Бишкек метросу

Википедия дан
Бишкек метросу
Кыскача маалыматтар
Өлкө

 Кыргызстан

Жайгашкан жери

Бишкек

Ачылган датасы

2025

Маршруттук тармак
Линиялардын саны

3

Станцялардын саны

20 (пландоосу)

Бишкек метросу - Шаар калкынын өсүшү жана унаалардын көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек мэриясы менен шаардык кеңеши тарабынан пландалган. Анткени эгемендик жылдары шаар калкы 625 минден (1991), 880 минге (легалдуу эмес мигранттарды кошкондо миллиондон ашуун) (2006) чейин өскөн, ал эми 2025 жылы 1 млн 200 миң болушу мүмкүн.

Орусиялык метрокуруучулардын пикиринде шаар астындагы таштуу тек жер астындагы метрополитен курууга ыңгайлуу. Бирок каражат үнөмдөө максатында линиялар жер үстүндө гана кетет.

Москванын Бутов линиясынын улгусундо жалпы узундугу 14,8 км эки линия курулат.

1-линия: Ыктымалдуу бекеттер: «12-кичирайон», «Асанбай», «Сүйөркулов», «Медеров», «Вокзал», «Борбор», «Телемунара», «Каражыгач», «"Дордой" базары».

2-линия: Ыктымалдуу бекеттер: «Учкун», «Аламедин», «Чүй кең көчөсү», «Чыгыш-5», «Борбор», «Спорт сарайы», «Илимдер академиясы», «Ош базары»,кийинчерээк «Дэн Сяопин кең көчөсү», «Батыш» болушу мүмкүн.

Курулуш 444 млн АКШ долларын түзот. Долбоорго чет элдик инвесторлор тартылат.

Бишкек жеңил метросу Борбордук Азияда төртүнчү метро болот (Ташкент, Алматы метросу жана Астана женил метросунан кийин).