Дастан Сарыгулов

Википедия дан
Сарыгулов Дастан.

Сарыгулов Дастан [1947-ж. т., Ивано-Алексеевка (азыркы Көк-Ой) айылы] — мамлекеттик ишмер.

1970-ж. Ленинград инженер-курулуш институтун бүтүргөн.
1963—65-ж. Таластагы «Чолпон» бут кийим фирмасынын филиалында иштеген. Институтту бүткөндөн кийин 1970—72-ж. өндүрүш ишканалар комбинатынын (темир-бетон жасалгалар заводу) Таластагы филиалында смена мастери, цехтин начальниги, 1972—75-ж. өндүрүш-ишканалар комбинатынын Караколдогу филиалында башкы инженер, 1975—77-ж. Каракол механикалаштырылган көчмө колоннасынын начальниги, 1977—81-ж. Ысык-Көл облустук турак-жай коммуналык чарбасынын башчысы, 1981—86-ж. Кыргызстан КП Ысык-Көл обкомунун финансы-чарба бөлүмунүн башчысы, 1986—88-ж. Каракол шаардык аткаруу комитетинии төрагасы.
1988—90-ж. партиянын Ысык-Көл облустук комитетинин социалдык-экономика бөлүмүнүн башчысы, 1990— 91-ж. —катчысы.
1991—92-ж. адегенде Талас облустук Кеңешинин төрагасы, андан кийин Талас облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп иштеген. 1992-жылдан «Кыргызалтын» мамлекеттик концернинин президенти.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]