Ворсянкалар

Википедия дан
Dipsacus fullonum.

Ворсянкалар (лат. Dipsacus L.) — эки үлүштүүлөр классындагы тукум; бир, эки же көп жылдык чөп өсүмдүктөр.

Жөнөкөй же татаал жалбырактары сабакта тушташ жайгашкан. Топ гүлү — башча. Гүлдөрү эки жыныстуу. Мөмөсү — урукча. Ворсянкалардын жер жүзүндө 8—10 уруусу, 250дөй түрү белгилүү, алар Кытайда, Японияда, Чы­гыш Африкада таралган. КМШ жана Орусия мамлекеттеринде 7 уруусу, 70тен ашуун түрү, Кыргызстанда 3 уруусу, 10 түрү бар. Айрым түрлөрүндө алкалоиддер, сапониндер жана жыпар жыттуу майлар болот.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.