Гендердик стереотиптер

Википедия дан
Көк-Жаңгак, 1957-жыл. Шахтада иштөө эркектердин иши деп кабыл алынат, бирок шахтёрчу аялдар дайыма болгон.

Гендердик стереотиптер – ар кандай жыныстагы өкүлдөрдүн, биринчи кезекте эркектер менен аялдардын өзгөчөлүктөрү жана жүрүм-туруму жөнүндө коомдук калыптанган түшүнүктөр. Гендердик стереотиптер коомдогу аял-эркектин ролу жөнүндө түшүнүктөр менен тыгыз байланышта жана ал ролдордун бекемделишин жана жайылышын камсыз кылат. Атап айтканда, гендердик стереотиптер гендердик теңсиздикке өбөлгө түзүп турат.

Гендердик стереотиптердин мазмуну жана таралышы ар кандай маданияттарда жана тарыхый доорлордо түрдүү болот. Бирок айрым маданияттар аралык окшоштуктар бар. Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, гендердик стереотиптер жалпысынан чындыкка дал келбейт, бирок алардын коомдогу жайылуусуна  сырттан келген маалыматты тандап кабыл алууда жана чечмелөөдө адамдын бурмаланган когнитивдик ой- жүгүртүүлөрү түрткү болот.

Жалпы маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гендердик ролдор кесип тандоого чоң таасир тийгизет. Бул эки жыныстын тең мүмкүнчүлүктөрүн азайтат.

Социалдык ролдордун теориясына таянсак, гендердик ролдордун жаралышы менен гендер боюнча бурмаланган ишенимдер кошо пайда болгон. Ал эми гендердик ролдор коомчулук тарабынан адамдын жынысына карай тийиштүү жүрүм-турумду ыйгарып коюу болуп саналат.[1] Тактап айтканда, ар кайсы гендердин өкүлдөрүнүн аткарып жаткан иштерине көз салып турган адамдар аларды кескин түрдө айырмаланат деген чечимге келет.[2]  Ошол эле учурда гендердик стереотиптер гендердик ролдорду сактоо механизми катары кызмат кылат: тигил же бул жыныска тиешелүү уникалдуу сапаттар жана айырмалоочу белгилер бар деген ишенимдер тиешелүү гендердик ролго ылайык адам өзүн алып жүрүү керек деген түшүнүктү жаратат.[3]

Гендердик стереотиптерди изилдөөчүлөр өз эмгектеринде батыш маданиятына мүнөздүү болгон гендердик түшүнүктөргө таянуу менен иш алып барышат. Ошондуктан, стереотиптер боюнча адабияттарда адатта эркек менен аялдын милдеттери тууралуу иликтөөлөр орун алат. Бирок мындай бинарлык гендердик система өзүнүн  универсалдуу эмес экендигин көрсөттү: мисалы, дүйнөнүн көптөгөн маданияттарында экиден ашык салттуу гендердик ролдор бар жана гендердик ролдун өзгөрүшүнө жол берилет,[4][5] ал эми кээ бир өлкөлөрдө салттуу гендер түшүнүгү коомдук жашоо үчүн маанилүү эмес.[6]

Гендердик стереотиптердин мааниси жана маданий көп түрдүүлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Соңку заманда гендердик ролдор анча катуу болбой баратканы байкалууда.

Гендердик стереотиптердин ар түрдүү маданияттарда бир аз окшоштуктарын кезиктирүүгө болот. Мисалы, 25 өлкөдөн келген студентти сурамжылаган изилдөөлөргө ылайык, тиешелүү маданияттарда эрдик, көз карандысыздык, күч, бийликке жана үстөмдүккө умтулуу көбүнчө эркектерге, ал эми  назиктик, көз карандылык, кыялкечтик, эмоционалдык, баш ийүүчүлүк жана алсыздык сапаттар аялга мүнөздүү деп эсептелинет.[7] Башка жагынан алганда, ошол эле изилдөө жалкоолук, текебердик, мактанчаактык жана тартипсиздик сыяктуу сапаттар  бардык жыныстарга бирдей таандык болорун белгилейт. Мындан тышкары, гендердик дифференциация (биологиялык жынысына карай аял-эркекти бөлүп кароо) көрүнүшүндө да айырмачылык табылган: атап айтканда, Германияда жана Малайзияда изилдөөчүлөр күчтүү дифференциацияны, ал эми Индия менен Шотландияда аял-эркек деп бөлүү процесси анча байкалган эмес.[7]

Гендердик стереотиптер тигил же бул коомдо кабыл алынган гендердик ролдорго көз каранды болгондуктан, алардын мазмуну жана басымдуулугу ар түрдүү маданияттарда ар кандай болушу мүмкүн. Ушул эле стереотиптер коомдогу гендердик ролдордун өзгөрүүсү менен бирге өзгөрүүлөргө дуушар болушу да ыктымал. Мисалы, XIX-кылымдын аягында гезиттерди басып чыгаруу үчүн линотип (типографиялык машинкалардын бир түрү) колдонулуп баштаган.  Басмаканадагы эркек жумушчулар жумуш берүүчүлөр аялдарды линотипти тейлөөгө жалдабашы үчүн (анткени эркектерге караганда аялдарга азыраак акча төлөнчү)  мындай жабдуулар менен иштөөгө жана басмакана ишине аялдар жөндөмсүз экенин айтып чыгышкан. Натыйжада, бул жумуштун түрүнө аялдар кабыл алынбай келген. Бирок кийинчерээк машинкалардын жайылышы менен дал ушул аялдар массалык түрдө машинистка болуп иштей башташкан жана алар тамгаларды терүү жөндөмдүүлүгү боюнча алдыга эч кимди салдырышкан эмес. Ал гана эмес, 1970-жылдары компьютердик терүү линотиптин ордун алмаштырганда да, бул тармак аялдардын  башкаруусуна өткөн.[8] Батыш коомдорунда  аялдар табигатынан техника менен иштөөгө жөндөмсүз деген стереотиптер Экинчи Дүйнөлүк Согуш маалында маанисин жоготкон.[8] Анткени өндүрүштө аялдар эркектерди жапырт алмаштырып, эркектерден техниканы иштетүү жагынан эч кандай  кем эместигин далилдешкен. Экинчи жагынан, кээ бир изилдөөчүлөр белгилегендей, аялдардын жаратылышынан өндүрүштө иштөөгө жараксыздыгы жөнүндөгү калыптанган пикирлер көп айтылган. Бирок эмнегедир мындай маанидеги стереотиптер сырттагы жумушу менен үй жумуштарын айкалыштырган жумушчу табындагы аялдарга карата колдонулган эмес.[9]

Гендердик стереотиптер жана илимий изилдөөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гендердик айырмачылыктар көптөн бери түрдүү илимий чөйрөдөгү окумуштуулардын көңүлүн буруп келет. Узак убакыт бою гендердик айырмачылыктарды изилдеген изилдөөчүлөрдүн негизги максаты - гендердик стереотиптерди илимий жактан далилдеп берүү жана ошону менен учурдагы гендердик ролдор үчүн ынанымдуу негиздеме берүү болуп келген.[2] Бирок жалпысынан алганда, окумуштуулардын бул багыттагы максаттары ишке ашкан жок десек жаңылышпайбыз. Анткени көпчүлүк изилдөөлөр эркектер менен аялдардын ортосундагы айырмачылыктарга караганда алда канча көп окшоштуктарды табышат, ал эми аныкталган анча чоң эмес айырмачылыктар көбүнчө социалдык мүнөзгө ээ болушат. Мисалы, гендердик ролдоруна толук ылайык деп эсептелген эркектер аялдардан айырмаланып, өздөрүн сезимтал деп эсептешпейт.  Бирок физиологиялык жана мимикалык өлчөнгөн реакциялары көрсөткөндөй, эркектер менен аялдардын ортосундагы  эмпатикалык сезимдеринде эч кандай айырмачылыктар табылган эмес.[10] Башка изилдөөлөр көрсөткөндөй, эркектер да аялдардай эле ачуулануу, кайгы жана коркуу сезимдерин баштан кечиришет, бирок ачуусун сыртка чыгарышканы менен, башка терс эмоцияларын ичине катышат, ал эми аялдар болсо, тескерисинче, сабыр кармап, бирок кайгылануу жана коркуу сезимдерин ачыкка чыгарышат.[2]

Гендердик стереотиптер жана гендердик теңсиздик[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гендердик стереотиптер "айнек шыптын" негизги себеби. 2016-жылы саясатта эч тажрыйбасы жок Д. Трамптын жеңиши АКШнын аял президентке даяр эместигин көрсөттү.[11]

Башка социалдык стереотиптер сыяктуу эле гендердик стереотиптер да социалдык, тактап айтканда гендердик теңсиздикти актоо милдетин аткарат.[12] Мисалы, аялдарды жумшак болууга үндөгөн жана алардагы агрессивдүүлүктү,  чечкиндүүлүктү айыптаган гендердик стереотиптер “айнек шып” (аялдарга салыштырмалуу, эркектердин карьерасынын жолтоосуз жогорулашы) деп аталган эффектти жаратып, жумуш ордунда аялдарды басмырлоого өбөлгө түзөт.[13] Көптөгөн стереотиптер аркылуу аялдарга сезимталдык, интуитивдүүлүк жана камкордук сыяктуу позитивдүү сапаттар ыйгарылып келет.  Бирок айрым бир авторлор белгилегендей, мындай стереотиптерге бай маданияттарда бул сапаттар эркектерге таандык болгон рационалдуулук жана активдүүлүк сапаттарынан төмөн бааланат.[14] Ошентип, гендердик стереотиптер андроцентризмге, б.а.  эркектерди норма катары, ал эми аялдарды ага төп келбеген объект катары караган көз караштарга жол ачат.[15]

Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, гендердик стереотиптерди жана гендердик ролдорго карата салттуу көз караштарды карманган эркектер үй-бүлөлүк зомбулукка жана аялдарга карата сексуалдык зомбулукка жөндөмдүү келишет.[16][17] Анткени алар  эркектерге таандык  болуп саналган  бийликке умтулуу, баарын көзөмөлгө алуу сыяктуу сапаттарга ээ болушат жана мындай мүнөздүү эркек зомбулукка жол берет.[18]

Гендердик стереотиптер белгилүү бир жагдайлардан улам күчтүү позицияда боло албаган эркектерге да зыян келтирет. Мисалы, сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган эркектер гендердик стереотиптердин басымынан улам, жардамга сейрек кайрылышат. Алар көмөк сурап кайрылышкан күндө да тийиштүү жардам ала алышпайт, анткени медициналык адистер жана юристтер эркектер мындай жабыркоого кабылышы мүмкүн эмес деп эсептешет.[19]

Гендердик стереотиптер жана когнитивдик бурмалоолор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Когнитивдик бурмалоолор – бул дисфункционалдуу ишенимдерден келип чыккан ой жүгүртүүдөгү катачылыктар. Гендердик стереотиптер төмөнкү бурмаланган ишенимдер аркылуу жаралат - атап айтканда, адилеттүү дүйнөгө болгон ишеним, корреляция иллюзиясы, жеткиликтүү маалыматтар каскады жана алдын-ала айтылган “олуялык”.

Адилеттүү дүйнөгө  ишеним[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адилеттүүлүккө ишенүү - бул дүйнөдө болуп жаткан нерселердин баары адилеттүү деп эсептөө. Мисалы, “оорчулукту башынан өткөргөн адамдар өздөрү ага татыктуу же аларды өздөрү жаратат” деген ишенимдин негизинде когнитивдик бурмалоолор жаралат. Адилеттүү дүйнөгө болгон ишеним көптөгөн гендердик стереотиптердин курамдык бөлүгү болуп саналат. Бул ишеним боюнча, эркектер менен аялдардын айрым сапаттары же социалдык ролдору алардын биологиялык табиятына жараша ыйгарылат.[20] Мындай механизм табиятка шылтоолоп, гендердик теңсиздикти адилетсиздик катары эсепке албай, аны актоого мүмкүндүк берет.[2]

Корреляция иллюзиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Корреляция иллюзиясы –  реалдуулукта  байланышы бар экенин ырасталбаса да, эки кубулушту өз ара байланыштыруу. Адамдар гендер менен айрым сапаттардын байланышы бар деп билишет.  Белгилей кетсек, биз гендердик стереотиптеги  тастыкталган фактыларга сөзсүз түрдө көңүл бурабыз, бирок аларга карама-каршы келген маалыматты байкабай калышыбыз мүмкүн

Ошондой эле, чектелген сандагы мисалдардан тыянак чыгаруу жана толгон мисалдардын ичинен эң начарын эстеп калуу тенденциясы да аталган иллюзияны түзүшү мүмкүн.[21] Бул  көп кездешүүчү реалдуу турмуштук учурларга караганда сейрек бирок урунттуу учурларга көбүрөөк  көңүл буруу жөндөмдүүлүк -  “базалык баа берүүдөгү ката” түшүнүгү менен байланыштуу болот. Базалык ката гендердик стереотиптерди сактап калуу үчүн иштейт, мисалы,  унаа айдаган аялдарды жаман айдоочу деп эсептеген адам эреже бузбаган көп сандагы айдоочу аялдарга көңүл бурбайт. Бирок эреже бузган бир аялды көрүп, бул окуя менен жогоруда сөз кылган стереотип ал адамда бекемделип калат.[2]

Жеткиликтүү маалымат каскады[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеткиликтүү маалымат каскады – бул коомдук талкууларды кайталап көрсөтүүнүн натыйжасында кандайдыр бир нерсеге болгон жамааттык ишенимдин бекемделиши. ЖМКларда гендердик стереотиптер тууралуу маалыматтар тынымсыз берилип турат.[22] ЖМКлар да көп учурда гендердик айырмачылыктар боюнча илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын бурмалап беришет. Мисалы, табылган гендердик айырмачылыктарды көбүртүп-жабыртып айтышат, бирок изилдөөлөр айырмачылыктарды эмес, гендер аралык окшоштуктарды көбүрөөк ачып жаткандыгы жөнүндө маалымат беришпейт.[23][24]  Бул гендердик стереотиптердин өзгөрүлгүс жана айкын чындык катары кабыл алынышына өбөлгө түзөт.[2]

Алдын-ала айтылып-аткарылган “олуялык»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алдын-ала айткан “олуялык” – бул кырдаалга туура эмес аныктама берүү, мунун натыйжасында жаңы жүрүм-турум пайда болуп, ал баштапкы жаңылыштыкты чындыкка айлантат. Гендердик стереотиптер көбүнчө ишке ашуучу “олуялык” катары иштейт. Мисалы, изилдөөлөр көрсөткөндөй, ата-энелердин гендердик стереотиптери балдарынын жөндөмдүүлүктөрүн жана жетишкендиктерин бурмалап кабыл алууга, андан тышкары балдардын өздөрүн да ошондой кабыл алууга мажбурлайт.[25] Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул балдардын өз максаттарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн чектеши мүмкүн.

Иш берүүчүлөрдүн гендердик стереотиптеринин кесепеттеринен улам, (мисалы,  жеке сапаттары боюнча аялдар лидерлик кызматка ылайыктуу эмес деген ишеними)  аялдарга өз жөндөмүн көрсөтүүгө жана кошумча тажрыйба алууга мүмкүндүк бербеген иштер тапшырылат.[26]

Гендердик стереотиптерди  изилдөө тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Батыш социологиясында гендердик стереотиптер көйгөйүнө болгон кызыгуу 1970-жылдары пайда болгон жана бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Гендердик стереотиптердин табияты, мазмуну боюнча алгачкы олуттуу эмгектердин бири И.Броверман жана анын кесиптештеринин изилдөөсү болгон. Ал гендердик стереотиптердин андроцентризм гипотезасын эмпирикалык түрдө тастыктаган.[27] Кийинки ондогон жылдар аралыгында гендердик стереотиптердин ар кандай аспектилерин иликтеген монографиялар жана макалалар пайда болду.[28][29][30]

Ал эми советтик илимде гендердик стереотиптер темасына биринчилерден болуп психологдор кайрылышкан. 1980-жылдары эркек менен аялдын сапаттары жөнүндө стереотиптик көз караштардын көйгөйлөрүнө арналган бир катар эмгектер пайда болгон. Советтик психологдор батыштык кесиптештеринин болгон тажрыйбасын изилдеп чыгышкан, бирок ошол учурда алар өздөрүнүн “секс-ролдук стереотиптер” деген терминин колдонушкан.[31][32]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Eagly, A. Sex Differences in Social Behavior: A Social-role interpretation. (англ.) — Psychology Press, 2013. — ISBN 9781134931149.
  2. 2.0 2.1 2.2 2.3 2.4 2.5 Shawn M Burn, The Social Psychology of Gender. (англ.) —McGraw-Hill Humanities/Social Sciences/Languages; 1st edition (August 1, 1995)
  3. Williams, J. E., Best, D. L. Sex stereotypes and intergroup relations (англ.) // Psychology of intergroup relations / Austin, W. G., Worchel, S.. — Burnham Inc Pub, 1986. — С. 244-259.
  4. Nanda, Serena. Gender Diversity: Crosscultural Variations. (англ.) — Waveland Pr Inc, 1999. — ISBN 978-1577660743.
  5. Roscoe, Will. Changing Ones: Third and Fourth Genders in Native North America. (англ.) — Palgrave Macmillan, 2000. — ISBN 978-0312224790.
  6. Oyewumi, Oyeronke. Conceptualizing gender: the eurocentric foundations of feminist concepts and the challenge of African epistemologies (англ.) // Jenda: a Journal of Culture and African Woman Studies. — 2002. — Т. 2. Текшерилген күн: 07.03.2023.
  7. 7.0 7.1 Williams, J. E., Best, D. L. Measuring sex stereotypes: A multination study. (англ.) — Sage Publications, 1990.
  8. 8.0 8.1 Lorber, J. Separate and not equal: the gendered division of paid work (англ.) // Paradoxes of gender. — Yale University Press, 1994. — ISBN 9780300064971.
  9. Hooks, Bell. Rethinking the Nature of Work (англ.) // Feminist Theory: From Margin to Center. — Pluto Press, 2000. — ISBN 9780745316635.
  10. Eisenberg, Nancy, Lennon, Randy. Sex differences in empathy and related capacities (англ.) // Psychological Bulletin. — 1983. — Т. 94, № 1. — С. 100-131. Текшерилген күн: 07.03.2023.
  11. Abby Corrington, Michelle Hebl (14 .02.2018) America clearly is not ready for a female president: why? Equality, Diversity and Inclusion. ( (англ.) ISSN: 2040-7149 Текшерилген күн: 26.04.2023.
  12. Bakanic, Von. Prejudice: Attitudes about Race, Class, and Gender. (англ.) — Pearson/Prentice Hall, 2008. — С. 27-32. — ISBN 9780130453303.
  13. Heilman, M. Description and Prescription: How Gender Stereotypes Prevent Women’s Ascent Up the Organizational Ladder (англ.) // Journal of Social Issues. — 2001. — Т. 57, № 4. — С. 657–674.
  14. Hartsock, N. The feminist standpoint: Developing the ground for a specifically feminist historical materialism // Feminism and Methodology: Social Science Issues / Harding, S.. — Indiana University Press, 1987. — ISBN 9780253204448.
  15. Hegarty, P., Buechel, C. Androcentric Reporting of Gender Differences in APA Journals: 1965–2004 // Review of General Psychology. — 2006. — Т. 10, № 4. — С. 377–389.
  16. Santana, C., et al. Masculine Gender Roles Associated with Increased Sexual Risk and Intimate Partner Violence Perpetration among Young Adult Men // Journal of Urban Health: Bulletin of the New York Academy of Medicine. — 2006. — Т. 83, № 4. — С. 575-585.
  17. Panel on Research on Violence Against Women, Division of Behavioral and Social Sciences and Education, National Research Council, Commission on Behavioral and Social Sciences and Education. Understanding Violence Against Women. — National Academies Press, 1996. — 225 p.
  18. Роден М., Абарбанэл Г. Как это бывает. Сексуальные преступления и изнасилование Archived 2022-12-08 at the Wayback MachineМ.: ЭТИПАК, 2011.
  19. Donnelly, D., Kenyon, S. “Honey, We Don't Do Men” Gender Stereotypes and the Provision of Services to Sexually Assaulted Males // Journal of Interpersonal Violence. — 1996. — Т. 11, № 3. — С. 441-448.
  20. Бем С. Линзы гендера. Трансформация взглядов на проблему неравенства полов. — Российская политическая энциклопедия, 2004. — ISBN Российская политическая энциклопедия.
  21. Fiske, S., Taylor, S. Social Cognition: From Brains to Culture. — SAGE Publications Ltd, 2013. — ISBN 978-1446258156.
  22. Ажгихина Н. Гендерные стереотипы в современных масс-медиа // Женщины: свобода слова и творчества: сборник статей. — М.: Эслан, 2001. — С. 5-22.
  23. Tavris, C. The Mismeasure of Woman. — Touchstone, 1993. — ISBN 978-0671797492.
  24. Unger, R. K., Crawford, M. E. Women and gender: A feminist psychology. — Temple University Press, 1992. — ISBN 9780070659254.
  25. Jacobs, J. E., Eccles, J. S. The impact of mothers' gender-role stereotypic beliefs on mothers' and children's ability perceptions // Journal of personality and social psychology. — 1992. — Т. 63, № 6. — С. 932-944.
  26. Kanter, R. M. The impact of hierarchical structures on the work behavior of women and men // Social Problems. — 1976. — № 23. — С. 415-430.
  27. Broverman, I. K., et al. Sex‐Role Stereotypes: A Current Appraisal // Journal of Social issues. — 1972. — Т. 28, № 2. — С. 59-78.
  28. Basow, S. A. Gender: Stereotypes and Roles. — Pacific Grove, 1992. — ISBN 0-534-12120-9.
  29. eaux K., Lewis L. L. Structure of Gender Stereotypes: Interrelations among Components and Gender Label // Journal of Personality and Social Psychology. — 1984. — Т. 46, № 5. — С. 991-1004.
  30. Ashmore R. D., Del Boca F. K., Wohlers A. J. Gender Stereotypes // The Social Psychology of Female-Male Relations: A Critical Analysis of Central Concepts / Ashmore, R. D., Del Boca, F. K.. — Academic Press, 1986. — ISBN 9780120652808.
  31. Агеев В. С. Психологические и социальные функции полоролевых стереотипов // Вопросы психологии. — 1987. — № 2.
  32. Репнина Т. А. Анализ теорий полоролевой социализации в современной западной психологии // Вопросы психологии. — 1987. — № 2.