Ветеринариялык санитария боюнча бүткүл союздук илим изилдөө институт

Википедия дан

Ветеринариялык санитария боюнча бүткүл союздук илим изилдөө институту - 1955-ж. Москвада уюштурулган. 20га жакын лабор-ясы, Тюменде филиалы, Терно­поль, Воронеж ш-ларында, Грузияда башкы пункттары, «Милет» тажрыйба-өндүрүш чарбасы бар.

Ингт мал чарба дезинфекциясы, дезинсекциясы ж-a дератизациясы, малдын уукмасы, вет.-санитариялык экспертиза, вет. санитарияны механикалаштыруу, зоо­гигиена б-ча ил. иш жүргүзөт. Мал­дын азык-түлүгүн, короо-сарайын де- зинфекциялоо, дератизадиялоо үчүн жаңы препараттар чыгарат, аларды колдонуу ыкмаларын иштеп чыгып, өндүрүшкө киргизет. Ин-т СССРдеги вет. санитария б-ча ил. иштерге же­текчилик кылат. Аспирантурасы бар. Жыл сайын «Труды. Проблемы вете­ринарной санитарии» деген ил. жур­нал чыгарат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.