Жолдошбаев, Камчыбек

Википедия дан
Жолдошбаев Камчыбек

Жолдошбаев Камчыбек (6.6.1956-ж. т., Ат-Башы району, Кара-Коюн айылы) — ишкер-бизнесмен, спорт чебери.
1978-ж. Кыргызстан дене тарбия институтун бүткөн.
1979— 91-ж. Кыргызстан айыл чарба институтунда улук окутуучу, спорт клубунун төрагасы.
1992-ж. "Беш-Сары" фирмасын түзгөн жана ошондон бери анын генералдык директору. Чакан базар, автомобиль коюучу жайларды ачып иштеткен.
1994-ж. Ак-Талаа районундагы дениз деңгээлинен 3500 л бийиктикте жайгашкан Турук көмүр кенине чейинки 35 км жолду салдырып, көмүр казып ала баштаган. 1996-жылдан Кара-Кече көмүр кенинен көмүр каздырып, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын калкын көмүр менен камсыз кылууда.
1996—97-ж. кары-картан жана турмушу начар үй-бүлөлөргө кайрымдуулук ирээтинде 3000 m көмүр жардам берген.
1975—80-ж. волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасында ойногон. Волейбол боюнча Кыргыз федерациясынын президенти. Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Камчыбек Жолдошбаев: "Салымбековго бизнес жасаганды мен үйрөткөм" Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
Камчыбек Жолдошбаевге кылмыш иши козголду(жеткиликсиз шилтеме)