Диана Войт

Википедия дан
Диана Войт
Жеке маалыматы
Жынысы

Аял

Толук аты-жөнү

Диана Фаритовна Исхакова

Жарандыгы

 Кыргызстан

Төрөлгөн жери

Фрунзе, Кыргызстан

Бою

173 см

Diana Voit

Диана Войт (чын аты – Диана Фаритовна Исхакова) (11-сентябрь 1989, Фрунзе, Кыргызстан) – кыргызстандык спортчу, ишкер жана коомдук ишмер.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылы Диана Борис Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин юриспруденция адистигин аяктаган. 2011–2012-жылдары “Лоренц” эл аралык юридикалык фирмасында, 2012–2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын “Юриспруденция” кафедрасында окутуучу, 2014–2015-жылдары “Bishkek International School” эл аралык мектебинде юрист болуп эмгектенген.

2016-жылы ишкердикте карьерасын баштап, 2023-жылга карата Бишкекте 5 филиалы жана Алматыда 1 филиалы бар “La Letty”эл аралык эпиляция студиясы тармагын түптөгөн.[1][2][3][4][5]

2020-жылдан тартып BOSWomen[6], SELFmama, V Balance эл аралык аялдар бизнес форумдарында баяндамачы болуп келет.

2022-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин “Жылдын ишкер айымы–2022” дипломун алган.

2022-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Чыгармачыл өнөр жай ассоциациясынын мүчөсү.[7]

Жашоону системалаштыруу боюнча практикумдун автору.

С кубком Amateur Olympia India 2022
На горнолыжной базе Каракол

Спорттук карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2022-жылы 170 смге чейинки фитнес-бикини категориясында бодибилдинг боюнча Amateur Olympia India эл аралык чемпионатын жеңип алган жана алдыдагы турнирлерге профессионалдар арасында катышууга укук берген IFBB PRO лига картасынын ээси болгон.[8][9][10][11]

Лыжа тебүүнү да жакшы көрөт. 2022-жылдын январь айында Кыргызстандын туусун көтөрүп, улуттук кийимчен лыжа тепкен видеосу Кыргызстанда укмуштай популярдуу болгон.[12][13]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2014-жылы турмуш курган. 2017-жылы төрөлгөн уулдун энеси.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Женщины в бизнесе: «Все привозят франшизы с Запада, а я хочу вывести из Кыргызстана в мир». Limon.kg (29 -март (жалган куран) 2020).
  2. Диана Войт, от юриста до бизнес леди Международного масштаба. ТВ Кыргызстан (15 -январь (үчтүн айы) 2021).
  3. Диана Войт: Сеть La Letty станет первым малым бизнесом Кыргызстана, прорвавшимся за рубеж. Кактус Медиа (8 -сентябрь (аяк оона) 2021).
  4. Диана Войт - selfmade предприниматель. С нуля до международной сети студий эпиляции La Letty. Kyrgyzstan Online (6 -ноябрь (жетинин айы) 2021).
  5. 50 вдохновляющих женщин из Центральной Азии, которые оставили свой след в бизнесе, образовании, музыке и не только. WEproject Media (8 -март (жалган куран) 2023).
  6. Женщины в бизнесе: в чем секрет успеха?. UMMA (9 -март (жалган куран) 2020). Текшерилген күнү 7 Апрель 2023. Түп булактан архивделген күнү 7 Апрель 2023.
  7. Члены Ассоциации. ACI Creative. Текшерилген күнү 7 Апрель 2023. Түп булактан архивделген күнү 7 Апрель 2023.
  8. Amateur Olympia India 2022. Sheru Classic World (12 -ноябрь (жетинин айы) 2022).
  9. Diana Iskhakova. NPC News Online (6 -ноябрь (жетинин айы) 2022).
  10. Кыргызстанка победила на чемпионате по бодибилдингу в Индии. Sport.kg (7 -ноябрь (жетинин айы) 2022).
  11. Кыргызстанка, которая принесла победу нашей стране на чемпионате по бодибилдингу Joe Weider’s: Amateur Olympia India. Хит FM Кыргызстан (11 -ноябрь (жетинин айы) 2022).
  12. Кыргызстанка в национальном платье на лыжах спустилась со склона. Кактус Медиа (13 -январь (үчтүн айы) 2022).
  13. Кыргызстанка Диана Войт совершила необычный спуск со склона в Караколе. Кактус Медиа (13 -январь (үчтүн айы) 2022).