Гольбах, Поль Анри

Wikipedia дан
Ансельм Кентерберийский

Поль Анри Гольбах (1723—1789) — эң ири француз философу.

Кыскача өмүр баяны[оңдоо]

Ал Германияда туулган, анын чыныгы ысмы Пауль Дитрих Тири. Гольбах деген фамилияны аны асырап алган агасынын ысмынан алган, агасы ага бир кыйла байлык калтырган. 12 жашынан Парижде жашайт. Лейден университетинен билим алат. Анын чыгармачылык ишмердиги Парижде өтөт, ал жерде салон ачып, салондун ишине ошол мезгилдин бардык алдыңкы ойчулдары катышкан. «Энциклопедиянын» ишине катышат.

«Жаратылыш системасы» чыгармасы[оңдоо]

Гольбахтын негизги чыгармасы — «Жаратылыш системасы» (1770). Мында ал өзүнүн көз карашын системаланган түрдө баяндайт. Жаратылыш бардык нерселердин себеби, деп жазат ал, «ал өз касиети менен бар болуп турат», «ал түбөлүк жашап, аракет кыла берет». «Жаратылыш кандайдыр бир буюм эмес, ал ар дайым бар болуп жашап турган, бардык нерсе анын кучагында жаралат, жаратылыш — бардык материалдар менен жабдылган зор өнөркана, өзүнүн иш-аракетинде пайдалана турган аспап-куралдарды өзү жасайт, ал жасап чыгарган бардык нерселер анын энергиясы менен күчүнүн же ал өзүндө камтып, жаратып жана ишке киргизип турган себептердин продуктусу».
Бардык ушул философиялык корутундулар — XVIII кылымдагы табият билимдеринин жетишкендиктеринин натыйжасы, анткени билими боюнча химик катарында Гольбах бул жетишкендиктер менен жакшы тааныш болгон.
Жаратылышты түшүнүүгө Гольбах жалаң гана детерминисттик тургудан мамиле жасаган. Жаратылыш ал үчүн — себептер менен натыйжалардын кучак жеткис жана үзгүлтүксүз тутуму. Жаратылышта табийгый себептер жана натыйжалар гана жашай алат. Гольбах жаратылыштагы бардык нерселер зарыл себептердин натыйжасында гана болуп турат деп ырастайт. Кокустукту ал танган, кокустук — себептерди билбегендиктин натыйжасы деп ойлогон, муну менен ал себептүүлүктү зарылдык менен бирдей деп түшүнгөн.

Детерминизм принциби[оңдоо]

Гольбах өзүнүн детерминизм принцибин жаратылышта бардык нерсе өзгөрүп турат деген принцип менен айкалыштырат. А түгүл ал экинчисин биринчисинен алып келип чыгарат. Жаратылыштагы бардык нерсе табийгый себептердин натыйжасы болуп саналат, ошондуктан жаратылыштагы бардык нерсе өзгөрүп турууга тийиш деп эсептеген ал. Эгерде жаратылышка кыймыл мүнөздүү болсо, демек дүйнөдө универсалдык өзгөрүлмөлүк да жашап турат. Жер үстүндө тирүү жандардын пайда болушун Гольбах «өзүнөн өзү келип жаралат» деген аныктамасы менен түшүндүрөт. Жаныбарлар дүйнөсүнүн өнүгүшүнүн туу чокусу деп Гольбах адамды эсептеген.

Тааным процесси Гольбах боюнча[оңдоо]

Гольбах боюнча, тааным процесси сенсуалдык, эмпирикалык жана рационалдык элементтерден турат. Гольбах «жан өзүнүн идеяларын материалдык предметтердин биздин материалдык органдарыбызга ырааттуулук менен тийгизип турган таасирлеринин жардамы менен алып турат» [Танд. чыгарма. 1-т. 183-6.] — деп эсептеген. Таанымдын негизинде сезимдик-эмпирикалык тажрыйба жатат. Акыл-эс болсо — эң өнүккөн тааным бере турган чек. Акыл-эсти, рационалдуулукту Гольбах тажрыйба жүргүзүү жөндөмдүүлүгү, тескери натыйжаларды болтурбоо үчүн себептердин натыйжаларын алдын ала көрө билүү жөндөмдүүлүгү катарында түшүнгөн.«Акыл-эс нерселердин чыныгы жаратылышын көрсөтөт жана бизге алардын биз күтпөгөн аракеттерин түшүндүрүп берет» [Танд.чыгарм. 1-т. 332-6.].
Гольбах адамдар бүт бардык нерселерди толук биле албайт деп айтса да, ал адам таанымынын чексиздигине жана анын жаратылыштын катылып жаткан эң эле жашыруун сырларынын койнуна кире аларына ишенген.
Өзүнүн зарылдык концепциясына негизденип, Гольбах, адамдын ишмердиги катуу зарылдыкка баш иет, ошондуктан эрк эркиндигин жок деп эсептейт. «Адам өз өмүрүндө бир мүнөт да эркин боло албайт». «Жашоо дегенибиз — ишмердиктин бири-бирин зарыл түрдө алмаштырып туруучу учурларынын мезгилинде зарыл түрдө жашап туруу дегендик болот». «Биздин өмүрүбүз — жаратылыштын буйругу менен биз жер шарынын үстүнө, андан көз ирмемге да ажырабастан туруп, сыза турган чийим». Гольбахтын ушундай механикалык-детерминисттик мамилеси анын: адам — бул социалдык жан жана ал өзүндө өзүнө мүнөздүү болгон себептерди камтып тургандыктан эркин деп таанылууга тийиш экиндигин моюнга алуусу менен айкалышып турат.

Гольбах, 1766

Гольбах адам тууралуу[оңдоо]

Адамдын ишмердиги, дейт Гольбах, ички орган менен — тышкы дүйнөнүн предметтеринен таасир алып турган мээ менен башкарылат. Адамдын эрки болсо мээнин модификациясы катарында көрүнөт. Гольбах адамдын эркин ар кыл талдайт. Адегенде ал эрк нагыз биологиялык факторлор менен аныкталат деген пикирде болгон. Ал, «фанатиктин өтүндөгү ашыкча уу, басып алуучунун жүрөгүндөгү кандын оргуштаган ысык деми, кайсы бир монархтын тамак-ашты жакшы сиңире албагандыгы» социалдык катаклизмаларды пайда кылышы мүмкүн деп жазган. Бирок андан ары ал эрктин аракетинин алда канча олуттуу себептери бар деген көз карашты өнүктүрүп, ой-пикир — адамдардын жүрүм-турумунун өтө күчтүү себептери болорун моюнга ала баштайт. Ал мындай деп жазат: «улуу падышанын жүрөгүн толкундаткан (көңүлүн эргиткен) жакшы китеп бүткүл бир элдин жүрүм-турумуна зарылдык менен таасир бере ала турган эң кубаттуу себеп боло алат» [Танд. чыгарм. 1-т. 235-6.]. Бул жерде ал фатализм системасына, өз окуусунун пайдубалына каршы чыгат. «Тагдырга баш ийели» деген фаталдык чакырыкка карама-каршы, Гольбах жаратылыш биз үчүн даярдаган кырсыктарга каршы турууга чакырат.
Гольбахтын пикири боюнча жакшылык ар кандай чабалдыкка каршы ишенимдүү каражат болуп саналат. Ал мындай деп жазат: Тарбия, мыйзам, коомдук пикир, үлгү, адат, коркунуч — ушунун баары адамдарды өзгөртө турган, алардын эркине таасир тийгизип, жалпынын жыргалчылыгы үчүн кызмат кылууга мажбурлай турган, адамдардын кумарлыктарын жөнгө салып, алардын коомдун максатына зыян алып келе тургандарын четтетип туруучу себептер».

Христиан диний туралуу[оңдоо]

Христиан диний окуусунун таралышынын себебин Гольбах адамдардын караңгычылыгынан жана оор материалдык абалынан улам аларды өзүнө тартып тургандыгынан көргөн. Христианчылык «кембагалдардын дини болуп калды, ал жакыр Кудайды жарыялады, кедейлер бул динди кедейлер менен түркөйлөрдүн арасында үгүттөштү, бул дин оор абалда жашагандардын көңүлүн жубаткан, анын түнт идеялары бул аянычтуу жана бактысыз адамдардын абалына ылайык келген». Гольбах диндин толук иррационалдуулугун жана Библияга негизделген христианчылыктын кудуретсиздигин көрсөткөн. Ал, Библияда Моисейдин учурунда жок болгон шаарлардын эскерилерин жана башка карама-каршылыктардын бар экендиги жөнүндө жазат. Гольбах Беш китеп ар түрдүү убактарда ар башка адамдар тарабынан жазылган деген жыйынтыкка келет. Эски осуяттагы дүйнөнүн сүрөтү, Гольбахтын оюнча, түркөй, караңгы элди гана канааттандыра алат.



Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8