Бaрселонa (футбол клубу)

Wikipedia дан
Испaния желеги Барселона
Клубтун эмблемасы
Толук
аталышы
Футболдук клуб «Барселона»
(англ. Futbol Club Barcelona)
Лакап аттары Azulgranas, Barça, Blaugranas ,Culers
Негизделген 1899-жылы, 29-ноябрь(113 жыл)
Стадиону Камп Ноу, Барселона
Мелдеш Примера
2012/13 Учурдагы жеңүүчү Чемпион
Форма
Негизги
формасы
Форма
Коноктук
формасы
Форма
Резервдик
формасы
Soccerball current event.svg Кезектеги мезгил


Барселона футболдук клубу (ФК) (исп. Fútbol Club Barcelona) жана (Калып:Lang-ca), Испаниянын Каталония аймагындагы Барселона шаарынын футбол клубу. 1988-жылы Хоан Гампердин демилгеси менен Швейцария, Англия жана Испаниялык бир топ тарабынан курулган. Каталония аймагынын өкүлү катары эсептелген бул клуб "Més que un club" б.а. клубдан да чоң бир жамаат деген ураанды карманат. Барса гимни ("Cant del Barça") Хосеп Мария Эспинас тарабынан чыгарылган.

Кaмп Ноу, Европaнын эң ири стaдиону, 30-октябрь 2005


Барселона Испания жогорку лигасынан (исп. La Liga) түшпөгөн үч клубдан бири, ошондой эле Реал Мадрид экөө Испаниянын эң ийгиликтүү эки клубу. 1928-жылы курулган лиганын 1929-жылдагы тунгуч чемпиону. 2012-жылга чейин Испанияда жыйырма бир жолку Ла лига, жыйырма беш жолку Испания кубогу, он жолку Испания супер кубогу, төрт жолку Ева Дуарте кубогу жана эки жолку Лига кубогу чемпиону. Он бир Европа жана төрт эл аралык кубоктордун жеңүүчүсү. 4 жолу Чемпиондор лигасын утуп алган. 1955-жылдан бери УЕФА аренасында бет алышып келет.

Клуб 2009-жылы, катышкан бардык 6 турнирди тең жеңип алган тунгуч клуб. Чемпиондор лигасы, УЕФА супер кубогу, Ла лига, Испания кубогу, Испания супер кубогу жана ФИФА дүйнө клубдары кубогуна ээ болду. Клубдун стадиону Камп Ноу жана күйөрмандары "кулес" (Culés) деп аталат, дагы бир аты "ултрас барсас". Испаниянын өкмөт башчысы Хосе Луис Родригез Запатера да Барселона күйөрманы.

Барселонага караштуу футбол боюнча Барселона В (FC Barcelona B) жана жаш өспүрүмдөр клубу Барселона С (FC Barcelona C), ошондой эле спорттун башка түрлөрү боюнча баскетбол, гандбол, ролик хокейи жана футзал командары бар.

Тотал футбол[оңдоо]

Тотал футболду 1974төгү дүйнөлүк кубокто Голландиялык Йохан Кройф дүйнөгө тааныткан. Негизинен 4-3-3 тактикасы менен ойнолот. 1970-80-жылдары ар бир оюнчунун орун алмаштырып ойношуна жана көбүнчө жеке бир адамдын мүмкүнчүлүгүнө таянса, азыркы футбол болсо оюнчулардын өзүнүн ордунда калып бир эле паска таянган команда оюну менен ойнолот. Кройф 1988-жылы Барселонага машыктыруучу болгондон соң ушул системаны киргизгени аракет кылат. Барселона өзүнүн aлгaчкы Чемпиондор лигасы кубогун 1992-жылы Кройф маалында жеңген. 2003-жылы башка Голландиялык Франк Рийкард келгенден кийин бул система кайрадан киргизилет. 2008-жылы Барселонанын эски оюнчусу клубга машыктыруучу болуп келип бул системанын туу чокусуна жетет. Ошондо 2009да клуб алты кубок жеңет.

Ийгиликтери[оңдоо]

Испaния[оңдоо]

Жеңүүчү (21): 1928-29, 1944–45, 1947–48, 1948–49, 1951–52, 1952–53, 1958–59, 1959–60, 1973–74, 1984–85, 1990–91, 1991–92, 1992–93, 1993–94, 1997–98, 1998–99, 2004–05, 2005–06, 2008-09, 2009-10, 2010-11
Жеңүүчү (25): 1909–10, 1911–12, 1912–13, 1919–20, 1921–22, 1924–25, 1925–26, 1927–28, 1941–42, 1950–51, 1951–52, 1952–53, 1956–57, 1958–59, 1962–63, 1967–68, 1970–71, 1977–78, 1980–81, 1982–83, 1987–88, 1989–90, 1996–97, 1997–98, 2008–09
Жеңүүчү (10): 1983, 1991, 1992, 1994, 1996, 2005, 2006, 2009, 2010, 2011
Жеңүүчү (2): 1982–83, 1985–86

Европa[оңдоо]

Бaрселонa футболчулaры 2008-09 УЕФA чемпиондор лигaсын жеңген учур
Жеңүүчү (4): 1991-92, 2005-06, 2008-09, 2010-11
Жеңүүчү (4): 1978-79, 1981-82, 1988-89, 1996-97
Жеңүүчү (3): 1955-58, 1958-60, 1965-66
Жеңүүчү (4): 1992, 1997, 2009, 2011
Жеңүүчү (2): 1949, 1952

Дүйнө[оңдоо]

Жеңүүчү (2): 2009,2011

Тиркемелер[оңдоо]