Жумабаев Мыктарбек Жумабаевич

Википедия дан
Жумабаев Мыктарбек Жумабаевич
Туулган датасы:

24.03.1952 жылы

Жарандыгы:

Кыргызстан

Жумабаев Мыктарбек Жумабаевич - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы электроника жана телекоммуникация институтунун «Радиоэлектроника» кафедрасынын профессору. Жумабаев Мыктарбек Жумабаевич 1952 жылы 24 мартта Ош облусунда, Кара-Суу районунда Кызыл-Суу айылында туулган. 1969-1974-жылдары Москвадагы Электротехникалык Институтунун радио инженердик адистиги боюнча билим алган.

Эмгеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1974-1979-жылдары Кыргыз ССРинин Байланыш Министрлигиндеги спутникалык жана радио релейлик байланыш станциясынын инженери болуп иштеп,

1979-1983-жылдары Москвадагы электротехникалык институттун аспирантурасында илимин тереңдетип, техника илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

1983-1989 жылдары Кыргыз ССРинин Байланыш Министрлигиндеги спутникалык жана радио релейлик байланыш станциясынын ага инженери болуп иштеген.

1989-1992-жылдары Политехникалык институттун ага окутуучусу болуп иштеп,андан кийин,

1992-1996-жылдары «Радиоэлектроника» кафедрасынын доценти жана 1996-2000-жылдары «Радиоэлектроника» кафедрасынын башчысы болуп, 2000-2011-жылдары «Телекоммуникация» бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

2011-жылдын сентябрь айынан бери И. Раззаков атындагы Мамлекеттик Техникалык Университетинин алдындагы Электроника жана Телекоммуникация институтунун «Радиоэлектроника» кафедрасынын профессору болуп иштеп келүүдө.

Жумабаев Мыктарбек - 4 аспиранттын илимий жетекчиси болуп жана 25тен ашык илимий эмгектери Кыргызстан жана чет өлкөлөрдө илимий-техникалык журналдарда жарыяланган. 30дан ашык лаборатордук жана практикалык сабактар үчүн методикалык көрсөтмөлөрү жана 2 курстук иш жана дипломдук долбоордун методикалык көрсөтмөлөрү жарыяланган. Жумабаев Мыктарбек мугалимге зарыл болгон баардык сапаттарга ээ: өзүнө жана студенттерге талап кое билүү, студенттер менен байланышууну билүү.

Сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл Агартуунун Отличниги

КРнын Билим Беруу жана Илим Министрлиги - Ардак Грамотасы

Транспорт жана Коммуникация Министрлиги – Ардак Грамотасы

КРнын Байланыш Агенттиги - Ардак Грамотасы

И.Раззаков атындагы КМТУ – Ардак Грамотасы