Дүйнөгө болгон көз караш

Википедия дан

Дүйнөгө болгон көз карашдүйнө жөнүндө жана андагы адамдардын орду жөнүндө, адамдын аны курчап турган чындыкка жана өзүнө болгон мамилеси жөнүндө көз караштардын системасы, ошондой эле ушул көз караштар менен шартталган адамдардын негизги турмуштук ээлеген орду жана көрсөтмөлөрү, алардын ишенимдери, идеалдары, таанып билүү жана иш-аракет принциптери, дүйнөлүк багыттары.

Дүйнөгө болгон көз караш – адамдын чындыкка болгон теориялык жана тажрыйбалык мамилелерин бирдикте карап дүйнөнү тажрыйбалык өздөштүрүү ыкмасы. Дүйнөгө болгон көз карашта маданият категорияларынын системасы – адамзат дүйнөсүнүн жалпыланган модели туюнтулат.

Философия – Дүйнөгө болгон көз карашты теориялык өнүктүрүүнүн формасы. Дүйнөгө болгон көз караштын субъектиси катары жалпысынан коомдо таптар, социалдык топ жана жеке адам реалдуу чыгат.

Дүйнөгө болгон көз караш коомдук жана жекече аң сезимдин өзөгү болуп эсептелет. Дүйнөгө болгон көз караштын негизги 3 тиби бар – турмуштук (тиричиликтик), диний жана философиялык. Турмуштук Дүйнөгө болгон көз караш жашоо-турмуштун шарттарынан жана муундан муунга өтүп келе жаткан адамдардын тажрыйбасынан түздөн түз келип чыгат. Ушул типтин категориалык түзүлүшүндө Дүйнөгө болгон көз караш дүйнө жана адам жөнүндө сергек ой жүгүртүүнүн, салттуу көз караштардын көрүнүштөрү чагылдырылат. Диний Дүйнөгө болгон көз караш дүйнөнүн адекваттуу эмес картинасын берет, табияттан тышкаркы дүйнөлүк башталышты таануу менен байланышкан жана көбүнчө эмоциялык-образдуу формада туюнтулат.

Философиялык Дүйнөгө болгон көз карашта дүйнөнү рухий жана тажрыйбалык өздөштүрүүнүн көнүгүүлөрү теориялык жактан жалпыланат. Жаратылыш жана коом жөнүндө илимдердин жетишкендиктерине таянуу менен философия дүйнөнүн жаңы категориялык моделин түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]