Гедель, Курт
| Kurt Friedrich Gödel | |
| Туулган жылы: | |
|---|---|
| Туулган жери: |
Брюнн, Австро-Венгрия; азыркы Брно, Чехия |
| Каза болгон жылы: | |
| Каза болгон жери: |
Принстон(Нью-Джерси), АКШ |
| Илимий чөйрөсү: |
Математика |
| Иштеген жери: |
Перспективдүү изилдөө институту |
| Альма-матер: |
Вена университети |
| Илимий жетекчиси: | |
| Белгилүү болгондугу: |
Толук эместик теориясынын автору |
| Белгилүү болгондугу: |
Толук эместик теориясынын автору |
| Сыйлыктары |
|
| Кол тамгасы | |
Курт Фридрих Гедел ((нем. Kurt Friedrich Göde; l1906–1978) – австриялык логик жана математик.
Веналык ийримдин катышуучусу. Гедель математикалык логиканын, көпчүлүк теориясынын, моделдердин теориясы боюнча бир катар зор маанилүү натыйжаларга жетишкен. Алардын ичинде предикаттардын кууш эсебинин толуктугу жөнүндө теорема, математиканы арифметизациалоо методу, көпчүлүк теориясынын бир катар маанилүү гипотезаларынын карама-каршы эместигин далилдөө ж. б.
Геделдин эң атактуу теоремасы –бул формалдык системалардын толук эместиги жана карама-каршылыксыздыгы.
- Биринчи теоремасы боюнча, эгер арифметикалык формалдык системада карама-каршылык болбосо анда ал толук эмес.
- Экинчисине төмөнкү пикир ылайык: эгер формалдык система карама-каршылыксыз болсо, анда анын карама-каршы эместигин системанын ичинде формалдуулашкан каражаттар менен далилдөө мүмкүн эмес.
Бул теоремаларга математикалык логиканын, далилдөө теориясынын алкагында жана ошондой эле методологиялык жана гносеологиялык мүнөздөгү бүтүмдөрдүн көпчүлүгү негизделет.
Колдонулган адабияттар [оңдоо]
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8