Деизм

Wikipedia дан

Деизм (лат. deus – кудай) – удаалаш эмес материализмдин өзгөчө формасы.

Бул термин 1564-ж. христианчылыктын үчилтиктүү кудай тууралуу негизги диний догмасын четке кагуу менен өздөрүн динчил катары көрсөтүүгө далалаттанган антитринитарийлик социниандарды мүнөздөө үчүн алгачкы жолу колдонулган. Кийинчерээк деисттер өздөрүн “табигый диндин” жактоочуларыбыз деп атай баштаган. Мындай диндин негиздөөчүсү болуп 16-кылымдагы француз философу Ж. Боден эсептелет.

1624-ж. англиялык философ Э. Г. Чербери “Акыйкат тууралуу китеп” деп аталган эмгегинде “табигый диндин” төмөнкүдөй беш негизги жобосун белгилеген:

  1. керемет күч жашайт;
  2. ага сыйынуу керек;
  3. ага сыйынуунун негизги каражаттары болуп даанышмандык жана адеп-ахлак саналат;
  4. кылмыштар менен ыймансыздык өкүнүүнү талап кылат;
  5. оомалуу-төкмөлүү жалган дүйнөдөгү өксүктөр тигил дүйнөдө толукталат.

Бул жоболорго таянуу менен, 17–18-кылымдарда Франция, Англия ж. б. европалык өлкөлөрдө көп сандаган деисттер пайда болгон. Аталган жоболорго ылайык, алар ыймандуу христиандардын мүнөзүн күтүүгө тийиш болушкан. Бирок, алардын арасында чиркөөгө, ырасмий дин окууларына кескин жана ачык мүнөздө чыккан күрөшчүл инсандар арбын эле. Алардын эң көрүнүктүүсү болуп Вольтер саналат.

Маркстык адабиятта Деизм термини кудайга ишенген, бирок, дүйнөнү илимдин рационалдуу ыкмалары аркылуу түшүнүүгө умтулган философторду белгилөө үчүн колдонулган. Анын өкүлдөрү кудайды тааныганы менен анын функцияларын кескин төмөндөтүшүп, ал функцияларды материяны жаратууга жана материяга кыймылдын алгачкы импульсун берүүгө гана алып барып такашкан. (Мисалы:, Френсис Бэкондун, ДЖон Толанддын, Бенджамин Франклиндин, Михаил Васильевич Ломоносовдун материализми).


Колдонулган адабияттар[оңдоо]