Жети суу

Википедия дан

Жети суу – азыркы Казакстандын түш. чыгыш, Кырг-ндын түн. бөлүгүн камтыган тарыхый-геогр. аймак.

Жети суунун атын пайда кылган 7 дарыя жөнүндө тарыхый документтерде түрдүү пикир бар. Айрым илимпоздор булардын катарына Лепси, Баскан, Саркан, Аксуу, Бүйөн, Каратал, ж-а Көксуу дарыяларын атаса, кээ бирлери Баскан, Саркан д-нын ордуна Аягөз м-н Илени кошот. Ал эми В. В. Бартольддун пикири б-ча жерг. калк Ж. деп Иленин түн. тарабындагы аймакты атап, ага Лепси, Баскан, Аксуу, Бүйөн, Кызылагаш, Каратал, Көксуу дарыялары кирген.

Чынында архивдик документтерге караганда ал Семейден 700 чакырым алыс, Алакөлдөн батышта Тентекти суусунун алабындагы аймак. 19-к-дын башында Жетисуу аймагын Улуу жүздүн султаны Сүйүк Аблайханов ээлеп турган. Кийин бул ысым Аягөз м-н Лепсинин ортосуна, 19-к-дын жарымынан Иле д-на чейин тараган. 1867-ж. Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлүп, Жетисуу облусу уюшулгандан кийин түш.-чыгыш Казакстан м-н бирге Түндүк (Карабалта суусуна чейин) ж-а Борб. Кырг-н (Фергана, Какшаал тоолоруна чейин) да Жетисуу атыгып калган. Жетисуу топоними орто кылымдардагы араб-фарсы адабияттарында кезикпейт. 14-к-дын орто ченинен тартып, 200 жыл бою бул кеңири аймак жалпы жонунан Жете улусуна, Могулстанга (Моголстан) кирген. Аты суунун так санына (7) карата эмес, жалпы эле агын суулардын көптүгүнө жараша берилген болуу керек. Жетисуунун көп бөлүгү түзөң ж-а адырмак, каксоо (чөл, жарым чөл, талаалуу), калган жерлери тоолуу шалбаалуу токой, аска-зоо, кар, мөңгүлүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2