Бакыт Капаров

Википедия дан
Бакыт Капаров
Капаров Бакыт Кокушевич
Туулган датасы

5 -ноябрь 1968(1968-11-05)

Туулган жери

Ош облусу Ноокат району Кыргыз ССР

Өлгөн датасы

13 -февраль 2024(2024-02-13) (55 жаш)

Өлгөн жери

Бишкек Кыргызстан

Кесиптери

композитор,ырчы, коомдук ишмер, музыкалык педагог, вокалист

Аспаптары

аккордеон, фортепиано, комуз, гитара

Жанрлары

патриоттук

Капаров Бакыт Кокушевич 5-ноябрь, Кыргыз ССР Ош облусу Ноокат районунда туулган — улуу жана эң таанымал кыргыз композиторлорунун бири, мыкты мелодист жана вокалист, ырчы, кыргыз профессионал музыкасына негиз салуучулардын бири.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын тарыхындагы улуу композитор, КР композиторлор союзунун өкүлү, 1968-жылда Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Бакыт Капаров чыгармачылык ишмердүүлүгүн жаш кезинен баштаган. 1991-1994 Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы "вокал" бөлүмүндө билим алган. 2023-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту (КМИИ) аяктаган.

1986-1988-жылдары Советтик армиянын Ульяновск шаарында курулуш батальонунда кызмат өтөгөн.

1991-1995-жылдары мамлекеттик Филармониянын солисти

1996-1998-жылдары Бишкек медициналык окуу жайынын көркөм жетекчиси

2000-2005-жылдары социалдык жардам боюнча «Арыш» коомдук бирикмесинин жетекчиси

2008-2024-жылдары "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын мүчөсү

2012-жылы музыка мугалими / педагог.

2024-жылдын 11-февралында кан басымы жогорулап, оор абалда ооруканага жеткирилген. Натыйжасында мээге инсульт алып, комага түшкөн. Улуу композитор Бакыт Капаров 2024-жыл 13-февралда көз жумган.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бакыт Капаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын гимнинин обончу-композитору Токтобек Асаналиев - "Көчмөн ыры" (Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 2015-жылга чейинки гимни ) "Тон мекеним"

Айнура Салахидинова - "Төк жамгыр"

Алтынай Нарбаева - "Дил кайрык"

Ала-Тоо таңшыйт: Бакыт Капаровдун обондуу ырлары

"Ата эне" - Умут Тилегенова

Мээрим Карыпова - "Улут барбы Кыргыздай"

Жазы бол бактылуунун жана башка чыгармалары эл арасына кеңири тарап, мыкты обончу-композитор катары таанылган. Расмий түрдө анын 73 эмгеги бар, алардын 10дон ашыгы Кыргыз Республикасынын алтын фондуна киргизилген

Тил билүүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бакыт Капаров кыргыз, oрус, казак, өзбек, италян тилдеринде кеңири баарлаша билген инсан болгон.