Гносеология

Википедия дан

Гносеология (грек. qnosis – билим жана logos – сөз, окуу) – тааным теориясы же философиялык теориянын маанилүү бөлүгү, адамдын турмушту аңдап билүү жөндөмү, таанымдын ыкмасы, булагы, формасы, чындык жана ага жетүү жөнүндө окуу.

Бул терминди Кант киргизген. Гносеологиянын акыркы аракети философиянын негизги маселесин ар кыл түрдө чечүү болуп саналат. Материалисттик Гносеология тышкы дүйнөнүн объективдүүлүгүн жана аны таануу мүмкүнчүлүгүн баамдоодон келип чыгат.

Идеалиалисттик Гносеология болсо дүйнөнү таанып-билүү мүмкүнчлүгүн жокко чыгарат. Материалисттик диалектика гана табияттын, коомдун жана ойломдун жалпы өнүгүү мыйзам ченемин чечкен илимий тааным теориясы болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]