Геоцентризм

Википедия дан

Геоцентризм – (грек. ge – жер жана лат. centrum – борбор) – дүйнөнүн геоборбордук системасы күн системасы жана ааламдагы жердин борбордук абалы жөнүндө окуу.

Геоцентризм боюнча ай гана эмес, планеталар, күн жана жылдыздар да бирдиктүү борбор катары жердин айланасында айланат, бул күнүмдүк байкоолорго дал келет. Пифагордун мезгилинен бери философиялык жана илимде дүйнөнүн гармониясы жөнүндө түшүнүк бекемделип келет. Платон астрономиянын милдети жетиле элек көрүнгөн кыймылдарды изилдөө деп эсептеген. Бул маселени Аристотель жана Птолемей да чечишкен. Геоцентризмдин чокусу эсептелген Птолемейдин системасы боюнча планеталар тегерек орбиталар боюнча жылышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8