Буудайыктар

Википедия дан
Буудайыктар
Коргоо абалы
Илимий классификация
дүйнөсү: Айбанаттар
тиби: Хордалуулар
классы: Канаттуулар‎
түркүмү: Күндүзгү алгыр куштар
тукуму: Карчыга_сымалдуулар
уруусу: Harpia
Vieillot, 1816
түрү: H. harpyja
Биноминалдык аталышы
Harpia harpyja
(Linnaeus, 1758)
Harpia harpyja, from Mexico to Argentina.

Буудайыктар (лат. Harpia) — бүркүттөрдүн бир уруусу, булардын төмөнкү түрлөрү бар:

  • таажылуу буудайык (лат. Н. harpyja)
  • маймылчыл буудайык (Pitherophaga jefferi)

Таажылуу Буудайык (лат. Н. harpyja)[2][түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таажылуу буудайык - сакталып калган бүркүттөрдүн эң ирилеринин жана күчтүүлөрүнүн бири. Буудайыктын денесинин узундугу 90-110 см. Канаттарынын чалгыны 2 метрге чейин жетет. Ургаачысынын салмагы 7,5-9 кг, эркектери 4-4,8 кг. Буудайыктын аркасы (жону) каралжын боз түстүү. Башынын түсү боз, көздөрү каралжын келип чоң болот, тумшугу салыштырмалуу кичине, бирок күчтүү, төбөсүндө кара чалгын таажысы бар. Башынан ылдый тарткан көгүш-бозомтук түс, алкымына келгенде агыш тартып, андан ылдый боору жана канаттары каралжын, ичи ак, буутары кара-чаар болот. Ыкыстаганда таажысы тик туруп калат. Жаш куштардын таажысынын түсү ачыгыраак болот. Буттары шадылуу жана абдан кубаттуу болуп чоң салмакты көтөр алат. Манжаларында курч узун кара тырмактары бар.

Таралыш аймагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул ири бүркүт Борбордук жана Американын тропикалык токойлорунда жана түздүктөрүндө Мексикадан Бразилияга чейинки аймакта жашашат.

Элдик фольклордо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буудайык - кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында куштардын төрөсү, алп бүркүт катары сүрөттөлөт.

Элдик макалда "Ит төрөсү -Кумайык, куш төрөсү - Буудайык" - деп айтылат.

Семетей эпосунда

"Буудайык конду туурума, Талпына күндү чүмкөдү. Булуту жок апачык, Карартып күндү бүркөдү." (Ж.Мамай)

Молдо Кылычтын "Буудайык" дастанында кыргыз саятчы мүнүшкөр буудайык кармап таптагыны сүрөттөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Harpia harpyja. IUCN Red List of Threatened Species. Version 2012.1. International Union for Conservation of Nature (2012). Текшерилген күнү 16 -июль (теке) 2012.
  2. Орус тилиндеги Уикипедиядан алынды