо техникасы жана ыкмасы боюнча тенниске окшош. Шамдагайлыкты, тездикти, чыдамкайлыкты өнүктүрөт.

Бадминтон— активдүү эс алуунун мыкты каражаты. Ал ден-соолукту чыңдайт, чыдамкайлыкты жогорулатат, кыймыл координациясын жакшыртат, шамдагайлыкка көндүрөт жана башка оюндан алган эмоциялык таасир да жакшы натыйжаларды берет. Бадминтон оюну жалаң гана эс алуу максатында гана эмес спорттун түрү катары да ойнолот. Бадминтон оюну негизинен төмөнкү тартипте ойнолот. Оюнчулардын бири ракетка менен воланды он жолу чаап берет. Экинчи оюнчу воланды кайрадан артка кайтарууга аракеттенет. Биринчи оюнчунун кыймыл-аракети — чабуул коюу, ал эми экинчи оюнчунуку — коргонуу. Андан кийин 2-оюнчу топту чаап берет. Бадминтон ойноодо ар кандай кокустоолор, кызыл ашык муундарынын чоюлушу, мертиниши жана башка травмалар болушу ыктымал. Травмалардын алдын алууда ыңгайлуу бут кийим кийүү, аянтты туура тандоо чоң мааниге ээ. Балдар 5-6 жашынан катышуу керек. Спорттук секцияга катышуу үчүн доктокдун уруксаты талап кылынат. Бадминтон оюнунун элементтери айыктыруу гимнастикасында, айрыкча санаторий-курорттук шарттарда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1